Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Парламент өкмөттү сындады жана колдоду


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жыл үчүн отчётун канааттандырарлык деп тапты. Ага жыйынга катышкан 101 депутаттын 96сы «макул», бешөө «каршы» добуш берди.

Жыйында кризистен улам жаралган экономикалык, социалдык кыйынчылыктар, бюджет, чек ара, тышкы карыз, кадр саясаты тууралуу суроолор берилип, «өкмөт өз убадасынын өтөсүнө чыкпады» деп премьерди жарга такагандар да болду. «Ата Мекен» фракциясы өкмөттү «чабал» деп катуу сынга алды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы ички дүң өнүмдүн 4,5% өсүшүн, Кыргызстандын эл аралык рейтинги көтөрүлгөнүн белгилеп, муну өкмөт ишинин ийгилиги катары баалады:

«Тышкы инвестициянын көлөмү 876 млн. АКШ долларын түзүп, өсүш 2,9% түздү. Анын ичинен Кыргызстанга Кытайдан, Канададан, Британиядан, Түркиядан, Орусиядан, Казакстандан инвестиция тартылган. Алардын көпчүлүгү тоо-кен өнөр-жайына, автоунаа жолдорун курууга, айыл чарбасына багытталган. Экспорт менен импортто да оң баланс сакталды. Экспорттун көлөмүнүн өсүшү 7% болуп, Кытайга, Иранга, Казакстан менен Орусияга азык-түлүктөрдү жөнөтө баштадык. 2019-жылы 77 миң жумушчу орду түзүлсө, анын 14 миңи туруктуу. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 29 долбоор ишке ашырылып, 341 ишкана түзүлгөн. Мындан сырткары, айыл чарбасын колдоо багытында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар менен айыл чарба техникасы лизингге берилди. 800 чакырым жол оңдолуп, анын 423 чакырымына асфальт төшөлдү. 2019-жылы эл аралык макулдашуулардын негизинде Кыргызстанга 550 млн. доллар келип түшкөн. Анын 260 млн. доллары гранттык каражаттар. Эл аралык рейтингдеги Кыргызстандын көрсөткүчү жакшы жакка өзгөрүп, спортчуларыбыз бир катар эл аралык мелдештерде ийгилик жаратты».

Абылгазиевдин былтыркы жыл үчүн баяндамасы коронавирус дартына байланыштуу көйгөйлөр күчөп турган маалга туш келди. Дал ушул вируска каршы күрөштөгү өкмөттүн ишинин чабалдыгына сын айтылды. Андан башка эң көп сын-пикир бюджеттин аткарылбаганы менен байланыштуу болду.

КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Абылгазиев эң узак мөөнөт иштегени менен бюджетти аткарбаган өкмөт башчы катары эсте калды деген оюн айтты:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Силерге ишенбей инвесторлор кетип жатышат. Мына, Дүйнөлүк банк «Кыргызстанга 20 мектеп куруп беребиз» деп жатат. Өкмөт, эмгиче мектеп курулчу жерди чечип бере элек экенсиңер».

Премьер-министр бюджеттин аткарылбашына «жүйөлүү себептер» бар деген жооп кайтарды:

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында бюджетти аткара албаган өкмөт башчы жалгыз эле мен эмесмин. Статистиканы карасаңыз».

Жыйындын башында Абылгазиев республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү маселесин да чукул карап берүүнү сунуш кылып, бирок депутаттар биринчи кезекте өкмөттүн отчётун угууну чечишти. Бюджет бейшембиде карала турган болду. Отурумда бюджет тууралуу премьер мындай маалыматтарды айтты:

«2019-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 167,3 млрд. сомду түздү. Бул 2018-жылга караганда 18 млрд. сомго көп. Ал эми бюджеттин таңсыктыгы 853 млн. сомду түзгөн. Кумтөр, Жерүй жана башка алтын кендеринен мамлекеттик бюджетке түшкөн акча көбөйдү. Кыргызстандын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 2019-жылга карата 152,1 млрд. сом, чыгашасы 162 млрд. сом, ал эми тартыштыгы 9,9 млрд. сом деп эсептелген. Былтыр казынага 3 млрд. 600 млн. сом түшпөй калды. Мамлекеттик салык кызматынан 1 млрд. 525 миң сом, Мамлекеттик бажы кызматынан 1 млрд. 436 миң сом чогулган эмес».

Депутаттар премьердин жаңы дайындалган кездеги жана былтыр берген убадаларын эске салышты. Өкмөт өз программасынын, социалдык жана экономикалык убадалардын өтөсүнө чыкпаганын айткандар болду.

Депутат Марат Аманкулов COVID-19 пандемиясы социалдык, билим берүү жана саламаттык сактоо багытындагы чечүүгө муктаж маселелерди ачыкка чыгарганын айтты:

Марат Аманкулов.
Марат Аманкулов.

«Сиз экинчи жыл премьер-министр кызматындасыз. Конституция боюнча калктын социалдык абалына өкмөт жана премьер-министр жоопкер. Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын өлкө келечеги үчүн маанилүү экенин дайыма эле айтып келебиз. Эгемендик алган акыркы 30 жыл аралыгында аталган эки тармакта абал начар».

Өкмөт башчы бардык маселе каражаттын жетишсиздигине барып такалып жатканын жүйө келтирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган отузунчу өкмөт туура эки жыл мурда, 2018-жылы 20-апрелде дайындалган. Премьер-министр программасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп атаган жана эң ириде экономикага, ишкерликке көңүл бурулат деп ынандырган.

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Мелис Төлөгөнов өкмөт программасы башынан эле чийки экенин белгилеп, кадр саясатында алешемдиктер орун алып жатканын билдирди:

«Азыр туура эмес кадрлар дайындалып жатат. Тармакты түшүнгөн адам келмейинче өзгөрүү болбойт. Маселе мына ушунда. Жакшы иштей турган адистери жок. Командасы бат-баттан алмашканынан иш алдыга жылбайт».

Парламенттеги талкууда өкмөт дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясына байланыштуу кризистик абалда отчёт берип жатканын эске алууга чакырган депутаттар да чыкты.

«Ашууда ат которбойт деп коет. Ишиңер ийгиликтүү болуп, экономикабыз көтөрүлө берсин», - деди депутат Бакирдин Субанбеков.

Жыйын соңунда «Ата Мекен» фракциясынын атынан депутат Каныбек Иманалиев сөз алып, Кыргызстанга инвесторлордун келиши кыйын болуп жатканын белгиледи. Ал өкмөттүн отчётуна канааттандырарлык деп баа берүү элди алдоо менен барабар деген оюн бөлүштү:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Мен акыркы он жылда биринчи жолу ушундай окуяга туш болдум. Биз бекиткенден кийин бюджеттин киреше бөлүгүн 10 миллиард 178 миллион сомго азайттык. Акыркы он жылда биринчи жолу ушундай болду. Мамлекеттин инвестиция программасы. Ал 33 миллиард 596 миллион сомдун ар бир үчүнчү сомун өкмөт аткарган жок. Аткезчилик боюнча күйүүчү майдан 7 миллиард, алкоголдон 5 миллиард, жалпы 12 миллиард сомду жоготуп атабыз. «4,5 пайыз өсүш болду» деп атасыңар. Бишкек-Ош жолу жыл сайын үч пайыз, Кумтөр үч пайыз өсүш берет. 6 пайызга чейинки өсүштү өсүш деп айтпаш керек. Бул жерде Кумтөрдү алып салгандан кийинки өсүш 0,1 пайыз. Бул ар бир кыргызстандыктан капчыгына 80 сом эле кошулду деген сөз. Ошол өсүшпү?».

Спикер Дастан Жумабеков өкмөт өз ишин мыкты аткарганын айтып, жыйынды жыйынтыктады:

Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

«Өсүш да, кемчиликтер да болду. Кемчиликтерди жыл сайын оңдогонго токтом кабыл алып берип аттык. Ошонун алкагында өкмөт өз ишин кылды. 2019-жылы бир топ ийгиликтер болду. Мугалимдердин айлыгы, пенсия көтөрүлдү. Сүйүнчү пул берилди. 453 чакырым асфальт басылды. 2020-жылы да жакшы ийгиликтер болмок. Бирок вирус чыгып бардык дүйнөнү кыйнап атат. Бирок ага карабай бизде азыр жеңил болуп атат. Бул да көрсөткүч».

Ошентип, «өкмөт кызматтан кетет» деген сөздөргө карабастан, министрлер кабинетинин отчёту колдоо тапты. 12-майда парламент комитеттери да отчётту угуп, жактырган. Жалгыз гана депутат Исхак Масалиев премьердин убадалары кагазда калганын сындап, өкмөттүн баяндамасын четке кагууну сунуш кылган. Бирок аны эч ким колдогон эмес.

Мухаммедкалый Абылгазиев кызматка киришердин алдында экономикада «чоң секирик» жасоо боюнча дымактуу пландарын жарыялаган. Негизинен инвестициялык ири долбоорлорду ишке ашырып, ички дүң өнүмдү 600 млрд. сомго жеткирүү тууралуу сөздөрдү айткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG