Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

COVID-19: Күзгү толкунга даярдык


Убактылуу стационарга келген бейтап.
Убактылуу стационарга келген бейтап.

Акыркы суткадагы статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда COVID-19 илдетин жаңы жугузгандар жана каза болгондор дээрлик эки эсе азайды. Бирок адистер муну илдеттин илеби кайтты деп түшүнүүгө болбой тургандыгын белгилешүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 29-июлдагы брифингде соңку суткада Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 илдетинен 18 бейтап каза болгонун билдирди. Бул статистика Кыргызстан коронавирус менен пневмонияны кошуп санай баштагандан бери эң төмөнкү көрсөткүч.

Кыргызстанда 10-июлдан тарта күн сайын коронавирустан жана өпкөсү кагынып каза болгондордун саны 40-50дөн ашык кишиге жетип жаткан. Ал эми 15-июлда 85, 17-июлда 83 адам каза болгон.

Соңку суткада коронавирус 668 кишиден жаңыдан табылды. Аз күн мурдараак эле күнүнө 1,5 миңдей адам илдетке кабылып жаткан.

Соңку сандар илдеттин илеби кайтып жаткандай көрсөткөнү менен адистер коронавирустун экинчи толкуну башталса, кырдаал күчөп кетерин билдиришүүдө. Ошондой эле илдет учурда аймактарга тарап жатканы да айтылууда.

Премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө зарыл экенин ​28-июлда республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жоопкерчиликтүү. «Күндүзгү стационарларга кайрылгандар азайып баратат» деп отуруп калбай, жарандардын өмүрүн сактап калыш үчүн буга чейинки белгиленген иштерди жүргүзүүнү улантуу керек. Өзгөчө илдеттин адам өмүрүнө тийгизген таасирин азайтуу боюнча иштерди күчөткүлө», - деди Боронов.

Өкмөт башчы бул вируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алууга чакырды.

Премьер-министр Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине эпидемиологиялык кырдаалдын кийинки баскычы менен илдеттин болжолдонуп жаткан экинчи толкунун терең талдоону тапшырды. Мындан тышкары өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография, рентген аппаратын сатып алуу зарылдыгы айтылды.

Өкмөттүн маалыматы боюнча медиктердин коргонуучу кийимдери жетиштүү. Алардын үч айлык запасын камдаш үчүн 24-июлда 300 миллион сом бөлүнгөн.

Медицина тармагындагы эксперт Айбар Султангазиев илдеттин экинчи толкуну тууралуу буларды айтты:

«Ооруну биринчи толкун жана экинчи толкун деп бөлгөнгө болбойт. Жогорку чек деп айтсак болот. Учурда Бишкек шаарында оору жогорку чекке жетти. Эми аймактарга тарады. Аймактарда жогорку чек октябрь, ноябрь айларында болот. Бирок ал жактарда оору катуу болушу мүмкүн. Себеби күзүндө сасык тумоо сыяктуу башка оорулар кошулуп, вирус менен күрөшүү оор болот».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана башка тараптар да жайдын соңунда же күздө вируска кабылгандардын экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин билдиришкен. Алар өкмөттөрдү алдыдагы күндүн камын азыр көрүүгө чакырышууда.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөт Кыргызстанга жайылган коронавирус илдетинин түрлөрүн азыр аныктап алса, күзүндө күрөшүүгө оңой болот деген пикирде.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

«Вирусологдор коронавирустун түрлөрүн аныктап алышы керек, - деди ал. - Кайсы түрү жеңил болот, аны кантип дарылаш керек? Оор түрүн дарылоо кандай болушу керек экенин аныктоо зарыл. Божомол болушу абзел. Анткени вирустун түрүнө жараша зыяны белгилүү болот. Күзүндө экинчи толкун башталса, кайсы түрүн дарылоого даяр болуш керек экенин билсек, өлүм азаят. Бирок «Кыргызстанда вирустун кандай түрлөрү бар?» деп аныктап, чет өлкөдөгү лабораторияларга, медициналык борборлорго жибериштиби? Тилекке каршы ал жөнүндө маалымат уга элекпиз».

Июнь-июль айларында коронавирус жана пневмония жуккан адамдар кескин көбөйүп, ооруканаларда орун, медициналык жабдуулар, дарыканаларда дары жана медицина кызматкерлеринин жетишсиз экени ачыкка чыккан. Ыктыярчылардын демилгеси жана көмөгү менен Бишкек, Ош шаарларында, аймактарда күндүзгү стационарлар иштей баштаган. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда коронавирус азая баштаганын маалымдады.

Коронавирус курмандыктарына байланыштуу Кыргызстанда 30-июлда Жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Расмий маалымат боюнча, 29-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 34 512 кишини түздү. Ал эми каза болгондордун саны 1347ге жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG