Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Жээнбековдун күтүүсүз чечими


«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу. 2020-жылдын 13-октябры.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу. 2020-жылдын 13-октябры.

2017-жылы 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 920 миң шайлоочунун колдоосу менен бийликке келген Сооронбай Жээнбеков үч жылдан кийин, 2020-жылдын 15-октябрында кызматтан кетүүнү чечкени боюнча маалымат чыкты.

Cооронбай Жээнбеков «Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгысы келбегендиктен, кызматтан кетүү боюнча чечимге келгенин» айтып, president.kg сайтында жарыяланган кайрылуусунда мындай деген:

«Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз кызматтан кетишимди талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышууга жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргош үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү».

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тынчтыгы бардык кызмат ордунан бийик экенин айтып, эки тарапты тең чагымга барбоого, премьер-министр Садыр Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясын коргоп турган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 2020-жылдын 15-октябры.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясын коргоп турган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 2020-жылдын 15-октябры.

14-октябрда өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаров 8-октябрдан бери Сооронбай Жээнбеков «кызматтан кетем» деп сөз бергенин айтып келет. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктап, бирок Сооронбай Жээнбеков өлкөдө кырдаал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирген.

Стамалиева Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун 14-октябрдагы сүйлөшүүсү боюнча мындай деген:

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

«Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөштү. Жолугушууда премьер-министр «президент бүгүн кечинде кызматын тапшырышы керек» деген талабын койду. Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда мамлекет башчылыгын таштап кете албай турганын, бул өлкөгө зыяны тийүүчү күтүлбөстүктөргө алып келиши ыктымал экенин баса белгиледи».

Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугуп жаткан учурда Жапаровдун тарапташтары Өкмөт Үйүнүн алдында митинг өткөрүп турушту. Алар президенттин кызматтан кетишин жана Жогорку Кеңештин таратылышын талап кылып, алар аткарылбаса резиденцияга бара турганын айтып жатышкан.

Садыр Жапаров Жээнбеков менен болгон жолугушуудан кийин тарапташтарына чыгып эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча маалымат берген:

«Сүйлөшүүнүн акыркы учурлары калды. Эртең саат 11ге чейин суранып, силердин алдыңарга келдим. Сүйлөшүүлөр уланат. Ал кетет. Эртең саат 11ге чейин тарап бериңиздер. Эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам».

Ушул эле күнү кечки саат 9га жакын Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, Кыргызстанда президент да, парламент төрагасы да кызматтан кеткенин жарыялады. Ал Эски аянтта чогулуп турган тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөп төмөнкүдөй билдирүү жасады:

"Бардыгы ордуна келди. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз арызын жазып берип кетти. Спикер Канат Исаев анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен деп, өзүнүн арызын жазып берди. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген кызмат мага өттү".

Саат сайын өзгөргөн кырдаал

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен саясий кырдаалды талкуулаган. Ал жерге Роза Отунбаева, Исмаил Исаков, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Сыртбай Мусаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров баштаган ондон ашык коомдук-саясий ишмерлер катышканы айтылган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев бул жолугушууга премьер-министр Садыр Жапаровдун келбегенин, Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңеш шайланып, жаңы өкмөт куралгандан кийин кетем» деп айтканын «Азаттыкка» билдирген.

Бул жолушууга барган мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов президенттин чечими күтүүсүз болгонун айтып жатат:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Президенттин коомдук ишмерлер менен болгон жолугушуусуна мен да баргам. Бул иш-чара саат бирде жыйынтыкталган. Ал жерде кызматтан кетүү тууралуу сөз болгон эмес. Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий абал турукташкандан кийин кете турганын айткан. Жолугушуу бүткөндөн кийин резиденциядан чыгып бара жатып Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди көрүп калдым. Андан кийин эле Жээнбековдун кызматтан кеткени тууралуу маалымат чыкты. Мен абдан таң калдым. Эми Сооронбай Жээнбеков кызматтан кете турганын Жогорку Кеңештин жыйынында айтсын. Ал жерге депутаттар, башкы прокурор, Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын төрагалары, мындан тышкары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев да катышууга тийиш. Болгон суроолорго ошол жерден жооп алышыбыз керек».

Феликс Кулов айтып жаткан Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу өтүп жаткан учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан анча алыс эмес жерде, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп калган эле. Резиденцияны болсо күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кайтарып турган. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткени тууралуу маалымат чыккандан кийин чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевдин кызматтан кетишин талап кыла баштаган.

«Ысык-Көл» мейманканасынын алдында чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары. 2020-жылдын 15-октябры.
«Ысык-Көл» мейманканасынын алдында чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары. 2020-жылдын 15-октябры.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтө турганын, күн тартибинде президенттин отставкасы карала турганын айтты.

Сооронбай Жээнбековдун бийликтин кетиши боюнча маалыматка президенттин аппараты жана Садыр Жапаров азырынча комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG