Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Төрт саясатчы шашылыш акталды


Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. Солдон оңго. «Азаттыктын» коллажы.
Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. Солдон оңго. «Азаттыктын» коллажы.

Саясаттагы чуулгандуу бир канча иш боюнча Жогорку сот чукул арада актоо өкүмүн чыгарганы талкууга жем таштады.

Алар президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге, депутат Талант Мамытовго жана Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго байланыштуу соттук иштер. Жапаров түрмөдөн чыгары менен аны соттогон дагы бир өкүм жокко чыгарылган. Ал арада саясий мотивдеги башка иштердин тагдыры да коомчулуктун көңүл борборунда турат.

Жапаров боюнча жаңы өкүм

Жогорку соттун басма сөз кызматы 20-октябрда тараткан маалыматка ылайык, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовдун жана дагы үч адамдын ишин соттук коллегия 16-октябрда карады.

Жазык ишин кайра кароо жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу соттолуучулардын өтүнүчүнүн жана Башкы прокуратуранын корутундусунун негизинде жүрдү. Натыйжада алардын баары толук акталды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Иззати Шугуралиева «Азаттыкка» буларды билдирди:

Жогорку сот.
Жогорку сот.

«Жогорку соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуу жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 17-июнундагы Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Бекзатбек Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Саирбек Кадырбаев жөнүндөгү өкүмү күчүндө калтырылды».

2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасынан ашып өтүүгө аракеттенгендер болуп, бир нече адам кармалган.

Бул ишке байланыштуу 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. Кийин 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. 2013-жылдын 19-июну.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. 2013-жылдын 19-июну.

Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кайра кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны бул иш боюнча 10 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылы июнь айында ал 11 жыл, алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Ал эми быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык элдик толкундоого айланып, башаламандык болгондо Садыр Жапаровду тарапташтары камактан чыгарып алышкан.

«Мекенчил» партиясынын талапкери, азыр өкмөттүн аппаратын жетектеп жаткан Бакыт Аманбаев Жапаровду актоо тууралуу Жогорку соттун өкүмү 6-октябрда чыкканын билдирген. Жогорку сот 9-октябрда маалымат таратып, ал актоо чечими эмес экенин, мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылып иш кайра кароого жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Соттун жаңы өкүмү боюнча Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов билдирүү бере элек.

Премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан учурда Садыр Жапаров соттун биринчи чечими боюнча өзү кыскача жооп берип, соттуулугу жоюлганын айткан эле.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Менин ишим боюнча айтсам, Жогорку соттун чечими жокко чыккандан кийин ал адамдын соттуулугу жок болот», - деген Садыр Жапаров 9-октябрда резиденциядагы жыйында.

Ал арада Жогорку сот дагы бир саясатчы - Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду актаган өкүмүн шашылыш чыгарды. Мекеме 20-октябрда кабарлагандай, Мырзакматовду алгач 15-октябрда Ош шаардык соту, 16-октябрда Ош облустук соту актаган. Жогорку соттун соттук коллегиясы болсо 19-октябрда чечим чыгарып жатат. Актоо өкүмүнө козголгон иште кылмыш курамы жок деген негиз себеп болгон.

Мелис Мырзакматовго Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») боюнча күнөө коюлуп, 2015-жылы жети жылга сыртынан кесилген. Муну Мырзакматов өзү саясий куугунтук деп атаган. Ал соттун жаңы чечимин кубаттады.

Мелис Мырзакматов Ош шаарында. 2020-жылдын 7-октябры.
Мелис Мырзакматов Ош шаарында. 2020-жылдын 7-октябры.

«Кезинде мага карата соттун чечими саясий чечим болгон. Андагы соттун өкүмдөрү толугу менен быт-чыты чыкты. Ош шаардык, Ош облустук сотунда жана Жогорку сотто менин ишим боюнча толук акталдым, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди. Ойдон чыгарылган, жомок сыяктуу токулган кылмыш иши «картадан жасалган үй» сыяктуу бир заматта урап калды. Ак ийилип, бирок сынбаганы далилденди, чындык орноду», - деди экс-мэр Мелис Мырзакматов соттун жаңы чечимине комментарий берип жатат.

2014-жылдан бери бозгунда жүргөн Мырзакматов быйыл 7-октябрда Түркиядан Ош шаарына кайтып келип, бир нече миң тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөгөн. Андан бери ал өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын журналисттер менен маегинде айткан эле.

Күмөн жараткан өкүмдөр

Албетте, кезинде Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Талант Мамытовго, Мелис Мырзакматовго жана башка саясатчыларга карата козголгон кылмыш иштерин, соттук өкүмдөрдү коомчулукта саясий буюртма менен байланыштыргандар басымдуулук кылган.

Бул үчүн ошол учурдагы президент, азыр камакта олтурган саясатчы Алмазбек Атамбаевди айыптап келишчү. Мындай ойлорду соттолгон саясатчылар өздөрү да ар кайсы платформаларда билдиришкени бар.

Бирок Жапаров бир иши боюнча абактан чыккан күнү, экинчи иши боюнча он күндүн ичинде акталып калганы, ал эми Мырзакматов чет өлкөдөн кайтып келери менен эле актоо өкүмүн колго алганы көп түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Саясий талдоочу Аида Алымбаева кепке кошулду.

«Биринчиден, Садыр Жапаровдун соттолгондугу анын мамлекеттин башында легитимдүү турат дегенине шек жаратып жатты, - дейт ал. - Ошондуктан ал тез арада легитимдүү болгусу келди, коомдун көзүндө эртерээк реабилитация болгусу келди. Ошондуктан сотко басым кылуу аркылуу өзүнө карата өкүмдү шашылыш чыгартып алды деп эсептейм. Экинчиден, азыр Жапаровдун таасири өлкөнүн түштүк аймактарында өтө чоң эмес. Ал аталган аймакта көп колдоосу бар Мелис Мырзакматов менен сүйлөшүп, ага ошол жактагы процесстерди көзөмөлдөөнү тапшырышты. Ошол себептүү Мырзакматовдун ишинде да сот Жапаровдун көрсөтмөсү менен чечим кабыл алды деп эсептейм».

Эксперт бул кайрадан эле соттун өз алдынчалыгына жана калыстыгына шек кетирерин белгиледи:

Аида Алымбаева.
Аида Алымбаева.

«Биздин сот эч качан өз алдынча болгон эмес. Алар ар дайым бийликте олтурган кишилердин маанайына карап чечим чыгарып келишкен. Азыр Жапаровдун, Ташиевдин жана Мырзакматовдун ишине байланыштуу өкүмдөр да мына ошонун далили болуп жатат. Бул ал тургай сот тармагы мындан ары да бийликтин көзөмөлүндө болот, ошонун буйругу мене иш аткарат дегенди айгинелейт. Бул Кыргызстандын элине жана эл аралык коомчулукка сот системасы эч качан калыс жана адилет чечим чыгарбайт деген өтө жаман сигнал. Бул көрүнүш ар дайым мыйзам бузуп, сотторду сатып алып, кайра чыгып кетсе болот дегенди түшүндүрөт. Мындай жагдай өлкөдөгү туруктуулукка улам терс таасир эте берет. Ошондуктан реформа керек. Сот жана укук коргоо тармактарын толугу менен жаңылап, тазалап чыгыш керек. Ал эми ага азыркы, жаңы бийликтин дарамети жетер-жетпесине ал келе элек жатып эле шек кетти».

Мурдараак Кыргызстандагы саясий туткундарды коргоо комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 30дай саясатчы саясий буюртма менен камалганын маалымдаган. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин алардын бир тобу акталган же иштери кайра кароого жиберилген. Бирок Жээнбековдун тушунда да кайра мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган бир топ саясатчылар камалган.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров өз билдирүүлөрүндө бул саясатчылардын иштери калыс караларына сөз берип, мындан ары саясий куугунтук болбой турганын айтып келет. 16-октябрдагы кайрылуусунда ал башкы максаты «өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү» экенин белгилеген.

Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев.
Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Канатбек Исаев.

«Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун куралы болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдер менен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат. Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт», - деген анда Садыр Жапаров.

Бул сөзгө таянган айрым саясатчылар анда мурда соттолгон саясатчылардын баарына келерки шайлоодо бирдей шарт түзүлүшү керек экенин да белгилеп жатышат.

Атамбаевдин тушунда түрмөгө олтуруп чыккан саясатчы Бектур Асанов шайлоого байланыштуу Бишкекте өткөн талкуулардын биринде мындай деди:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылардын баары шайлоого катышкыдай болушу керек. Жалаң эле Садыр Жапаров эмес, биз баарыбыз катышуубуз зарыл. Анткени адам укуктарын коргоочу жергиликтүү жана дүйнөлүк уюмдар биздин бардыгыбызды саясий туткун деп таанышкан. Ошондо соттолуп, кайра абактан чыккандардын баары катышса гана келерки парламентти шайлоо легитимдүү болуп эсептелет».

6-октябрдагы башаламандык учурунда абактан чыгып кеткен он чакты саясатчынын көбү кайра кармалды, айрымдары өздөрү абакка кайтты. Ибраимов менен Исаков дайынсыз болуп жатса, Равшан Жээнбеков үй камагына чыкты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG