Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

16:12 5.10.2020

01:02 5.10.2020

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери дүйшөмбү, түнкү бирде орток басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

«Олигархиялык топтордун, криминалдардын, уурулардын парламентке келишине жол бербешибиз керек. Ошондуктан ушул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эртең бүтүндөй кыргызстандыктарды чакырабыз», - деди «Ата Мекендин» тизме башындагы талапкери Жанарбек Акаев.

«Уурдалган арам акчаны эл арасына бүлүк салып жумшагандарды эртең БШКга далилдеп бергибиз керек. Ошондуктан эртең Кыргызстандагы Опера жана балет театрынын астына чакырабыз», - деди «Республиканы» баштаган Мирлан Жээнчороев.

«Кыргыздын тарыхындагы эң ыплас шайлоо өттү. Азыркы бийлик байлардын, базаркомдордун, криминалдын барымтасында калды. Уурулардын барымтасында калды. Мындай шайлоого биз макул болбошубуз керек», - деди Рыскелди Момбеков.

Бийлик органдары азырынча бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек.

00:44 5.10.2020

00:39 5.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG