Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Каза болгон дарыгердин өкүтү


Маркум Сарбагыш Иманалиев.
Маркум Сарбагыш Иманалиев.

Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев 35 жылдык өмүрүн медицинага арнаган.

27-июлда Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Иш үстүндө илдет жуктурган 60 жаштагы дарыгер эки өпкөсүнөн кагынып, абалы оңолбогондуктан реанимобил менен Бишкекке жеткирилген.

Иманалиев 1960-жылы 15-августта Кочкордо туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, 1985-жылы Чолпон-Ата аймактык ооруканасында реаниматолог болуп иштей баштаган. Бул ооруканада өмүрүнүн акыркына чейин эмгектенип, пандемияда коронавируска чалдыккан бейтаптардын өмүрүн сактап калууга болгон күчүн жумшады.

Оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин дээрлик бардыгына вирус жуккан. Башкы реаниматолог абал курчугандан бери жалгыз иштеп жатканын кесиптеши Гүлсара Имананалиева айтып берди.

«Сарбагыш Иманалиев оорукананын бул бөлүмүн 1987-жылы уюштурган. 33 жыл ушул жерде иштеген. Пандемия күчөп турганда мен да ооруп калдым. 22-июлда анын өзүнүн абалы оорлошуп, кычкылтек концентраторунун жардамы менен дем алып калыптыр. Эмне үчүн буга чейин дарыланууга кетпегенин сурасам, «бейтаптарды таштай турган киши жок» деп, акырына чейин иштептир» - деди көз жашын тыя албаган кесиптеши.

Илдеттен көз жумган реаниматолог Сарбагыш Иманалиевдин уулу Төлөгөн Сарбагыш уулу атасы ооруп жатканда да бейтаптар үчүн кабатыр болуп жатканын айткан эле:

«Бейтаптарга кыйын болду. Төрөй турган аялдар келсе, аларга ким наркоз берип, абалына ким көз салат? Азыр эс алганы келгендер көбөйдү. Адатта бул кезде жол кырсыктары көп катталат. Оор жараат алгандарга да реаниматологдун жардамы өтө керек. Бардык күчтү Бишкекке жумшап коюшту. Жолдо баратканда атам: «Эми эл эмне болот, мен кетип калсам алар эмне болот?» - деп кейип жатты... Аны угуу бизге оор болду. Дарыгер өзү кыйналып жатса да, башкалардын өмүрүн сактап калууну ойлойт экен! Тилекке каршы, дарыгерлерди колдоого алып, жанына жардамчы таап бергенге мамлекетибиз жарабай келет».

Сарбагыш Иманалиев беш кыз, беш эркектин эң улуусу. Атасы Кочкор районунда агроном, энеси почтонун байланыш бөлүмүндө иштеген. Бир туугандардын төртөө медик. Сарбагыш Иманалиев - реаниматолог, Гүлсара Иманалиева - реаниматолог, Майрамбек Иманалиев - тиш дарыгери, Жылдыз Иманалиева - фармацевт. Инисинин уулу Чыңгыз Иманалиев да дарыгерлик кесипти тандап алган.

Сарбагыш Иманалиев үй-бүлөсү менен.
Сарбагыш Иманалиев үй-бүлөсү менен.

Сарбагыш Иманалиев 1989-жылы үйлөнгөн, жубайы финансист. Жубайлар бир кыз, үч уулду тарбиялап өстүргөн. Дарыгердин кенже уулу Бекмырза Табылдиев Медициналык академиянын 6-курсун аяктап жатат. Окууну бүтсө ата жолун жолдоп, реаниматолог болот.

Иманалиев: Өлүм баарын ашкере кылып жатат

Дарыгер 9-июлда «Азаттыктын»​ «Биз жана дүйнө» берүүсүнө катышып, Ысык-Көл районундагы кырдаалды айтып берген.

- Акыркы 4-5 күн ичинде абал абдан начарлап кетти. Себеби, биринчиден сезон башталды. Анын үстүнө Бишкектеги дүрбөлөңдөн көп киши качып, Ысык-Көл районуна келди. Бирок көбү коронавирус жугузуп алган, өпкөсү сезгенип ооруп жатышат. Ошондуктан азыр акыбал оор болуп калды. Оорулуулар көбөйүп кетти. Мына, бүгүн эле өпкөсү сезгенгендердин баарын «Алтын балалыкка» көчүрдүк. Себеби, стационарда төрөт бөлүмүндөгүлөр, операция болгондор, хирургиянын бейтаптары жатышы керек. Аларга такыр орун калбай калганда «Алтын балалыкка» которууга аргасыз болдук. Инфекция бөлүмүндөгү коронавируска чалдыккандарга даярдалган орундардын баары толтура. Аякка да киши жаткыра албай калдык. Катуу ооругандар көбөйө баштады.

Ысык-Көл: вирус медиктердин шайын оодарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00

- Азырынча кырдаал көзөмөлдөбү, чама-чаркыңар жетип жатабы?

- Алыбыз жетпей бара турган болуп калды. Биринчиден, орун калбай калды. Экинчиден, медиктер да ооруп жатат. Алардын ордуна иштей турган киши аз. Мурда эле кадр маселеси кыйын эле. Себеби, көбү Орусияга, Казакстанга кетип калган. Азыр жалаң пенсиядагы, эс алууга чыгар алдындагы адамдар иштеп аткан. Алар 70тей киши арыз жазып, «үйдө отурабыз» дешти. Себеби, коронавирус менен ооруп калуу коркунучу жогору болуп калды. Анан негизинен жаштарды иштетип жатабыз. Биринчи кадр маселеси кыйын болуп атат, медайымдар, дарыгерлер жетишпейт, аппаратура жетишпейт. Бизде дем алдыруучу аппараттар бар, бирок эски. Союздан калган аппараттарды сатып алганбыз да.

- 7-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында «ооруканада орун жана жабдык жетиштүү, болгону кадр гана жетишпейт» деп, «70 миң сомго чейин төлөп беребиз, келсеңер келишим түзөбүз» деп, медиктерди ишке чакырды. Ооруканада орун, жабдык жетиштүүбү, сиз ырастай аласызбы?

Вирус биздин медицинанын болгон абалын, Кыргызстандын экономикасынын абалын, биздин тартибибизди көрсөтүп койду да. Кичинеден чоңубузга чейин ооруга кылган, элге кылган мамилебизди далилдеп койду да.

- Бул баягыдай эле калп айтып, өтүп кетет деп ойлоп жатат да. «Жасап атабыз, кыйратып атабыз, баары бар» деп эле кырдаалдан чыгып кетсек деп жатат. Бирок «ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» болуп, өлүм баарын ашкере кылып атат. Вирус биздин медицинанын болгон абалын, Кыргызстандын экономикасынын абалын, биздин тартибибизди көрсөтүп койду да. Кичинеден чоңубузга чейин ооруга кылган, элге кылган мамилебизди далилдеп койду да.

- Медициналык жабдык тууралуу айтсаңыз, алар чындап эле жетиштүүбү?

- Биздин Ысык-Көл району Кыргызстан боюнча эң төмөнкү каржылоодо турат. Мисалы, бизге 27 миллион сом бөлүнөт. Булар «канча кишини дарыласаң, ошончо каржылайбыз» деп айтып жатышат. Биз 5000 кишини дарыласак, 27 миллион сом бериптир. Ошол эле Кочкор районуна барсак, ал жерде деле 5000 адам дарылаган, бирок ал жерге 60 миллион сом бөлүнгөн экен. Эмне себептен мындай экенин сурасаң, жооп бере алышпайт.

Союз ураганда ооруканалардагы орундарды кыскартышкан. «Материалдык-техникалык базаны оңдойбуз, айлыкты көбөйтөбүз» деген жүйө айтылган. Бирок орун кыскартылганы менен баягы акча жоголуп кетти. Эң негизгиси, Союз убагында миң адамга мынча дарыгер, мынча орун, мынча медайым деген стандарт бар болчу. Азыр андай болбой калган. Ким катууракк кыйкырса, ошого акча көп бөлүп калган да.

«Азаттыктын» архивинен: Коронавирус: Кыргызстан кырдаалдан кантип чыгат? (9-июль, 2020-жыл)

Коронавирус: Кыргызстан кырдаалдан кантип чыгат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:58 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG