Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

«Ата Мекендин» лидеринин иши арасат абалда


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыккан учур. 29-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыккан учур. 29-август, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 29-июлга белгиленген соттук отурум бул жолу да болбой калды.

Ага Өмүрбек Текебаев жараянга келбегени себеп болду. Азыркы бийликке оппозиция деп саналып жаткан партиянын лидеринин сот иши качан бүтөрү, анын парламенттик шайлоого катышар-катышпасы азырынча арсар.

Эки саясатчынын иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда дээрлик эки айдан бери соттук жараян өтө элек. Негизинен акыркы отурумдар айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын келбей калгандыгына байланыштуу утур-утур кийинкиге жылдырылууда.

Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 29-июлга белгиленген процесс да Өмүрбек Текебаевдин келбегени үчүн 3-августка калтырылды. Саясатчы мунун алдында эле «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып сотко бара албасын айтып, аны мындайча түшүндүргөн:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Мен сыркоолоп эки жумадан ашык ооруканада жатып, ушул жуманын башында гана чыктым. Дарыгерлердин көрсөтмөсү менен эми дагы эки жума үй шартында дарыланып, өзүмдү башкалардан обочо кармашым керек».

Текебаевдин бул сөзүнө караганда ал 3-августка белгиленген соттук отурумга да барар-барбасы белгисиз. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, шаршемби күнкү жыйында прокурорлор кийинки отурумга Текебаевди караган дарыгерди чакырып саясатчынын оорусу тууралуу маалымат алууну сунуштап, судья аны канааттандырды.

Иштин өзүнө токтолсок, сот орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинди суракка алуу протоколун угуза баштаган экен. Ушуну менен күбөлөрдү суракка алуу жана сотко келбеген күбөлөрдүн мурда берген көрсөтмөсүн угуу жыйынтыкталат. Андан кийин иштин материалдары менен таанышып, тараптар жарыш сөзгө чыгат. Адвокат «бул сот ортолоп калганын билдирет» дейт.

Ал арада Кыргызстанда парламенттик шайлоонун күн-айы такталып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), партиялар саясий жарышка камынып жатышат. Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата Мекен» партиясы да бийликке оппозиция катары шайлоого катышарын жарыялаган. «Жаңы дем» деген ураан менен партиянын алдында түзүлгөн саясий альянсты депутат Жанарбек Акаев баштап барганы жатат. Текебаев өзү шайлоого катышар-катышпасын айта элек.

Саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова «Ата Мекендин» лидеринин шайлоого катышуусуна мыйзамдык тоскоолдук жок деген ойдо турат.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

«Сот жообуна тартылбаган адам депутаттыкка талапкер боло алат. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов экөө тең азыр соттолбогон кишилер. Ошондуктан аларга эч кандай тоскоолдук жок», - деди ал.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми райондук сот 29-августта камактагы саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүп сот залынан бошоткон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап жатканына бир жылга чукулдап калды. Текебаев былтыр журналисттерге сот атайылап создуктурулуп жатканын айтып, муну парламенттик шайлоого аны катыштырбоо аракети катары баалаган.

Мыйзам боюнча 20-августка чейин партиялар курултайларын өткөрүп, талапкерлерин аныктоого тийиш.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Ишенбай Кадырбеков да Текебаев шайлоого катышууга укугу бар деп эсептейт.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Эгерде Өмүрбек Текебаевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизип, аны БШК каттабай койсо бул кимге кадыр-барк алып келет? - деп суроо койду ал. - Текебаев тизмеде барбы-жокпу, анын партиясы баары бир шайлоого катышып жатат да. Эл анда «калыстык деген жок экен. Ал соттолбосо эмнеге каттоодон өтпөйт?» деген суроо берет. Мындай ыплас иштер элдин жинин келтирип, бул бийликчил партияларга каршы турууга шарт түзөт».

«Ата Мекен» партиясынын курултайы качан өтөрү белгисиз. Партиялар БШКга 120 талапкердин тизмесин берип, Боршайком аны каттагандан кийин талапкерлерге кол тийбестик берилет. Саясат талдоочу Марс Сариев Текебаевдердин соттук ишинин создугушу бийликке эмес, «Ата Мекендин» пайдасына иштеп жатат деген пикирде.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

«Биринчиден, Өмүрбек Текебаев ушул бийликтин тушунда түрмөдөн чыкты, - дейт ал. - Чын-чынына келгенде Текебаевдин эл арасындагы рейтинги да аябай жогору эмес. Ошондуктан партияга жаштарды тартты. Анын соттук иши дагы созула берсе коомчулукта Текебаевдин кадыр-баркы көтөрүлөт. Себеби, адамдар «Текебаев бийлик менен сүйлөшүп албаптыр. Чын эле оппозиция экен» деген жыйынтыкка келет. Анткени Кыргызстанда чын эле реалдуу оппозиция жок да».

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышкысы келерин 44 партия билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов аларга коюлган айыпты толугу менен четке кагып, аларга каршы козголгон кылмыш ишин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG