Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

AI: Карантинде дарыгерлер «түрмөдөгүдөй» шартта иштешти


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте ачылган убактылуу стационарлардын биринде дарыгерлер менен жолуккан учуру. 8-июль, 2020-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте ачылган убактылуу стационарлардын биринде дарыгерлер менен жолуккан учуру. 8-июль, 2020-жыл.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин укуктары бузулганы тууралуу баяндама жарыялады.

Коронавирус пандемиясынан бери өлкөдө 83 медицина кызматкери каза болду.

«Эл аралык мунапыс» уюмунун 25-сентябрда жарык көргөн баяндамасында уюм дарыгерлер менен медайымдар адаттагыдан көп, «абактагыдай» карантин режиминде иштөөгө мажбур болгонун, көп учурда кошумча акы төлөнбөй, азыраак акча алышканын белгилеген.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 25-сентябрда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 932 ​кишиге жетти. Алардын 42 147и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтаптардын 3227и медицина кызматкерлери. Алардын 2918и сакайды.

«Кыргызстандагы дарыгерлер жан үрөп, өмүрүн тобокелге салып иштешти. Бир топ мезгил аралыгында эң керектүү медициналык каражаттар менен камсыз болушкан эмес»,- деди уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл.

МакГилл медкызматкерлердин укуктары бузулганын, алардын оозун жабуу аракеттери болгонун, маселелер тууралуу үн катпоого аргасыз болушканын баса белгиледи.

Баяндама авторлору май айынан бери дарыгерлер катары менен эки жума 12 сааттан иштеп, карантинге алынып турганын жазышкан. Медиктердин бири карантиндеги шарттарды «түрмөгө» салыштырып, бир бөлмөдө ондон киши жайгаштырылганын, жакындары менен көрүшө албаганын айтып берген.

Медиктердин маяналары төмөн болгондуктан, алардын көбү башка өлкөлөргө кетип же менчик клиникаларга которулуп жатканы да белгиленет.

Укук коргоочулар менен маектешүүдөн көп учурда баш тартып, же болбосо аты-жөнүн атабоону сурангандар да көп.

МакГилл саламаттык сактоо системасын жакшыртуу, пандемияга туруштук берүү, медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо үчүн кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарды жасоого тийиш экенин белгиледи.

Ошондой эле жарандарды өз көз карашын эркин билдирүүгө шарт түзүү, маселени айтып чыккандарды коргоо зарыл экенин кошумчалады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова медициналык каражаттар башында тартыш болгону чын экенин, дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде ушундай кыйынчылык жаралганын айтты. Бирок төлөмдөргө байланыштуу айтылган сын чындыкка төп келбей турганын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, ооруган медкызматкерлердин 144үнө 200 миң сомдон берилген, каза болгондорун арасынан 21 кишинин үй-бүлөсүнө миллион сомдон төлөндү. Башкалардын тийиштүү документтерин комиссия карап жатат.

«Мурда төлөмдөр үчүн 50 миллион сом бөлүнгөн. Министрлик буга кошумча дагы 100 миллион сом өкмөттөн сурады. Электрондук саламаттык сактоо борборунун соңку маалыматына ылайык, 83 медицина кызматкери көз жумган. Арасында мамлекеттик жана жеке бейтапканаларда иштегендер, дарыгерлер, орто жана кичи кызматкерлер да бар»,- деди Айгерчинова.

Кыргызстанда 25-сентябрга карата 175 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку эки-үч жумадагы эң жогорку көрсөткүч. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 142и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

COVID-19: Өлүм үчүн ким жооптуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:02 0:00

XS
SM
MD
LG