Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Вирустан айыгуу узакка созулушу мүмкүн


Грузияда ПЧР тестин алуу учуру.
Грузияда ПЧР тестин алуу учуру.

Коронавирус жугуп, ооруп айыккандардын арасында өнөкөт дарттары күчөп, жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыркагандар, көп убакытка чейин айыга албай жаткандар катталууда.

Ошондой эле канды суюлтуучу каражаттарды көзөмөлсүз сайдыра бергендиктен, кан айлануусу зыянга учурагандар да кездешип жатат.

Коронавирус менен ооруган бейтаптардын айыгуу процесси узакка созулуп, айрымдары бул оорунун кесепеттери менен айлап алпурушууда. Өнөкөт дарттарды козгогондон тышкары вирус айыкса да адамдын организминен толук чыкпай, андан калыбына келүү бир топко созуларын адистер байкап, жалаң эле физиологиялык эмес, психологиялык да реабилитация зарыл экенин эскертип жатышат.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы март айынан тартып башталган. Дарыгерлер буга чейин ооруп айыккандардын саламаттыгы кандай болору, аларды реабилитациялоо тартиби тууралуу жетиштүү маалымат топтой албай келишкен. Июнь, июль айында көпчүлүк ооруп айыккандан кийин азыр Саламаттык сактоо министрлиги 4-дарылоо протоколуна оорудан айыккандардын саламаттыгын калыбына келтирүүчү нускамаларды да кошуп жатышат.

«Оорунун артынан эле ооруп жатам»

Ооруп айыккандардын көбү вирус адамды бир топко чейин кыйнап, айрыкча өнөкөт ооруларды козгой турганын айтышууда. Динара Чокоевага коронавирус июль айынын башында жуккан. Катуу ооруп айыкканы менен азыркыга чейин кошумча дарттардан арыла албай жатыптыр.

«Мен коронавирус жукканда биринчи кезекте эле жаңы төрөлүп жатканда башымдан травма алып, кыйналган экем, ошол оорум кармады. Мурда деле башым кичине ооруп калчу, бирок бул ирет абдан эле кыйналдым. Вирус жуккандан кийин беш күн тамчылатма сайдырып, анан дагы 6-7 күн таблетка дарыларды ичип жатып, баш-аягы 14 күн дегенде араң айыктым. Айыккандан кийин 15 күн өтүп, «вирус жукпайт экен» деп адистер айтышканынан айылга баргам. Айылда чыйрыгып калдымбы, эмне болду билбейм, колу-бутум ооруп, чыдатпай, кайра үч күн тамчылатма сайдырып жатып араң айыктым. Андан айыккандан кийин денеме дароо эле майда кызыл бүдүрлөр же бөрү жатыш деп коёт го, ошол чыгып кетти. Ушинтип оору мени биринин артынан бири эле тооругандай болуп туруп алды. Баары бир алсырап, тердеп, мурдагыдай күчтүү болбой калат экен киши. Анан мына эми айыктым деп жатканда көптөн бери кармабай жүргөн өнөкөт аллергиям кармады. Ага каршы дары ичип атып, айыкканыма эки күн болгондон кийин мындан 2-3 жыл мурда сынган колум какшап ооруп жатат. Кыскасы, адистер вирустун кесепети дагы 2-3 ай созулат деген чын окшойт. Иштөө жөндөмүм аябай эле начарлап, эч нерсеге көңүлүм келбей эле басып жүрөм. Көзүмдүн көрүшү мурда эле начар болчу, азыр да абдан тунарыктап калды».

«Каны суюлуп кеткендер учуроодо»

Буга кошумча атын атагасы келбеген, Бишкектин «Тез жардам» кызматында иштеген дарыгер акыркы убакта антикоагулянттык же канды суюлтуучу каражаттарды дарыгердин көзөмөлү, нормасы жок сайдырган жарандар арасында кан тамырлары жарылып, дарыгердин жардамын сурап жаткандар көбөйгөнүн айтып берди:

«Биринчиден, коронавирустан кийинки ден соолуктун начарлашы вируска окшош симптомдор эле болот экен. Экинчиден, элдин көбү июлда шашып, дүрбөлөң болуп канды суюлтуучу гепарин, клексан дарыларын сайдыра бергендиктен, алардын каны ашыкча суюлуп кетип, эми кичине эле ийне сайса кан агып, токтобой, кансырап жатат. Постковиддик синдром абдан коркунучтуу, анын алдын алууну да билбейт экенбиз».

Реабилитация 4-протоколдо каралууда

Вирустан азыркы тапта стационарда 1021, амбулаториялык ыкма менен 4563 бейтап дарыланууда.

Өлкөнүн башкы инфекционист-дарыгери Айнура Кутманова коронавирустан кийинки ден соолуктун начарлашын алар июлдагы катуу толкундан кийин гана байкашканын, ушундан улам Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколуна реабилитация нускамалары жаңыдан кирип жатканын билдирди:

«Негизи бул оорудан кийин көбүнүн башы ооруп, дене табы 37 же 37,2 градуска чейин көтөрүлүп, көпкө чейин түшпөйт, уйку бузулуп, мурдагыдай уктай албай, тамакка табити калбай калат экен. Ошондой эле маанайы чөгүп, жүрөк, кан тамыр органдарында кандын микроалмашуу деңгээли түшүп кеткенин байкадык. Кан тамырлардын кычкылтек менен камсызданышы начарлагандыктан мээнин функциясы начарлап, баш оорулар ушундан улам келип чыгат. Ушундан улам вирус жугузган бейтаптар абалы кичине оңолсо эле дароо реабилитацияны башташы керек. Ооруканадан эле дароо дем алуу гимнастикасын жасаганы дурус. Анан бул оорудан толук сакаюунун маанилүү фактору - психологиялык колдоо экен.

Адам ооруп калганда жашоо бүткөндөй, катуу стресс болгонун, коркконун байкадык, киши канчалык корккон сайын вирустун денедеги күчү ого бетер артып, ооруга оңой жеңилип каларын көрдүк. Андыктан ооруп жаткан адамдын маанайы болушунча жакшы болушу керек. Анан аз өлчөмдө, тез-тез тамактанган оң. Мисалы, биз жай турмушта бир күндө 3-4 жолу эле тамак жейбиз го? Вирустан кийин тамактын порциясын аз кылып, бирок күнүнө 5-6 жолудан, ар бир эки саат сайын жеп турган дурус. Жүрөк, кан тамыр, өнөкөт оорулары бар бейтаптар мурун ичип жүргөн дарыларын үзгүлтүккө учуратпашы керек. Биз азыр 4-протоколго ушул реабилитацияны чоң бөлүм кылып кошуп жатабыз. Себеби, буга чейин ооругандар кантип калыбына келерин билген эмеспиз».

Нерв системасына да катуу таасир этүүдө

25-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандар 43 245 адамга жетти. Акыркы суткада 310 адам ооруканадан айыгып чыкты. Пандемия башталгандан берки убакта бул оорудан 36 925 адам айыкты. 25-августта коронавирус жугузуп каза болгондор катталган жок. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жеткен. Министрлик августтун экинчи жарымына чейин каза болгондорду 1400дөн ашуун деп эсептеп келип, андан соң өлүм санын 400дөн ашуун кишиге кемиткен.

Москва шаарында жашаган кыргызстандык медайым Сайрагүл Жолборсова COVID-19 оорусунун адам саламаттыгына тийгизчү таасирлерине мындайча токтолду:

«Эң эле негизгиси - мээнин иштөө функциясын бузат. Айрыкча өнөкөт оорусу барларга, боор, бөйрөк, жүрөк, кан айлануу системасында көйгөйү барларга бул вирус абдан зыян. Кан тамырларда тромб пайда болуп, мээдеги кан тамырлар жарылат. Иммундук система алсыз болгондуктан энцефалит, инсульт сыяктуу неврологиялык, инфаркт, кан басымдын жогору, ылдый болушундай оорулар келип чыгат. Ушундай оор кесепеттерден улам булчуңдар да ооруп, адам өзүн алсыз сезип, жумушка жарамдуулугу кемийт. Андыктан өнөкөт оорулуу адамдар этият болушу зарыл».

Жалпы гигиена эрежелерин бузбоо зарыл

Коронавирус кадимки эле курч дем алуу органдарынын вирусуна окшош болгону менен төмөңкү дем алуу органы болгон өпкөгө тез эле өтүп кеткендиктен, бейтаптардын көбү пневмониядан жабыркоодо. Ооругандар азайганы менен баары бир экинчи ирет ирет вирус жугузуудан жана андан кабылдап кеткен оорулардан сак болуш үчүн өнөкөт оорусу барлар өзгөчө камкордукка алынышы керек.

Дарыгер Уланбек Усубалиев «вирус басаңдап калды» же «андан айыгып чыктым» деп гигиеналык эрежелерден баш тартпаш керек деген ойдо.

«Компьютердик томография тартканда коронавирус болгон бейтаптардын өпкөсүндөгү өзгөрүүлөр 2-3 айга чейин даана байкалып турат, - деди ал. - Башкача айтканда вирус жуккан адамдын өпкөсү бир топко чейин калыбына келбейт. Демек, кан айлануу, кандагы кычкылтектин өлчөмү да аз дегенди билдирет. Өз алдынча ар түрдүү дарыларды сайдыра берүүнүн да кесепети оор. Андыктан ооругандан кийин да дарыгер менен тыгыз байланышта болуп, беткапты чечпей, аралыкты, тазалыкты сактаган дурус».

Кыргызстанда азырынча коронавирус оорусунан реабилитациялаган жеке менчик эле клиникалар болбосо, мамлекеттик ооруканаларда мындай иштер аткарыла элек. Дарыгерлер өтө күчтүү антибиотиктерди сайдыргандыктан, бейтаптарда антибиотиктерге туруктуулук, же ашказан, тамак сиңирүү органдарында да көйгөйлөр болуп жатканын билдиришти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG