Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

АКШ баяндамасы: Бишкек кыйноого жана адам уурдоого жол берди


Бишкектеги акциялардын бири.
Бишкектеги акциялардын бири.

Кыргызстанда 2021-жылдагы адам укугунун абалы боюнча АКШ Мамлекеттик департаменттинин баяндамасы жарыяланды.

Анда күч түзүмдөрүнө көзөмөлдүн начардыгы атайылап адам өлтүрүү, кыйноо жана адам уурдоо сыяктуу кылмыштарга жол берген учурлар мисалга алынды. Ошондой эле сөз эркиндигин чектөө жана тынч жыйындарга чогулуу укугун бузган иштер камтылды.

Акыйкатчы институту бул дооматтардын айрымдарына макул болсо, Башкы прокуратура көзөмөл боюнча дооматтарды четке какты.

"Кыйноолор уланууда"

Кыргызстандагы адам укугунун абалы боюнча баяндаманын өзөгүн негизсиз камоолор, адамгерчиликсиз мамиле жана кыйнап, моюнга алдыруу сыяктуу учурлар түздү. Анда жалпы түшкөн арыздын ичинен 63 кыйноо фактысы аныкталганы көрсөтүлгөн.

Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов мурдагыга караганда убактылуу кармоочу жайлар менен тергөө абактарында кыйноолор бир топ азайганына, бирок башка жагдайлар бар экенине токтолду:

"Кыйноолорду колдонгон мурдагыдай көрүнүштөр бир топ азайган. Буга видео байкагычтарды орнотуу жана биздин тескөөчүлөрдүн ал жактардан тез-тез кабар алып турганы себеп болду. Негизи иш жүрүп жатат. Бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди. Бул боюнча биздин мамлекет БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинде милдеттемелердин аткарылышы тууралуу 3-баяндамасын ийгиликтүү жасады. Азыр бизде журналисттерге басым, медианы жаап, сөз эркиндигине шек келтирген, жыйындарга чогулуу укугун басмырлап, митингге катышкандарды мыйзамсыз кармаган учурлар болуп жатат".

Ошол эле кезде күч түзүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөөнүн начар абалына басым жасалды. Былтыр Бишкекте жол кайгуул кызматкери айдоочуну атып салган учур мисалга алынган. Жасалма далил же жалган көрсөтмө менен саясий негизде кылмыш ишин ачып, күчтөп моюнга алдырган учурлар кеңири жайылганы баяндамада баса белгиленди.

Башкы көзөмөл органдын жообу

Бирок мындай дооматтарга мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн Кыргызстандын Башкы прокуратурасы макул эмес. Анын маалыматы боюнча мыйзамдуулукту көзөмөлдөөнүн натыйжасында бир катар тартип бузуулар аныкталды:

"2021-жылы тергөө иштери жана алдын ала иликтөө боюнча 908 текшерүү жүрдү. Эреже бузуулар аныкталып, жалпысынан 1006 эскертүү берилген. 383 тартиптик өндүрүш иши ачылды. Жыйынтыгында 724 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Жалпысынан кыйноо фактылары тууралуу 254 арыз катталган. Тергөөдөн кийин 10 иш соттун кароосуна жиберилген. Дагы 10 иш бириктирилген. Бир иш убактылуу токтотулган. Ал эми 172 иш өндүрүштөн кыскартылды", - дейт Башкы прокуратуранын тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Улукбек Султанов.

Мындан башка баяндамада былтыр "Сапат" билим берүү мекемелер тармагынын башчысы Орхан Инандынын уурдалып, түрк чалгын кызматына өткөрүлүп берилген окуяга көңүл бурулган.

Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов ал боюнча бир нече жолу маселе көтөрүлүп, ошондон кийин иш козголгонун билдирди:

"Инандынын жубайы бизге келип, атайын арыз менен расмий кайрылган. Бул маселе боюнча ал өзү дагы кат жүзүндө арызданган. Бул боюнча былтыр жайдан баштап, азыркы күнгө иш алып баруудабыз. Бул жерде адам уурдоо фактысы болгон. Укук коргоо органдары өз убагында чара көргөн эмес. Бирок алардын өздөрүнүн дагы жүйөсү бар".

"Тыюу жакшылыкка алып келген эмес"

Баяндамада бийликтин сөз жана басма сөз эркиндигин, тынч жыйындарга чогулуу укугун басмырлаган учурлар менен бирге эле интернетти чектөө аракеттери күчөгөнү белгиленди.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бийликти тыюу чараларынан оолак болууга чакырды:

"Аксы окуясында тынч бараткан элге ок атуунун бирден-бир себеби ага чейин жарандардын эркин оюн айтып, митинг, пикет сыяктуу тынч жыйындарга чогулуу укугун бузуп, тыюу салгандан чыккан. Азыр дагы ошондон сабак албай, жарандар айтып келе жаткан сөз жана басма сөз эркиндиги кысымга алынып, тынч чогулуу укугу бузулуп жатат. Адам укугунун бир катар багыттары басымга дуушар болду. Соттордун колу менен жасалган бул иштердин кесепети оор болушу мүмкүн".

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Динара Ашимова АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасындагы айрым мисалдар чындыкка дал келерин белгилеп, айрыкча үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси көңүлдү өйүтүп турганына токтолду.

Бирок баяндамада өлкөдөгү абалды толук чагылдырат дегенге кошулбай турганын айтты:

“Алар анализ кылганда көбүнчө Кыргызстанда иштеген эл аралык жана бейөкмөт уюмдар берген маалыматтардын негизинде тыянак чыгарат. Кээ бир уюмдар чынында калыс маалыматтарды берет. Айрымдары терс окуяларга көбүрөөк басым жасап коюшу мүмкүн. Ошондуктан, бир өлкө экинчи өлкө толук, объективдүү маалымат бере албайт”.

Ашимова адам укуктарына байланыштуу Кыргызстанда көйгөйгө көңүл буруу зарыл экенин, ал үчүн аткаруу бийлиги менен жарандык коом бир багытты көздөшү керектигин билдирди.

Ашимованын пикирлерин бул жерден угуңуз:

АКШнын Мамлекеттик департаментинин башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда өткөн жылдагы адам укугунун абалын чагылдырган баяндамасы 37 беттен турат. Ал адамдын жеке кол тийбестиги, жарандык эркиндиктер жана дин эркиндиги, саясий жараяндарга катышуу укугу, коррупцияга каршы күрөш, кодулоо жана социалдык кыянатчылык сыяктуу жети бөлүктөн турат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 13-апрелдеги Фейсбуктагы баракчасындагы кайрылуусунда "Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги жана адам укугу сөзсүз сактала турганын, ар ким каалаганын айтып, митингдерге чыгып, сүйлөй аларын" айтып, бирок андан кыянатчылык менен пайдаланбоого чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG