Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Кыргыз живописи. Европага эмгегин саткан сүрөтчүлөр


Садык Мурзахановдун эмгеги.
Садык Мурзахановдун эмгеги.

Англияда алгачкы жолу кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Лондондогу Юнус Эмре атындагы институтка коюлган бул көргөзмөдө негизинен заманбап импрессионизм, пейзаж жанрында тартылган эмгектер орун алды. Эми саамалык Гастинг шаарында да уланганы турат.

"Натюрморттор кызыктырат"

Англиянын борбор шаары Лондондо уюштурулган көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөр Азиз Сулайманов, Садык Мурзаханов, Арстан Дукуев, Залкар Токтогулов жана Элдияр Шаршембиевдин 40тан ашык эмгеги коюлган.

Алардын арбын бөлүгүн негизинен заманбап импрессионизм, пейзаж, натюрморт жанрында тартылган сүрөттөр ээледи. Мындан сырткары күнүмдүк кыргыз турмушунун элестери жана дүйнөлүк көркөм мураска жаңыча көз карашты сунуш кылган инновациялык эмгектер да бар.

Азиз Сулаймановдун көргөзмөдөгү эмгеги.
Азиз Сулаймановдун көргөзмөдөгү эмгеги.
Азиз Сулаймановдун көргөзмөдөгү эмгеги.
Азиз Сулаймановдун көргөзмөдөгү эмгеги.

Көргөзмөдө коюлган сүрөттөрдүн көпчүлүгү Азиз Сулаймановго таандык.

Азиз Сулайманов.
Азиз Сулайманов.

"Жалпысынан 30га жакын эмгегим коюлду. Алардын көбү натюрморт болсо, арасында бирин-серин пейзаждар да бар. Анан сүрөттөрдү алыска жеткирүү оңой болбогондуктан, көлөмү чакан эмгектерди алып бардык. Негизинен англиялыктар кийинки учурда биздин натюрморт жанрындагы эмгектерибизге кызыгып жүргөндүктөн, бул көргөзмөгө да ушул багыттагы сүрөттөрдү арбын койдук. Айрым эмгектерди кызыккан көрүүчүлөр сатып алды. Мен кээ бир сүрөттөрүмдү интернет аркылуу саттым. Негизинен соода ар кандай болот, чакан көлөмдөгү сүрөт болжол менен 600 доллардан жогору бааланат", - деди ал.

Лондондун сүрөт базарына тааныш талант

37 жаштагы сүрөтчү Азиз Сулаймановдун эмгектери менен буга чейин эле айрым британдык сүрөт сүйүүчүлөрү тааныш болгон.

Себеби кыл калем ээси менен соңку төрт-беш жылдан бери британиялык Buckingham Gallery of Fine Art компаниясы иштешип, сүрөттөрүн сатып алып, Лондондогу 20га чукул галереяга койгон. Бул кезектеги көргөзмөнүн өтүшү Сулаймановдун талантын баалагандар үчүн да жакшы платформа болуп калды.

Лондондо өткөн сүрөт көргөзмө.
Лондондо өткөн сүрөт көргөзмө.

"Англияда искусство бааланат экен"

Аталган көргөзмөгө катышкан сүрөтчүлөрдүн бири Залкар Токтогулов маданий иш-чарага чейин эле Лондондогу London art Biennale конкурсуна “Кумурсканын уюгу” деп аталган эмгеги менен катышуучу болуп келген.

Залкар Токтогулов "Кумурсканын уюгу" деп аталган эмгеги менен.
Залкар Токтогулов "Кумурсканын уюгу" деп аталган эмгеги менен.

33 жаштагы сүрөтчү сынакта кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштургандар менен таанышып, экинчи маданий саамалыкка катышып отурат.

“Көргөзмөгө катышарым маалым болгондон кийин Лондондогу Ричмонд-парк деп аталган кооз аймак бар, ошону да тарткам. Ал эмгегим да коюлуп калды. Негизи Англияда искусство, анын ичинен сүрөт өнөрү айрыкча жакшы бааланат экен. Галереяларга, музейлерге эл кызыгуу менен келерин байкадым. Муну менен катар көрүүчүлөрдүн табити мыкты болгондуктан, сүрөтчүлөрдүн эмгектерине талап да күчтүү экен. Мисалы, дүйнөлүк кино ишмерлерине Голливуд кандай баалуу болсо, сүрөтчүлөр үчүн Англия баалуу экен. Анткени дүйнөдөгү эң белгилүү галереялар ушул жакта жайгашкан. Бардык мүмкүнчүлүктөр бар экен”, - деп өз таасирлерин бөлүштү сүрөтчү.

Көргөзмөнүн көрүүчүлөрү.
Көргөзмөнүн көрүүчүлөрү.
Көргөзмөнүн куратору Гүлсара Акматова, сүрөтчүлөр Азиз Сулайманов жана Залкар Токтогулов.
Көргөзмөнүн куратору Гүлсара Акматова, сүрөтчүлөр Азиз Сулайманов жана Залкар Токтогулов.

Залкар Токтосунов 2010-2016-жылдары Москвадагы Суриков атындагы көркөм сүрөт академиясында окуган. Ал 2023-жылга чейин Орусияда кесиби боюнча иштеп келген. Эми алдыда Лондондогу башка көргөзмөлөргө катышууну пландап жатат. Ошондой эле кийинки жылдары жеке көргөзмөсүн уюштурууну максат кылууда.

Көргөзмөнү Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчилигинин колдоосу менен London Kyrgyz Art бирикмеси уюштурган.

Сентябрь айында өткөн иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов да катышкан.

Саамалыктын максаты - европалыктарга заманбап көз караштагы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн дараметин көрсөтүү.

Көргөзмөнүн куратору Гүлсара Акматова жана Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов.
Көргөзмөнүн куратору Гүлсара Акматова жана Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов.

"Эми Гастингсте да өтөт"

Көргөзмөнүн куратору Гүлсара Акматова мындай көргөзмө Лондондо биринчи жолу өтүп жатканын, британиялык сүрөт сүйүүчүлөрү кыргыз кыл калем ээлеринин эмгегин кандай кабыл алганына токтолду.

“Көргөзмө позитивдүү маанайда өтүп, англиялык живопись сүйүүчүлөрүнүн купулуна толду. Көргөзмөнү талантуу сүрөтчүбүз Азиз Сулаймановдун заманбап живопистери көркүнө чыгарды. Садык Мурзахановдун өзүнүн уникалдуу почерки менен тартылган эмгектери көрүүчүлөрдү тамшандырды. Арстан Дукуев, Залкар Токтогулов жана Элдияр Шаршембиевдин колориттик пейзаждары, натюрморттору да бийик баага арзыйт. Айтор, баары жакшы маанай тартуулады".

Акматова Лондондо билим алган, бул өлкөдө бир топ жылдан бери жашайт. Ал сүрөт сүйүүчүсү болгондуктан, атактуу дүйнөлүк сүрөтчүлөрдөн башка ата мекендик сүрөтчүлөрдүн да эмгектерин коллекциялап келет. Ошону менен катар London Kyrgyz Art долбоорунун алкагында маданий саамалыктарды уюштуруп жатканына он жылдай убакыт болду.

Ал Лондондо өткөн кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү аталган өлкөнүн башка аймагында да өтөрүн айтты:

“Эми ушул эле көргөзмөнү 10-октябрда Англиядагы эң кооз шаарлардын бири Гастингсте өткөрөбүз. Буюрса, бүгүнкү кыргыз сүрөт өнөрүн британиялыктарга даңаза кылалы деп турабыз”.

Садык Мурзахановдун эмгеги.
Садык Мурзахановдун эмгеги.

Сүрөтчүлөрдүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Улуу Британиядагы көргөзмөгө 35 жаштагы сүрөтчү Садык Мурзахановдун да бир канча натюрморт багытындагы эмгектери жана бир портрети коюлду. Бирок сентябрь айында көргөзмө уюштурулган кезде ал башка өлкөдө болгондуктан, өзү катыша албай калган. Ошентсе да анын портретине кызыгуу күч болуп, англиялыктар сатып алган.

Садык Мурзахановдун эмгеги.
Садык Мурзахановдун эмгеги.

Мурзаханов да буга чейин чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө катышып жүргөнү белгилүү. Азыркы сүрөтчүлөргө интернет ааламы чет өлкөлүктөр менен соода базары үчүн ыңгайлуу платформа болуп калганын айтууда:

Садык Мурзаханов.
Садык Мурзаханов.

“Мурда чет элдиктерге сүрөттөрдү сатуу алда канча татаал иш болчу. Ал үчүн атайын галерея ачып, көргөзмө уюштуруу маанилүү эле. Ал эми азыр интернет ааламы бизге бир канча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Социалдык тармактарда сүрөтчүлөр жана сүрөт сүйүүчүлөр үчүн түрдүү тайпалар бар. Анда кээде кадимкидей кайнаган базар болот. Ошол жерден кардарлар менен көрүшпөй эле өз эмгектерибизди соодалап, баалап сата алабыз. Ушундай мүмкүнчүлүктү пайдалана алган сүрөтчүлөр бир жагынан өзүн таанытып, экинчи жагынан эмгектеринин үзүрүн көрүп жатышат. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдалана албагандар да бар. Эми ар кимдин өз эрки".

Садык Мурзахановдун эмгеги.
Садык Мурзахановдун эмгеги.

Садык Мурзахановдун айтымында, учурда өлкөдө таланттуу, жаңычыл көз караштагы сүрөтчүлөрдүн катары барган сайын калыңдап баратат.

Лондондо көргөзмөгө эмгеги катышкан сүрөтчүлөрдүн ичинен Азиз Сулайманов менен Садык Мурзахановдун жеке көргөзмөсү бир жыл мурда Венгриянын борбору Будапештте ачылган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG