Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:47

Чейрек финалдагы командалар. Азия Кубогун ким утат?


 Түштүк Корея курамасынын капитаны Сон Хын Мин.
Түштүк Корея курамасынын капитаны Сон Хын Мин.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунда бүгүн, 2-февралда чейрек финалдык оюндар башталат. Биринчи беттеште Иордания - Тажикстан, андан кийинки оюнда Түштүк Корея Австралия менен күч сынашат.

Азия Кубогунун чейрек финалына чыккан сегиз команданын тизмеси:

  • Тажикстан
  • Иордания
  • Австралия
  • Түштүк Корея
  • Өзбекстан
  • Катар
  • Иран
  • Жапония

Иран - Жапония. Финалга тете оюн

Чейрек финалдагы Иран менен Жапониянын беттешин серепчилер финалга тете оюн болот деп боолгошууда. Иран үч жолку Азия кубогунун ээси. А Жапония болсо Азия Кубогун беш ирет уткан.

Иран менен Жапония өз тарыхында 17 жолу беттешкен. Жети жолу Иран жеңишке жетсе, беш ирет Жапония утуп, беш жолу тең чыгышкан. Буга карабай букмекерлер жана футбол серепчилери бул беттештин фаворити катары Жапонияны эсептеп жатышат.

Жапония курама командасынын машыктыруучусу Нажиме Мориясу жана команда капитаны Ватару Эндо.
Жапония курама командасынын машыктыруучусу Нажиме Мориясу жана команда капитаны Ватару Эндо.

Жапония курамасы 1/8 финалда Бахрейн курамасын 3:1 эсеби менен жеңди. Машыктыруучу Нажиме Мориясунун командасы тайпалык оюндарда Ирак курамасына 2:1 эсеби менен жеңилип калганын эсепке албаганда өзүнөн алда канча алсыз командаларга туш болгон.

Жапония курама командасы 1/8 финалда Бахрейн курама командасын 3:1 эсеби менен утту.
Жапония курама командасы 1/8 финалда Бахрейн курама командасын 3:1 эсеби менен утту.

Иран болсо тайпадан биринчи орун менен плей-оффго чыккан. 1/8 финалда Сирия менен беттешип, 90 мүнөттүк оюнда командалар 1:1 эсеби менен тең чыгып, кошумча берилген жарым саатта да эсеп өзгөрүүсүз калды. Пенальти тебүүдө Иран курамасы 5:3 эсеби менен жеңишке жетти.

Беттеш учурунда ирандын чабуулчусу Мехди Тареми кызыл айып кагазын алды. Эми ал Жапония менен болчу чейрек финалдык оюнда өз командасына жардам бере албайт.

Ирандык чабуулчу Мехди Тареми бул Азия Кубогунда үч гол киргизди.
Ирандык чабуулчу Мехди Тареми бул Азия Кубогунда үч гол киргизди.

"Көк самурайларды" жеңүүгө Ирандын күчү жетеби? Ишемби күнү кечинде көрө жатарбыз.

Түштүк Корея чейрек финалда Австралия менен ойнойт

Спорт серепчилери жана букмекерлер Азия чемпионатынын алдында мелдештин фаворити катары Жапонияны, Түштүк Кореяны, Сауд Арабияны, Иранды, учурдагы чемпион Катарды жана Австралияны айтып жатышкан. Бул тизмеден Сауд Арабиянын курамасы жыдып кетти. Роберто Манчининин командасы 30-январдагы оюнда Түштүк Кореяга пенальтилер сериясынан (4:2) жеңилип калды.

1\8 финалдык беттеште Сауд Арабиясы Түштүк Корея курамасын 1:0 эсеби менен утуп жаткан. Экинчи таймга кошулган 10 мүнөттүктө кореялыктар гол киргизип эсепти теңеп кетти.
1\8 финалдык беттеште Сауд Арабиясы Түштүк Корея курамасын 1:0 эсеби менен утуп жаткан. Экинчи таймга кошулган 10 мүнөттүктө кореялыктар гол киргизип эсепти теңеп кетти.
Түштүк Корея пенальти тебүүдө 4:2 менен Сауд Арабиясын жеңип, чейрек финалга чыкты.
Түштүк Корея пенальти тебүүдө 4:2 менен Сауд Арабиясын жеңип, чейрек финалга чыкты.

Түштүк Корея чейрек финалда дагы бир фаворит саналган Австралия менен бүгүн, 2-февралда беттешет.

Австралия бул Азия Кубогунда коргонууда жакшы ойногон жана өз дарбазасына эң аз гол (1 топ) өткөргөн эки команданын бири болууда. Өз дарбазасына эң аз гол өткөргөн кураманын экинчиси - Катар. Тайпалык баскычта Австралия Сирия менен Индияны утуп, Өзбекстан менен тең ойноду. Плей-офф баскычында Индонезияны ири эсепте утту.

Австралия 1/8 финалда Индонезияны 4:0 эсеби менен утту.
Австралия 1/8 финалда Индонезияны 4:0 эсеби менен утту.

Англиялык “Тоттенхэмдин” жылдызы Сон Хын Мин жетектеген Түштүк Корея курамасы Азия Кубогунда жалпы төрт беттеш өткөрсө, анын үчөөсүндө тең ойноп, акыркы оюнун пенальтилер сериясы менен утту. Бир оюнда жеңишке жетти.

Түштүк Корея курамасынын башкы машыктыруучусу Юрген Клинсманн ошентсе да өз командасынын оюнуна ыраазы экенин 1-февралдагы маалымат жыйынында билдирди:

Юрген Клинсманн.
Юрген Клинсманн.

"Австралия менен болчу оюнга даярбыз. Сауд Арабия менен болгон оюн биз үчүн өтө татаал болду. Бирок жеңдик. Эми Австралия менен жакшы ойногонго аракет кылабыз. Алардын контрчабуулу тууралуу унутпашыбыз керек. Биз бул турнирден көптү каалайбыз жана ага аракет кылабыз".

Тажикстандын Иорданияны утууга дарамети жетеби?

Ошентип Азия кубогунун 8 мыкты командасына Борбор Азиядан Өзбекстан менен Тажикстан кирди. Мелдешти дебютант катары баштаган Тажикстан тайпадан экинчи орун менен чыгып, турнирдин 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттарынын курамасын пенальти тебүүдөн утту. Эми чейрек финалга чыгууну көздөп жатат.

Тажикстан бүгүн, 2-февралда Иордания курамасы менен беттешет.

Тажикстан 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттанынын курамасын пенальтилер сериясынан утту.
Тажикстан 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттанынын курамасын пенальтилер сериясынан утту.
Тажикстан курама командасынын оюнчусу Вахдат Ханонов Бириккен Араб Эмираттанынын курамасына гол киргизген учуру.
Тажикстан курама командасынын оюнчусу Вахдат Ханонов Бириккен Араб Эмираттанынын курамасына гол киргизген учуру.

57 жаштагы Петр Сегрт Тажикстан курамасын 2022-жылдан бери машыктырат. Ал буга чейин Ооганстандын, Грузия жана Малдив аралдарынын курамалары таптаган.

Тажикстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт.
Тажикстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт.

Бул Азия Кубогунда тажик курамасынын дарбазачысы Рустам Ятимовдун жылдызы жанды. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен болгон беттеште пенальтилер сериясында бир топту тосуп, тажикстандыктардын сүйүнүчүн кеминде дагы бир оюнга узартты.

Иордания болсо тайпалык оюндарда Түштүк Корея менен (2:2) тең ойноп, Бахрейнге 1:0 менен утулуп, Мазалияны 4:0 эсеби менен утуп үчүнчү орун менен плей-офф баскычына чыккан. 1/8 финалда сенсация жараткан Ирак курамасын мелдештен сүрүп чыгарды. Букмекерлер чейрек финалдык беттеште Иордания жеңишке жетет деген ойдо.

Ирак курама командасы бул мелдеште сенсация жараткан команданын бир болду. Ал тайпалык оюндарда Жапония курамасын утуп алды. Бирок команда 1/8 финалда Иорданияга утулуп, мелдештен четтеди.
Ирак курама командасы бул мелдеште сенсация жараткан команданын бир болду. Ал тайпалык оюндарда Жапония курамасын утуп алды. Бирок команда 1/8 финалда Иорданияга утулуп, мелдештен четтеди.

Өзбекстандык спорт журналист, учурда Катарда жүргөн Нодирхожа Юлдашев болсо, Тажикстандын Иорданияны да утууга дарамети жете турганын айтууда:

“Тажикстан сенсация жаратып жатат. Азыр эми Иордания менен беттешет. Ал кураманы да утуп, чейрек финалга чыгууга чоң мүмкүнчүлүк жаралууда. Команданын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт жөнөкөй команданы мелдешке абдан мыкты даярдап келиптир”, - деди ал.

Өзбекстан Катар менен ойнойт

Өзбекстан учурдагы чемпион, үй ээси Катар менен 3-февралда ойнойт.

Катар бул беттештин ачык фаворити. Анткени команда өз үйүндө ойноп жатат жана анын чемпиондук титулун сактап калууга жада калса оюн талаасы деле жардам берчүдөй...

Катар курамасынын оюнчусу Акрам Афиф Палестина курамасынын дарбазасына гол киргизген учуру.
Катар курамасынын оюнчусу Акрам Афиф Палестина курамасынын дарбазасына гол киргизген учуру.
1\8 финалда Катар Палестинаны 2:1 менен жеңди.
1\8 финалда Катар Палестинаны 2:1 менен жеңди.

Катардын курамында буга чейинки Азия Кубогунда жылдызы жаңган Алмоез Али, Акрам Афиф, Хассан Аль-Хаидос өңдүү бир катар оюнчулар бар. Чабуулчу Акрам Афиф төрт голу менен Азия Кубогунун мыкты бомбардирлеринин арасында экинчи сапта келе жатат.

Катар мелдеште атаандаштарынын дарбазасына жети гол киргизип, бардык беттештерин утту. 1\8 финалда болсо Палестинаны 2:1 менен жеңди. Палестин футболчусу Одай Даббахтын голу Катар курамасынын дарбазасына кирген бул Азия Кубогундагы алгачкы гол болуп калды.

Өзбекстан бул мелдеште футбол жылдызы Элдор Шамуродов жок болгонуна карабай, мелдештин чейрек финалына чейин жетти. Бул Азия Кубогунда 20 жаштагы ЦСКАнын оюнчусу Аббосбек Файзулаевдин жылдызы жанды. Ал төрт беттеште эки гол киргизди.

20 жаштагы өзбек оюнчусу Аббосбек Файзулаев.
20 жаштагы өзбек оюнчусу Аббосбек Файзулаев.

​Өзбекстан такай Азия Кубогунда ойноп, плей-офф баскычына чыгып келет. Команда 2011-жылы Азия Кубогунун жарым финалына чейин жеткен.

Өзбекстандын футбол күйөрмандары.
Өзбекстандын футбол күйөрмандары.

КТРК спорт каналынын баяндамачысы Алымбек Адылбеков Өзбекстандын финалга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар деген ойдо:

“Чындыгында Өзбекстан абдан жакшы ойноп жатат. Командалык оюн, командалык биримдик бар. Кореяны көрдүк. Малайзия менен тең ойноду. Жапония болсо Ирактан жеңилип калды. Финалда мен Иранды же Жапонияны көрө албай жатам. Финалга Өзбекстан менен Түштүк Корея чыгат деп ойлойм”, - деди ал.

Жарым финалдык беттештер 6-7-январда өтөт. Азия кубогунун финалдык оюну 10-февралга белгиленген.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG