Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

"Кыргыз бойдон калалы". Кусеин Исаевдин артында калган эмгек


Кусеин Исаев.
Кусеин Исаев.

Мударис Кусеин Исаев кыргыз коомдук илимдерине зор салым кошкон илимпоз эле. Анын илимий эмгектери, социологиялык изилдөөлөрү кызыгуу жаратып, коомдук резонанстарды жаратчу. Чын куран айынын башында айтылуу илимпозду кыргыз коомчулугу акыркы сапарга узатты.

"Жетим өсүп жетилген"

Мударис Кусеин Исаевдин ар тараптуу илимий ишмердиги өзүнчө алганда өтөле кызык, жалкы проблема, жалгыз багытка байырлабаган, чабыты кенен ой өрүшү философия менен социалдык илимдерди ичине камтыган, түпкүлүгүндө барып коомдук өнүгүүнү, анын мезгил менен мейкиндиктеги ордун аныктоого багытталган кызык дүйнө.

Бармактай кезинде атасынан ажырап, жетимдик турмуштун азабы менен кууралына чөгүп калбай, кызылдай мээнет гана көздөгөн максатына айныксыз жеткирерин бала кезден туюп, сабакты мыкты окуган.

Атасы Жанузак уулу Иса төрт бир тууганы менен согушка кетип канмайдандан кайтпай калган. Бостеринин кичине дөбөсүндө аскерге алынгандарды азыноолок согушка даярдап, андан коңшу айылга алып барып кемеге отургузганы айдап жөнөшкөндө акыркы көрүшуп атканын туюп калгансып ыраматылык атасынын “Кусеинди үйгө жеткирип койгула” деген өтүнүчү өмүр бою эсинде сакталып калган.

Иса атанын бир туугандары менен курман болгон жерлерин тактап, канмайдандан кайтпай калган кайрандардын мүрзөсүн кийин Кусеин Исаев атайын издеп барып таап, эскерип кайтканын маалымдоо каражаттарына берген маектеринин биринде айткан. Жакын адамы антип учкан куштун канаты талычу алыс жерде калса, айылда чиедей алты баласын бооруна каткан энесинин балапандарын кантип эрезеге жеткиргенин айтып отурса кайгылуу узун сөз. Боорун жерден көтөргөнү Кусеин Исаев кара жумуш кылып, мектептин полун жууп, машак терип, бир туугандар апасына колунан келген жардамын берип чоңойгонун өкүнүч менен эскерчү.

Балалыгы өтө эле оор шартка туура келгенин, апасына жардамдашып кышында муз эритип, шыргалаң сууга пол жууганын, машак терип келатса кароолчу кармап алып камчы менен жонун жара тилгенин, аны көрүп кайраттуу деген апасы коз жашын төгүп ыйлаганын балалыгын эскергенде айтып жүрдү. Иши кылып, анын балалыгы согуш маалындагы оор учурга туш келип, каргадай кезинде көргөн азап-тозогу аны кайраттуу, намыстуу кылып чоңойткон.

Кусеин Исаевдин илим жолуна түшүп убакты-саатынын баарын мына түйшүгү көп ишке арнашына бир чети төрөлүп өскөн айылынан академиктердин арбын чыгышы, бир тууган агасы белгилүү географ окумуштуу Акыбайдын билим алууга дилгир инисин башкалаадагы № 5 -жатак мектебине киргизип, колунан келишинче шарт түзүп бериши өбөлгө түзгөн. Орто мектепти эң мыкты баалар менен аяктаган өспүрүм Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине өтүп, ал жерде коомдук иштерге аралашкан. Студент кезинде коммунисттер партиясына мүчөлүккө талапкер, комсомолдук активист катары курбалдаштары арасында таанылып, жогорку курста окуп жүргөндө Казакстандагы дың жердин эгинин жыйноого университеттин студенттерин жетектеп барган.

Комсомолдук активист партиялык тапшырманы аткарууга жөнөп жатканда жаштар менен жолугууга ал кездеги республикалык партия комитетинин биринчи катчысы И.Раззаковдун келгенин, анын менен кол алышканын сыймыктануу менен эскерген. Кусеин Исаев студент кезинде колдоосун көргөн академик Болот Юнусалиев менен айтылуу философ Асанбек Табалдиев тууралуу кызыктуу кеп кылчу.

Илим алуу

Анын илимдеги жолу да кыйла ийгиликтүү башталган. Университетти бүткөндөн кийин кафедрада окутуучу, анан бир жылдан кийин Москвага аспирантурага өтүп, кандидаттык диссертациясын эки жарым жылда жактап, кайрадан Бишкекте окутуучу, доцент, 1984-жылы Москвада кыргыз айылдарынын социалдык проблемаларына арналган доктордук диссертациясын коргогон.

Жаш илимпоз Кыргыз улуттук университетинде, Фрунзедеги политехникалык институтта, Бишкек гуманитардык университетинде, Кыргыз-түрк Манас университетинде профессор, кафедра башчысы, бөлүм жетекчиси болуп иштеп, ондогон илимдин кандидаттарына, докторлоруна илимий жетекчи, кеңешчи, аны менен катар жүздөгөн илимий макалаларды, ондогон эмгектерди жазган. Анын бул жааттагы эмгегин кесиптеши, философия илимдеринин кандидаты Карыбек Байбосундан уксак.

"Эң биринчи иретте гуманитардык илимдер жаатында жаңы багыттарды ачкандыгын айтар элем. Социология деген илимди СССРде 1960-жылдардын башында жаңыдан тааный баштаган. Кусеин аба 1980-жылдардын башында эле ага чоң чыйыр салып жол баштаган. Ошондон баштап өзүнүн социология мектебин ачып, коомдун өнүгүү сырларын сурамжылоо аркылуу коомдук пикирди изилдөө аркылуу, ошону менен бирге теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу ачып бере алган бирден-бир айкын окумуштуу Кусеин Исаевич болду. Ошону менен, албетте, социологияны Асанбек Табалдиев, Рахат Ачылова сыяктуу инсандарыбыз мурда-кийин изилдеп жүрүштү. Бирок Кусеин Исаевичтин артыкчылыгы бул киши социологияны институционалдык негизге коё алды. Ошонусу менен ал бул илимдин көркүн ачып кыргыздын илимин эл аралык конгрестерге алып чыгып дүйнө жүзүнө таанытты. Кыргыз коомчулугу жөнүндө айкын кабарды бере алган бирден бир гуманитардык окумуштуу ушул адам болгон".

Кусеин Исаевдин философиялык изилдөөлөрү илимий чөйрөдө жогору бааланып, кесиптештеринин колдоосуна ээ болгон. Анын социология жаатындагы ишмердиги кыргыз коомунда өзгөчө кызыгууну жаратып, маалымдоо каражаттарынан түшпөгөн темага айланган. Кыргызстан эгемендик алган жылдары социологиялык иликтөөлөрдүн арааны жүрүп, социологдор коомдук пикир жаратуучулардын алдыңкы сабында турушкан.

Ошол чакты эскерип Кусеин Исаевдин минтип айтканы бар: “Өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин кылган иши боюнча эки жарым жыл ай сайын сурамжылоо жүргүздүк. Сурамжылоого жүз киши катышкан. Эки жарым жыл 1-орундан түшкөн жок. Барып-барып 3-орунга түшүп, анан 7-орунга кептелди. Анан бийлик чычалап, “сурамжылоо жүргүзбө” деп мени кысымга ала баштады”.

Өткөнгө салабат

Маалымдоо каражаттарына берген дагы бир маегинде айтылуу мударис: “Кыргыздын санжырасы жаңы тарых. Кыргыздар эч качан санжырасын унуткан эмес. Санжырасы аркылуу көпчүлүк өзгөчөлүгүн сактап калган. Кыргыздын салты боюнча жети атасына чейин никелешүүгө тыюу салынган. Комузду алсак, анын күүсү эми кайталангыс нерсе да. Үч кыл менен эле америкалык, европалык симфонияларды ойноп койгон”, - деп белгилеген.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Кусеин Исаев адамдык нарк-насилдерди бийик коюп, кыргыз коомунда те алмустактан бери келаткан улуттук баалуулуктарга жаңы муунду көндүрүү, баштапкы уңгунун маани-маңызын чечмелеп берүү зарылдыгына көбүрөөк басым жасай баштаган. Анын көпчүлүк эмгектери мына ушул маселелерди чечмелөөгө арналган эле.

"Кусеин Исаев кыргыз коомдук гуманитардык илиминде өзгөчө орун ээлеген адам эле. Себеби ал жалаң социолог же маданият таануучу же экономист, ушундай бир тар чөйрөгө камалбай, жалпы коомго, анын ичинде кыргыз коомуна тиешелүү маселелерди кеңири карап, терең талдаганга жөндөмү бар окумуштуу эле. Дүйнө баш-аягы менен биригип глобалдашуу деп атпайлыбы, ушундай доордо кыргыз өзүнүн кыргыздыгын кантип сактап калыш керек? Башка элдер менен кантип теңата өнүгүшү керек дегендин тегерегинде маселелерди коюп, өзүнүн оюн айтчу. Дагы бир өзгөчөлүгү, ал киши козгогон маселесине күйүп-бышып, теориялык маселелерди айтып коюу менен чектелип калбай, кыргыздын бир жараны катары ошону өзүнүн жүрөгүнөн, дилинен өткөрүп, күйүп-бышып айтып жүрдү. Канча эмгектерди жазды. Алардын көбү жеткиликтүү түрдө бааланды деп айта албайбыз. Канча муунду тарбиялады. Студенттерден тышкары, канча философторду, социологдорду, саясат таануучуларды тарбиялады. Анан эң негизгиси, кыргыз маданиятын изилдөөдө да чоң салым кошту, санжыраны жакшы билчү. Жети дубанды кыдырып, ал жерде жашагандардын өзгөчөлүгү, ата-бабадан калган салттары, тарыхый инсандар тууралуу кеп кылчу, ал киши кызыкпаган тема жок деле. Агайдын артында калтырган мурасын шакирттери изилдеп кийинки муунга жеткирет деп ойлойм", - деди философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев .

Кусеин Исаев 1936-жылы 24-апрелде Ысык-Көл кылаасындагы айтылуу Бостери айылында төрөлгөн. Ал кишинин өзүнүн айтуусунда, шартка жараша туулган жылы менен айы өзгөртүлүп калган.

Расмий документтерде айтылуу мударистин туулган жылы катары 1937-жылдын 9-сентябры көрсөтүлгөн. 87 жашында акка моюн сунган айтылуу мударисттин артында ополтоо эмгеги калды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG