Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:12

Калчаев: Мыйзамды так сактайбыз


"Ысык-Көл" мейманканасындагы митингчилер, 15-октбярь, 2020.
"Ысык-Көл" мейманканасындагы митингчилер, 15-октбярь, 2020.

Жарандык активист, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Нарис Калчаев "Ысык-Көл" мейманканасында топтолгон элдин бийликке койгон талабын, азыркы кырдаалда эмнени күтүп жатышканын айтып берди.

- Президенттин кызматтан кеткени тууралуу расмий арызы жарыяланса тарап кетесиңерби? Талабыңар орундалабы?

- Президенттин арызы расмий чыккандан кийин анын ыйгарым укуктары парламенттин спикери Канатбек Исаевде калат да. Исаев андан баш тартышы керек. Азыр эки жолу бар, анын бири Исаев президенттин милдетин аткаруудан таш тартышы керек же парламентти таркатуу керек.

- Парламент ушул тапта мыйзамдуулукка көз салып турган орган. Аны таркатып салсаңар мыйзамдарды ким кабыл алат? Өлкөдө башаламандык жаралбайбы?

- Менин оюм боюнча Жогорку Кеңешти таратпаш керек. Бардык мыйзамдарды кабыл алыш керек. Баш прокурорду Жогорку Кеңеш аркылуу бекитип алган соң кийинки парламент келгиче өз ишин аткарып турушу керек. Баары мыйзам талаасында болсун.

- Демек, аянтка чыгып президенттин бийликтен кетишин талап кылгандар парламенттин иштеп турушуна макулсуңарбы?

- Бул жерде эми ар кандай топтор ар кайсы талаптарды коюп жатышпайбы. Менимче, президенттин милдетин аткаруу укугун өкмөт башчыга өткөрүп берүү керек. Спикер ал милдетти аткаруудан баш тартсын. Бирок парламент иштей бериши зарыл. Депутаттар керектүү мыйзамдарды кабыл алып бериши керек.

- Спикерден президенттин милдетин аткаруу укугун алып, аны өкмөт башчыга берүүнү туура көрүп жатасыңарбы?

- Ооба, туура. Парламент иштей берет. Тийиштүү мызамдарды кабыл алып берсин. Баш прокурорду, УКМКнын башчысын, Эсеп палатасынын башчысын Жогорку Кеңеш бекитет. Жаңы шайлоо мөөнөтүн айтсын да.

- Жаңы шайлоонун мөөнөтүн белгилеп, шайлоо өткөргөнгө силер макулсуңар?

- Мен өзүм макулмун. Бул жерде топтолгондордун ою ар башка. Азыр аянттагылар Садыр Жапаровдун келишин күтүп жатат. Жапаровдун айткандарын чогулгандар кабыл алат. Элдин талабы, мүдөөсү аткарылса тарап кетишет.

- Чогулгандар да ошого макулбу? Же ар кимдин пикири ар кандайбы?

- Ар кимдин өзүнүн талабы бар. Эми Жапаровдун келишин күтүп жатабыз. Ал сүйлөшүү жолдору кандай болуп жатат, баарын айтат да.

- Жапаров кандай айтса, чогулган эл толук кабыл алабы?

- Ооба, кабыл алат.

- Жапаров келип, эмне чечим кабыл алынганын айтса чогулгандар таркап кетеби?

- Ооба, элдин мүдөөсү аткарылса. Баары мыйзам талаасында болушу керек. Мыйзамдуулук деген талашсыз сакталышы керек. Мыйзам үстөмдүгү болсун. Биз буга чейин канча революция жасадык. Чындыгында Акаевден бери эле баары басып алуу жолу менен болду.

- Азыр өзгөчө кырдаалда Бишкекке келип, мыйзамга баш ийбей, бийликке басым жасап жатканыңар басып алууга барабар эмеспи?

- Элдин кыжыры кайнап, чыдамы кетип калган. Бул чыныдагы суу толуп, төгүлүп жаткандагы абал. Бир эле шайлоо эмес, андан мурда эле башталган коронавирус кризиси болду. Буга чейинки президенттердин катасын бул президент да кетирди, бул элдин кыжырын келтирди.

- Садыр Жапаровго оор милдет жүктөлүп жатат, анын үстүнө чоң экономикалык-саясий кризис турат. Ушунун баарын Жапаров тартып кете алабы? Ошол милдетти кошо аркалашкан ким болот? Кимге ишенесиңер?

- Өзүнө жаңы команда топтошу керек. Жаш, жаңы көз караштагы, экономикалык-саясий кризистен алып чыгып кете турган жакшы команда керек.

- Жапаровдун ойлорун ишке ашыра турган ошондой адистер барбы?

- Бул жерден катуу кыйкыргандардын сөзү эле туура болбош керек. Эң негизгиси жүрөгү таза, билимдүү команда болушу керек.​

- Бишкекке элдин атынан келгендерди кимдер уюштуруп алып келип жатат?

- Эч ким уюштурган жок, эл өзү келип атат. Ар ким өзүнүн туугандарынын, тааныштарынын үйлөрүндө жашап жатышат.

XS
SM
MD
LG