Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:28

Кыргыз футболу: Ташиевге артылган үмүт


Colag
Colag

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. Атайын кызматтын башчысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул кызматка келгенин, өз ишин өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуудан баштарын билдирди.

Кыргызстандын Футбол союзунун президенти болуп шайланган Камчыбек Ташиев Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович жана Кыргыз Премьер-Лигасынын футбол клубдарынын машыктыруучулары 22-февралда жолугуп, Улуттук курамага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын киргизүүнү талкуулашты. Ал система тууралуу азырынча толук айтыла элек.

Кыргызстандын улуттук курама командасы быйыл Катарда өткөн Азия чемпионатында начар ойноп, тайпадан чыкпай калды. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович бул мелдешке жаш оюнчулар менен барган. Курамга тажрыйбалуу оюнчулардын бир тобу кирбей калганы футбол күйөрмандары арасында чоң талкуу жаратты.

Улуттук кураманын Азия Кубогундагы начар оюнунан кийин, Кыргыз футбол бирлигинин жетекчилиги кызматтан кеткен. Көп өтпөй президент Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге бул уюмду жетектөөнү сунуштап, ал 19-февралда Кыргызстандын Футбол уюмунун кезексиз конгрессинде уюмдун президенти болуп шайланды. Шайлоо ачык өтүп, анын талапкерлигин 28 делегат бир добуштан колдоду.

Эми алдыда 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндары турат.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Бүгүнкү дайындоо, тагыраагы, өлкөбүздүн президентинин тандоосу мен үчүн тапшырма. Биздин урматтуу президентибиз ушул федерацияны жетектөөмдү өзү суранды жана мындан ары көмөк көрсөтүүнү убада кылды. Ырас, убакытым чектелүү экенин түшүнүп турам. Менин башка кызматтарым жана иштерим бар. Бирок футбол менен алектенүү жана аны өнүктүрүү - менин көңүлүмө жаккан иш. Мен футболду сүйөм. Кыргызстан жакынкы күндөрү футболдук мамлекет болот. Баарыбыз футбол менен алектенебиз. Мектеп жашындагы балдардан тартып пенсионерлерге чейин, баарыбыз футбол менен машыгабыз", - деди Камчыбек Ташиев 19-февралдагы маалымат жыйында.

Ал өлкөнүн бир катар шаарларындагы стадиондор оңдоп-түзөлө турганын, балдар футболун өнүктүрүп, ички чемпионатты күчтөндүрөрүн убада кылды. Ал эми Бишкектин четиндеги Орок айылына салына турган стадиондун курулушу эки жылда аяктай турганын билдирди.

Кыргызстан жана Оман курама командаларынын беттеши. Азия Кубогунун тайпалык оюндары. Катар, Доха шаары. 26-январь, 2024-жыл.
Кыргызстан жана Оман курама командаларынын беттеши. Азия Кубогунун тайпалык оюндары. Катар, Доха шаары. 26-январь, 2024-жыл.

Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) 2020-жылдан бери жетектейт, 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрага орун басарлыгына да дайындалган.

Анын Футбол союзунун президенти болуп шайланганын айрымдар кубаттаса, кээ бирөөлөр сынга алышты.

Саясат талдоочу Эмил Жороев бул көрүнүшкө мындай баа берди:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Акыркы кезде чечилбеген көп маселелердин баарына эле Камчыбек Ташиев тартылып жатпайбы. Энергетика болобу же башка тармакпы... Жакында медицинага деле кайрылса керек. Башкасынын күчү жетпей атса, президент футболду да Ташиев мырза оңдойт деп ойлоду окшойт. Кыргызстанда бул күн сайын эле болуп жаткан кубулуш. Буга эми кечке эле туурабы, туура эмеспи деп суроо салганыбыздын мааниси жок деп ойлойм", - деди саясат талдоочу.

Ал эми спорт журналисти Бахтияр Кыдыралиев Ташиевдин футбол бирлигине жетекчи болушу өлкөдөгү футболдук инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзөт деп эсептейт:

"Камчыбек Ташиевдин Кыргыз футбол союзуна президент болуп келиши, жеке менин пикирим боюнча, эң негизги стадиондорду жакшыртууга, айрым маселелерди чечүүгө бир топ өбөлгө түзөт. Бирок анын келишинен өтө көп нерсени күтпөшүбүз керек. Буга чейин Кыргыз футбол бирлиги кандай жумуш алып барган болсо, ошол эле иштер уланат. Башкы машыктыруучуну да алмаштырбай турганын айтты. Бул жерде бирлик стадионду жаңылап, футболго эл жакшыраак көңүл бура баштайт деп ойлойм".

Ташиев өзүнүн баласы Испанияда футбол мектебинде окуп жатканын, кызы дагы футбол менен машыгарын айтып, кыргыз футболун өнүктүрүүгө убада берди.

Кыргызстандын футбол чемпионаты күчтөнөбү?

Өткөн аптада эле Дүйнөлүк футбол уюму жаңы рейтингин жарыялады. Ал боюнча Кыргызстан алты тепкичке - 104-орунга түштү. ФИФАнын мурунку рейтингинде Кыргызстан 98-орунда эле.

Кыргызстан футболу эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында. Өлкөнүн ички чемпионатында 10 гана команда бар. Бирок атаандаштык күчтүү эмес. Ошол эле маалда инфраструктура боюнча маселе көп, ички чемпионаттарга күйөрмандар да көп келбейт. Курама команданын оюндары гана кызыгуу жаратып келүүдө.

Футбол адистери Улуттук курама күчтүү болуу үчүн жергиликтүү клубдарды күчтөнтүү керек экенин байма-бай айтып келет.

Кыргыз премьер-лигасында былтыр 10 клуб ойноду. Алар - "Дордой", "Алга", "Алай", "Нефтчи", "Мурас-Юнайтед", "Талант", "Кара-Балта", "Илбирс", "Ошму-Алдиер" жана "Абдыш-Ата" клубдары. Алардын ичинен "Алга", "Алай" жана "Кара-Балта" клубдары муниципалдык болуп саналат. "Алга" клубу - Бишкек мэриясынын, "Алай" - Ош мэриясынын, "Кара-Балта" - Кара-Балта мэриясынын бюджетинен каржыланат. "Ошму-Алдиер" клубу болсо Ош мамлекеттик университетинин базасында 2022-жылы түзүлгөн. "Мурас-Юнайтед" клубу 2023-жылы түзүлүп, дароо эле Кыргызстандын чемпионатында ойной баштаган. Калган клубдар жеке ишкерлердин жана футбол союзунун каржылоосунда чемпионатка катышып келет.

Кыргызстандын футбол чемпионатында ойногон айрым командалар бир сезон оюн өткөрүп эле, кийин жылга чыкпай калышат. Мисалы, 2022-жылы өлкө чемпионатына катышкан "Нур-Баткен" командасы, бир жылдан кийин каржы маселесинен улам Премьер-Лигада оюнун токтоткон. 2020-жылы "Лидер" футболдук клубу каражаттын айынан чемпионат жүрүп жаткан кезде, мелдештен чыгууга аргасыз болгон. Айрым клубдар футболчулардын маянасын төлөй албай калган учурлар көп кайталанат. 2020-жылы "Алай" командасынын, былтыр "Алга" клубунун футболчулары маянасын албай калганы маалым болгон.

Жаңы дайындалган президент Ташиев мындан ары өлкө чемпионатында каржы маселеси көйгөй жаратпайт деп убадалап жатат.

"Ички чемпионатыбызды күчтөндүрүшүбүз керек деп бекеринен айткан жокмун. Чемпионатка катышкан 10 команданын ар бирине өтө олуттуу көңүл бурулат. "Дордой", "Абдыш-Ата" жана "Мурас-Юнайтед" клубдарында жакшы колдоо бар. Ойноп жатып чемпионаттын жарымынан таштап кетип калмай, футболчулар акчасын албай калмай же футболчуларды карабай коймой деген болбойт. Мамлекет футболго олуттуу караганда гана чоң жетишкендиктер болот. Тартип болушу керек. Тартип болбосо ийгилик келбейт", - деди Камчыбек Ташиев футбол уюмунун жаңы президенти болуп шайланган күнү.

Былтыр Кыргызстанда “Барселонанын” президенти Жоан Лапорта, легендалары Ривалдо, Эдгар Давидс баштаган жооп топ адам келип 29-августа, Жалал-Абад шаарындагы "Барселонанын" Кыргызстандагы академиясын ачкан. Андан бир күндөн кийин Лапорта Садыр Жапаров менен бирге Бишкекте да “Барселонанын” академиясынын курулушуна капсула салган. Ушул эле күнү Садыр Жапааров Бишкектин четиндеги Орок айылына салына турган стадиондун курулушуна капсула салган. Андан бери бир канча ай өтсө да курулуш иштери баштала элек. Бирок Ташиев бул стадиондун курулушу эки жылда аяктай турганын айтууда.

Борбор Азиядагы футболдун жагдайы: Европа чемпионатын мелжеген Казакстан

Казакстан Европалык футбол федерациялар биримдигинин (УЕФА) мүчөсү жана кыйла жылдан бери ушул чемпионатка катышууга жан үрөп келет.

Соңку жылдары казак футболу бир топ ийгиликтерге жетишип, “Евро-2024” чемионатына катышуу үмүтүн жаратты. Европа чемпионатына тандап алуу оюндарында Данияны утуп алганы (3:2) сенсация болду. Кийин Финляндияны утуп алышты.

Европа чемпионатынын тандап алуу оюндарында Казакстан ойногон тайпадан Дания менен Словения чыкты. Ал эми үчүнчү орунду алган Казакстан 21-мартта Грекия менен ойнойт. Эгер утса, 26-мартта дагы бир курама менен ойноп, жеңгени Европа чемпионатына жолдомо алмакчы. Демек, казак курамасы чемпионатка мурда болуп көрбөгөндөй жакын келди десек болот.

Казакстандын аймагынын бир бөлүгү (2,6 млн чарчы км) Европа континентинде болгондуктан футбол уюмуна кошулууга мүмкүнчүлүк алган. Казакстан Европалык футбол федерациялар биримдигине (УЕФА) 2002-жылы расмий кошулган.

2011-жылы Европа чемпионатына тандоо оюндарындагы ийгиликсиз беттештеринен кийин казак расмийлери “кайрадан Азиялык уюмга кирели" деген сунуштарды беришкен. Бирок чоң каражат салып, футболду өнүктүрүүгө катуу аракеттер болгон. 2015-жылы “Астана” клубу казак футболунун тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасында ойноду.

Тажикстан: Футбол уюмун президенттин уулу жетектейт

Катарда өткөн Азия чемпионатында чейрек финалга чейин жеткен Тажикстандын футбол уюмун президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам жетектейт. Ал башкалаа Дүйшөмбүнүн мэри, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы.

Тажикстандын футбол уюму курама команданы дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу үчүн бир нече жылдан бери “Орзу - 2026” (“Кыял - 2026”) деген программа иштеп жатат. Анын негизги багыттарынын бири жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттарга курама команданы даярдоого, футболду массалык өнүктүрүүгө багытталган. Азия чемпионатында мыкты оюн көрсөткөн курамадагы футболчулардын көбү ушул программа аркылуу окуп, табиялангандар.

Өзбекстандын футбол командасынын оюнчусу.
Өзбекстандын футбол командасынын оюнчусу.

Өкмөттүк демилгелер аркылуу Дүйшөмбүгө белгилүү италиялык “Ювентус” футбол клубунун академиясы ачылган. Анын ачылышына Эмомали Рахмон менен уулу Рустам катышкан.

Ошол эле маалда жогорку даражалуу аткаминерлерди футболдун өнүгүшү үчүн “өз ыктыяры менен кайрымдуулук кылууга” үндөшкөнү тууралуу “Озоди” радиосунун Дүйшөмбүнүн бизнес чөйрөсүндөгү булактары айтып берген.

Өзбекстан: Борбор Азиядагы эң күчтүү чемпионат

Катарда өткөн Азия Кубогунда Өзбекстан курама командасы мелдештин чейрек финалына чейин жетти.

​Өзбекстан такай Азия Кубогунда ойноп, плей-офф баскычына чыгып келет. Команда 2011-жылы Азия Кубогунун жарым финалына чейин жеткен.

Өзбекстандын футбол ассоциациясын 2019-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасы Абдусалом Азимов башкарып келет. Ал кызматка келгенде ал Өзбекстандын ички чемпионатын күчтөндүрүүгө убада берген.

Учурда Өзбекстандын футбол боюнча чемпионаты Борбор Азияда эң күчтүү деп саналат жана анда 14 команда ойнойт. Ал эми Азияда АФКнын маалыматы боюнча 9-орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG