Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Чек ара: Как-Сай аймагында да атышуу башталды


Кыргыз-тажик чек арасы. Достук айылы, Баткен району.
Кыргыз-тажик чек арасы. Достук айылы, Баткен району.

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 14:00дө Баткен районунун Как-Сай аймагында Тажикстан менен чектешкен жерде эки өлкөнүн чек арачылары ок атышып жатканын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирди. Анда тажик чек арачылары "Достук" бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп берип жатканы айтылат.

Тажикстан буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Булак-Башы аймагындагы чатактан эки аскер жарадар болгонун билдирди. Алардын бири минометтун минасынан жеңил жараат алган. Экинчиси контузия алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

"Азаттыктын" тажик кызматынын булактары Булак-Башыдагы жаңжалда бир тажик чек арачысы каза болуп, экөө жарадар болгонун билдирди. Бирок Тажикстандын Чек ара кызматы бул боюнча расмий маалымат бере элек.

"Ок атышуу болгон аймакта 20 гектардай жер күйүп кетти"

Ал арада ок атышуу болгон Булак-Башыда өрт чыкканын Баткен облусундагы Жайыт комитетинин башчысы Меңдибай Зикираев "Азаттыкка" билдирди. Ага ылайык, тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып, 20 гектардай жайыт күйүп кетти. Учурда өрт толук өчүрүлө элек, эки аскер жана төрт чабан аны өчүрүүгө аракет кылып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Алим Токторов өрт өчүрүүгө үч машина даяр турганын, бирок чек арадагы сүйлөшүүлөр бүтө электигине байланыштуу ал аймакка баралбай жатышканын "Азаттыкка" кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал саат 12.40ка карата чыңалып турганын, бирок ок атышуу токтогонун билдирди. Баткен жана Согд облусунун чек ара башчыларынын сүйлөшүүлөрү уланып жатканы да белгилүү болду.

Буга чейин окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын Согд облусундагы өкүлү Хикматулла Пираков менен жолугушуп жатканы кабарланган.

Тараптар бири-бирин айыптоодо

Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрь күнү эртең менен ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, Булак-Башыдагы тактала элек аймакка ("Капчыгай" чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын "Кех" бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген.

"Кыргыз чек арачылары алардын чыгып кетүүсүн талап кылганда, баш ийишкен эмес. Ошол маалда кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган соң ортодо атышуу башталган. Эки тараптын чек ар башчылары ок атышууну токтотуу, жаңжалга байланыштуу жолугууну макулдашты", - деп жазылган маалыматта.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги коңшу мамлекеттин Чек ара кызматына шилтеме кылып, "биринчи кыргыз чек арачылары эч себепсиз ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин" жазды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арадагы кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода менен жолугуша турганын билдирди. Ал эми күч түзүмдөрүнүн облустагы жетекчилери атышуу болгон Булак-Башыга кеткенин айтты.

"Булак-Башыда үчүнчү жолу жаңжал чыкты"

Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавына жакын жайгашкан.

"Булак-Башыда калктуу конуш жок, ал тоолуу, жайлоо жер. Ал жакка Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылы көчөт. Ворухка жакын, аралыгы 6-8 чакырым, биздин айылдарга болсо 30-32 чакырымдай болот. Ал жерде жазында жайлоого чыккан 2-3 малчылар болгон, бирок алар кайтып келген. Бул жерде мындай окуя үчүнчү жолу катталып атат", - Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.

Мындан так үч ай мурун, 14-июлда да Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары ок атышкан. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Бирок дагы эле толук тактала электигине байланыштуу чек арада тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG