Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Чек ара: Тараптардын дооматы, элдин талабы


Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси. Архивдик сүрөт.

24-июлда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, бир нече киши жабыркады. Кыргыз тарап тажикстандыктар милиция кызматкерине кол салганын маалымдады. Кыргызстан чатакка тажик жарандарынын аракети себеп болгонун айтса, Дүйшөмбү аны кыргызстандык атуул баштаган деген маалымат таратты. Эки тарап тең азыр чек арада абал туруктуу экенин ырасташты. Баткендин бийлиги окуяда зыянга учураган милициянын автоунаасына кеткен чыгымды тажик тарап төлөй турганын айтууда.

Жергиликтүү бийлик бул окуяны күнүмдүк пикир келишпестик катары сыпаттаса, тургундар майда-барат чыңалуудан кооптонуп калганын айтып жатышат.

Жолдогу мушташ

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы дүйшөмбү күнү кечке жуук чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын ырастаган. Мушташка машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кескени себеп болду деп билдирген.

“Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Бирок ага Хожа-Алъо (Кожалы) айылынын тургундары кол салган. Ал кызматкер окуя болгон жерден качып чыгууга жетишкен. Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы терезесин сындырышкан”, - деп кабарлады УКМК.

Окуяда кыргыз тараптан жараат алган үч кишинин экөө бир туугандар. Алардын атасы, Ак-Сай айылыны тургуну Зайнидин Дубанаев буларды айтып берди:

"Биздин тууганды тажик жарандары сабап жатканда менин эки балам барып ажыраталы деген. Алар тарапта 30дан ашык жигит болгон. Он беш автоунаада ар биринде экиден эле жигит болгондо канча адам бар экени белгилүү да. Анан алар биздин балдарды сабап, чоң тополоң чыгып кетти".

Жергиликтүү тургун Асылбек майда чырлар катталган сайын эл кооптонуп жатканын айтып, кыргыз-тажик чек ара маселесин тез арада чечүүнү бийликтен суранды:

"Ушундай маселелер жаралып, жаңжалдар чыгып, тирешүү болгон сайын эл кооптонуп калды. Ар бир кыймылды байкап, этият болуп жашап жатышат. Менин оюмча, чек араны кандай болсо да тездетип, биротоло чечиш керек. Эки өлкө тургундарын бири-бирине кездешпей тургандай кылып бөлүш керек. Элди мүмкүн болушунча убакыт өткөнчө жолу кесилишпей тургандай кылып маселени чечпесе, башка айласы жок болуп калды. Биздин аймактагы эл чек ара боюнча бир жактуу чечимди, макулдашууларды эле күтүп жашап жатабыз. Ошондо утурумдук болбой, туруктуу, ишенимдүү жашоо улайт элек. Антпесе аманаттай эле жашап, аскерлерге ишенип турабыз", - деди ал.


Кыргызстандын расмий өкүлдөрү окуядан кийин Тажикстандын тиешелүү жетекчилери менен жолугушкан. Анын жыйынтыгында тараптар чатак учурунда коюп алган тосмолорду алууну макулдашкан. Кыргыз тарап Дача аймагындагы, тажик тарап Кожалы (Хожа-Алъо) чек ара тозотуна бараткан жолдогу тосмону алмай болгон.

"Турмуш-тиричиликке байланышкан келишпестик болду"

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 25-июлда «Азаттык» радиосуна окуядан жабыркагандар, автоунаалардын чыгымы боюнча тиешелүү экспертизалардын жана укук коргоо кызматтарынын иликтөөсүнөн кийин чечим кабыл алынарын маалымдады.

Баткен районуну акими Учкунбек Жоробаев
Баткен районуну акими Учкунбек Жоробаев

"Кыргызстандын үч жараны биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү, абалдары жакшы. Чек ара аймагында абал тынч, эл күнүмдүк тирилиги менен алектенип жатат. Окуя Ак-Сай айылына кире бериште автоунаа айдоочуларынын жол эрежесин бузганынан, тирешинен башталган. Андан кийин Дача участогуна жакын жерде уланып кеткен. Эми бул күнүмдүк эле пикир келишпестик. Бул окуяны улуттар аралык же эки өлкөнүн ортосундагы чатак дегендей талкуулабаш керек. Бизде өзүбүздө деле жол кырсыгы болсо, тараптарда пикир келишпестик болуп кетет да. Биз дароо эки тарап тиешелүү кызматтар, жетекчиликтер жолугушуп, абалды туруктуу кармап, жаңжалдын андан ары ырбап кетүүсүнө жол койбой, маселени чечтик. Ошол учурда чыр күчөп маселе жаралбасын деп, эки тарап макулдашып, Исфара-Ворух жолун кыска мөөнөткө жаап турдук. Азыр абал туруктуу. Эл өз тиричилиги менен алек", - деди Учкунбек Жоробаев.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы чек арадагы окуя электрондук журналга катталып, иликтөө иштери башталганын, ооруканага кайрылган жарандарга экспертизалар дайындалганын билдирди.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо, абалды туруктуу кармоо боюнча Баткен облусунун башчысы менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы да сүйлөшүү жүргүзгөн. Облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова буларды маалымдады:

"24-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми денесинен жараат алган Кыргызстандын үч жаранына тийиштүү экспертизалар дайындалды".

Тажикстандын билдирүүсү

Тажикстандын Чек ара кызматы соңку чыр-чатак боюнча 25-июлда түштөн кийин гана маалымат берди.

Анда дүйшөмбүдө 17.30дар чамасында кыргыз-тажик чектеш айылдарында чатак чыкканын ырасталган.

"24-июлда сегиз машинеден турган үлпөт кортежи Исфараны көздөй бараткан. Кыргыздардын Ак-Сай айылына кире бериште автоунааны Кыргызстандын мас абалындагы жараны таш менен урган. Кортеждин бири жол кыймылына тоскоол болгонун айтып, ал трассаны тосуп алган. Машинеден чыгып, тажик жарандарына таш ыргыткан. Натыйжада үч автомашинага зыян келтирилип, төрт тажик жараны жеңил жараат алган", - деп билдирди жана чек арада абал туруктуу экенин кошумчалады.

"Озоди" радиосу: "Жергиликтүү үч тажик жаранынын маалыматына караганда, 24-июлда Баткендин Ак-Сай айылы аркылуу өткөн Исфара-Ворух жолу кечки саат 9га чейин коңшу өлкөнүн аскерлери тарабынан тосулуп турган. Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, кыргызстандык аскерлер жолдо турган. Кыргыз айылдарынын жашоочулары тажикстандыктардын машинелерин таш менен урган. Биздин үч айылдашыбыз жараат алган", - деп жазды.

Тажик Чек ара кызматынын маалыматында кыргызстандык милиция кызматкерине кол салуу тууралуу айтылган эмес.

24-июлда Кыргызстандын УКМКсы билдирүү таратканга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ​кыргыз-тажик чек арасындагы чыр эмнеден тутанганы тууралуу маалымат берген.

"Кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылында инцидент катталды. Ворух тараптан Ак-Сай айылы аркылуу тогуз машина (ЗАГС) келе жаткан. Ошол учурда Кыргызстандын жараны, Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин үч жаранды сабаган. Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жолдогу коопсуздук күчөтүлдү", - деп жазган Орунбеков.

Бирок Орунбеков Фейсбуктагы бул билдирүүсүн көп өтпөй алып салды жана анын себебин түшүндүргөн жок.

Чек арадагы чырдын себебин биргелешкен комиссия иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасынын 300 чакырымдайы эки тараптуу такталбай шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Мындан улам суу, жол, жер талаштан улам утур-утур жанжалдар чыгып келет. Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Быйыл 2-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулаган эле.

1958-1959-жылдарда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрадан тактоо иштери жүргөн. Кыргыз тарап чек араны 1958-жылдагы карта менен такташ керек деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG