Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Пандемияда токтоолук маанилүү


Кыргызстандагы дарыгерлердин бири.
Кыргызстандагы дарыгерлердин бири.

Кыргызстанда инфекциялык оору менен күрөшүүдө эл стресске көп учурап жатканы айтылууда. Айрыкча оору курчуп турган кезде дүрбөлөңгө түшкөн адамдар дээрлик психологиялык жардам ала алышкан жок.

Мындай кырдаал вирус менен күрөшкөн дарыгерлердин да саламаттыгына терс таасир этти.

COVID-19 вирусунун чыкканына бир нече ай эле болду. Бирок ал жер жүзүндө жашаган ар бир адамдын акыл-эсинин абалына таасир этти. Муну менен эле чектелбей, ооруну жуккандардын жалпы абалынын начарлашын шарттап, өлүм-житимди көбөйттү.

«Баары жакшы болот» терапиясы куткарат

Журналист Назгүл Айдаралиева апасы менен ооруканага түшкөндө ал өмүрүнүн акырына келгендей корккон.

«Мен ооруй баштаганда чүчкүрсөм, жөтөлсөм деле коркуп, айланамдагы бардык нерседен чочулап жаттым, - дейт ал. - Бир маалда дарыларымдын баарын аралаштырып алыпмын. Дарыны суу менен ичем деп, суу куйган шише менен антисептиктикин алмаштырып ичип алдым. Аябай дүрбөлөңгө түштүм. Дагы жакшы, медайымдар жанымда эле. Алар ашказанымды жууп, аман алып калышты. Бул ооруда сени дарылаган дарыгерлердин, медайымдардын маанайы өтө маанилүү экен. Эгер алар «баары жакшы болот» деп адамды жубатып турса, көңүл жай алып, ооруну жеңүүгө бет алат экенсиң».

Назгүл Айдаралиева ооруканада жаткан маалда жана андан кийин да "Телеграмм" тиркемесиндеги акысыз психологиялык жардам берген топко кошулуп, психикалык саламаттыгына кам көргөн.

Дарыгерлер да катуу кысталды

Бирок вирустук дүрбөлөңдөн жалаң эле бейтаптар жана калың эл эмес, дарыгерлердин өзү да катуу жабыркады. Ушундан улам медициналык жардам көргөзүү, дарылоо да татаалдашты деген адистер бар.

Баш калаадагы ооруканалардын биринин дарыгери Асел Сыдыкбекова бейтаптарын жана биринчи кезекте өзүн вирустан айыктырууда психикалык жардамга өзгөчө басым жасаган:

«Менин көп бейтаптарым, айрыкча жогорку кызматтагылар, депутаттар оорубаса деле жанталашып компьютердик томографияга бара калып, ооруканага жата калып, кымбат дарыларды куйдуруп аябай дүрбөлөңгө түштү. Вирус болбосо да деми кыстыккандай сезилип, бир тобу кыйналды. Психологиялык дарыланууга азыр көпчүлүк көңүл бурбай жатат. Бейтап өзү гана билип, «психиатрга же адиске кайрылыш керек экен» деп издеген күндө гана жардам ала алат. Болбосо жок. Ал тургай, биз, медиктер деле кыйналдык. Ооруну айыктырууда кээде дары эмес, моралдык колдоо деле өзгөчө мааниге ээ. Жөн эле витамин берип, бирок дарыгер жакшы сөзүн аябай, «эртең эле айыгып кетесиз» деп жооткотуп турса ооруган адам тез айыгат. Бизде болсо бул инфекция менен эл да, дарыгерлер да өзү жалгыз калбадыбы. Психиатриялык жагы көңүлгө алынбай, дайыма эле экинчи планга калат».

«Протоколдо психикалык дарылоо каралган эмес»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска чалдыккан адамдын акыл-эсинин саламаттыгына да өзгөчө көңүл буруш керек экенин эскертет. Бирок Кыргызстандагы вирусту дарылоо протоколунда адам өмүрүн куткаруу биринчи планда тургандыктан, кишинин психикалык саламаттыгын сактоо боюнча нускамалар кирген эмес. Саламаттык сактоо министрлиги психиатрлардын, психологдордун онлайн тобун түзүп, аралыктан жардам берүү линиялары Бишкекте жана Ошто ачылган.

Ураимжан Исмаилов.
Ураимжан Исмаилов.

Республикалык психикалык саламаттык борборунун директору Ураимжан Исмаилов вирустун очогуна чейин кирип барып, кыйналып жаткан адамга психиатриялык көмөк көрсөтүү зарылдыгы болбогонун белгилейт:

«Биздин кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттарды кийип алышып, вирус үстөмдүк кылган Нарындагы, Оштогу ооруканаларга чейин кирип барышты. Кызыл зонада биздин дарыгерлер жардам көрсөтүшү мүмкүн эмес экенин көрдүк. Себеби, алар кирген менен эч кандай дары-дармек сая албаса, жардам бербейт экен. Бейтап айыгып чыккандан кийин калыбына келтирүүдө биздин кызматка кайрылса болот. Бул үчүн тиешелүү номурлар бар».

«Интернетте иргелбеген маалымат да коркутууда»

Вирус тууралуу маалыматтын көптүгү жана анын Интернетте эленбей эле чыга бериши да көбүн дүрбөлөңгө салып, оорубаса да кыйнаган учурлар кездешүүдө. Бишкекте күндүзгү стационарлар ачылганда оорунун белгиси болбосо да келип, дары куюуну талап кылгандар болгон. Ушундай стационарлардын биринде иштеген, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин окутуучусу, невролог дарыгер Максат Батыров:

«Негизи бизге аябай коркуп, коркконунан аба жетпей жатат деп дүрбөлөңгө түшкөндөр аябай көп келди. Ооруга караганда анда коркуу сезими, стресс, депрессия көбүрөк кездешти. Ушундан улам вирус менен күрөшкөн ар бир жайда психологиялык, психиатриялык адистер болгону дуруспу деген ой келди. Алар баары бир адис катары элге туура жол көрсөтө алат да», - деген оюн билдирди.

Кыргызстанда 3-августка карата COVID-19 илдети 410 кишиден жаңыдан аныкталды. Расмий маалымат боюнча пандемия башталган март айынан бери өлкөдө вирус лабораториялык жактан аныкталган учур 37 129 кишини түздү. Бир суткада 11 бейтап каза болду. Ушуну менен март айынан бери коронавирустан каза болгондор 1420 адамга жетти.

Кыргызстанда калкка акысыз психикалык жардам көрсөтүүчү адистердин тизмеси жана байланыш номурлары:

Эрмегалиев Кубанычбек, Республикалык психикалык саламаттык борборунун директорунун орун басары, 0703 93 74 92

Базарбаева Гүлмира, психотерапевт, 0557 27 27 41

Караева Жанна, психотерапевт, 0702 08 32 15

Чигаева Юлияна, дарыгер-психиатр, 0772 14 02 68

Кабылбекова Гүлнара, балдардын психиатры, 0779 05 38 28

Мирзаматова Назгүл, балдардын психиатры 0772 802 020

Лисюкова Светлана, психолог, 0705 44 38 94, 0555 44 38 948.

Бакирова Бактыгүл, психолог, 0702 33 36 42

Терехова Вероника, психолог, 0555 22 28 18

Авазбекова Чолпон, психолог, 0556 59 56 89

Бровкина Светлана, психолог, 0551 94 95 45

Рустам кызы Бакыткүл, балдардын клиникалык психологу, 0554 66 47 74

Сабитова Юлдуз, психолог, 0700 13 00 88

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG