Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Сулайман Кайыпов: Көп тарамдуу кыргыз таануучу, фольклорчу, этнограф


Сулайман Кайыпов
Сулайман Кайыпов

Профессор Сулайман Турду уулу Кайыповду атпай журт мээнеткеч окумуштуу, жалпы кыргыз фолклорлук мурасын жана ооган кыргыздарынын этнографиясын изилдөөчү катары дурус билет. Тарыхчы Т.Чоротегин анын чыгармачыл бейнесинин айрым өңүттөрү тууралуу блог сунуштайт.

Илимий чыйыр башаты

Эгемен Кыргызстандын тарых жана этнография илимий тармактарындагы дээрлик изилденбей жаткан өңүттөрдүн бири – кыргыз элинин чет элдик (диаспоралык) топторунун жаралыш тарыхы, ал топтордун каада-салттары, жашоо-тиричилик бейнелери жана ыкмалары, анын ичинде тамак-аш маданияты болуп саналат.

Дал ушул багытта дың бузгандардын бири – көрүнүктүү этнограф Сулайман Турду уулу Кайыпов мырза.

Боордош Түркияда байырлап жаткан мурдагы памирлик, азыркы ван кыргыздарынын фолклорлук мурасын жана этнографиялык өңүттөрүн изилдөөдөн оболу ал советтик түркология илиминин бараандуу мектебинде таалим алган.

Элет жергесинде, Ош облусунун (азыркы Жалал-Абад облусунун) Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылында 1952-жылы жарык дүйнөгө келген Сулайман агай 1975-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы университеттин (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) филология факультетин аяктаган.

Ал 1978–1980-жж. СССР Илимдер академиясынын Максим Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун Оозеки чыгармачылыкты изилдөө бөлүмүндө такшалмадан өтүп, андан соң 1981–1984-жж. ошол эле институттун аспирантурасында таалим алган.

1985-жылы ал Маскөөдө “Эр Төштүк” эпосунун көркөм сүрөттөө каражаттары (кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердеги варианттардын материалдарынын мисалында)” аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон (Караңыз: Кайыпов С.Т. Художественно-изобразительные средства эпоса «Эр Тёштюк» (на материале кыргызских и других тюркоязычных версий). – М.: Институт мировых литератур им. А.М.Горького, 1985. – 21 с.).

Сулайман Кайыповдун китеби
Сулайман Кайыповдун китеби

Кош багыт

Адабият жана фолклор таануучу катары Сулайман агайдын Бaлык, Жеңижок, Эшмaмбет, Тоголок Молдо сыяктуу акындардын көөнөргүс мурасы жаатындагы изилдөөлөрү, түрк элдеринин ар кыл тилдердеги адабияты, кыргыз адабиятынын тарыхы жаатындагы көлөмдүү иликтөөлөрү жарыкка чыгып, илимий чөйрө аны тил жана адабият, фольклор таануу жаатындагы бараандуу адис катары кеңири таанып калган кезде, окумуштуу ат тизгинин башка коктуга – этнографияга бурду.

Негизи, бул кокту деле, тигил кокту деле орток капчыгайга – кыргыз таануу жана түркология деген комплекстүү илимий тармактарга таандык эмеспи. Маселен, Василий Радлов (Friedrich Wilhelm Radloff), Реми Дор (Rémy Dor), Гундула Салк (Guldula Salk), Мамбеттурду Мамбетакун сыяктуу далай окумуштуулардын эмгектери бир эле учурда тил илимдерине, фолклор таанууга жана этнографияга тиешелүү болуп саналышат.

Арийне, постсоветтик Кыргызстандын гуманитардык илимдеринде кош илимий тармакка таандык илимий эмгек, анын ичинде диссертациялык эмгек жазуу – өтө сейрек учураган көрүнүш.

Демек, Сулайман агайдын жаңы кокту ичинде өрдөө чечими – анын илимий батылдыгы болду. Ошону менен бирге бул кадам – аргасыз да кадам болду, анткени Кыргызстандагы тар илимий шифрлик калыпка чектелүү ага жаңы диссертациясын фольклор таануу жаатында жактоого мүмкүнчүлүк бермек эмес.

Балким, болочокто, PhD диссертацияларын коргоого өткөн кезде, мындай тар чектелүүчүлүк артта калаар?

Айтор, 2012-жылы Сулайман Турду уулу “Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты: Тарыхый-этнографиялык изилдөө (XX к. аягы – XXI к. башы)” деген темада 07.00.02. – Ата Мекендин тарыхы; 07.00.07 – Этнoгрaфия, этнoлoгия жaнa aнтрoпoлoгия адистиктери боюнча тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган ишин Бишкек шаарында ийгиликтүү коргоду.

Анын эмгегин таразалаган диссертациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту (азыркы Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту) менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу болчу. Бул да символдук көрүнүш: окумуштууга бата берген илимий мекемелер академиялык жана университеттик илимий чөйрөлөрдөн куралды.

Сулайман Турду уулу СССРдин “Кайра куруулар” доорунун соңку жылдары Улуттук академиябыздагы реформачыл, демократтар канатында жүргөн.

Ал 1997-жылдан кийинки дээрлик он жыл ичинде Ала-Тоодон Түркияга аттанып, Чыгыш Анатолиядагы Ван шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинде Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө профессор болуп иштеп, “Түрк элдик оозеки чыгармачылыгы”, “Жаңы түрк жазуу тилдери”, “Түрк баатырдык жомоктору”, “Жомок поэтикасы”, “Текстология негиздери”, “Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, “Кыргыз тили”, “Казак тили” жана “Өзбек тили” сабактарынан дарстар окуган.

Сулайман агай Ван көлүнүн аймагындагы Эржиш ооданына (Erciş ilçesi) караштуу Улуу Памир айылында жашаган түпкү теги оогандык кыргыздарга байма-бай каттады жана алардын тилинин өзгөчөлүгү, фолклору жана этнографиясына тиешелүү кеңири маалыматты топтоду.

Бул маалымат – көөнөргүс. Сулайман агай жазып алган көптөгөн өлөң, ыр, табышмак же башка нуска кептерди айтып берген айрым чыгаан кишилер (маселен, Мамазия карыя) соңку жылдары дүйнө салышкан. Эгерде Сулайман агай аларга жолукпастан, жөн гана Ван шаарындагы университетте жылуу-жумшак отуруп, демейдеги талап кылынган сабактарын өтүп жүрө берсе, анда кыргыз этнографиясы орду толгус маалыматтан куру-жалак калмак болчу.

Демек, алардын Кичи Памир кыштагындагы конушунда “баса жатып” жүрүп, Ван кыргыздарынын нечендеген чыгаан жомокчуларынын, акындарынын, жамакчыларынын, санжырачыларынын билгендерин куйма кулак илимпоз катары кагазга жана үн тасмага түшүргөн мээнеткеч тилчи-диалектолог, этнограф Сулайман Турду уулу Кайыпов мырзанын өзү болочокку этнограф жана фолклор таануучулар үчүн өрнөк болуп калаары шексиз.

Өңүттөргө сереп

Биз Сулайман агай көп томдук эмгектеринде чагылдырган толгон-токой жаңылыктардын бардыгы тууралуу эч качан чакан блогдо сөз кыла албайбыз.

Анын кыргыз таануу жаатындагы эмгектерин жана жалпы жаратмандык чыгармачыл жана коомдук ишмердигин үйрөнүп жатып, өзүбүз үчүн ой катары омоктуу жазып алган урунттуу өңүттөр төмөнкүдөй.

Биринчиден, ооган кыргыздары (жана азыркы Ван кыргыздары дагы) көп этностуу чөйрөсү бар мамлекетте жашай билген жана мындай шартта өз тилин, маданиятын жана этностук бүтүндүгүн сактоого жетишкен.

Албетте, Түркиянын өкмөтү да Ван кыргыздарына өзгөчө камкорлук кылып келишет.

Ал эми Ооган Памиринде болсо тоолук кыргыздар Мазары-Шариптеги ж.б. түрк тилдүү калктар менен гана эмес, вахы сыяктуу индо-ирандык тилдерде сүйлөгөн башка этностук топтордун өкүлдөрү менен да эриш-аркак жашап келишкенин С.Т.Кайыпов таасын белгилейт.

Ооганстанда кыргыздын саясий доошун билдирип, чоң саясий чөйрөгө катышып жүргөн Рахманкул хан Жапаркул уулу (1912–1990) тууралуу жылуу кепти мурда франсуздун чыгаан кыргыз таануучусу, профессор Реми Дор агайдан уккан элем. С.Кайыпов болсо Рахманкул хандын урпактары сактап келген документтерди да иликтеди.

Рахманкул Хан
Рахманкул Хан

(Айтмакчы, 2015-жылы ушул саптардын ээси жана профессорлор Аалыбек Акунов, Нарынбек Алымкулов, Мамбеттурду Мамбетакун ж.б. илимпоздор Кытайдын Памиринде болуп, анын Ооганстан, Пакистан жана Тажикстан менен чектеш бийик тоолуу өрөөнүнө чейин бардык. Бул аймактагы кыргыздар да ханзулар жана тажик тилдүү этностор менен камыр-жумур жашап жатышкандыгына күбө болдук. Жалпы эле Памир тоосунун бардык бөлүктөрү кыргыздар көп этностуу шартта байырлаган өрөөндөрдөн экенин аңдадык).

Экинчиден, мындай көп кылымдык этностор аралык байланыш кыргыздардын маданиятына, анын ичинде тамак-аш маданиятына да оң таасир тийгизгендигин профессор С.Кайыпов акыйкат белгилейт.

Маселен, памирлик кыргыздар жалаң гана сүт ичип, эт жей бербестен, жашылча-жемишти да салттык тамак-аш маданиятына көбүрөөк аралаштырган экен.

С.Кайыпов Памир кыргыздары айрым мөмө-жемишти сырттан (өрөөндөн) алдырып алып, тоолуу жергесинде жапайы өскөн айрымдарын да татып, айтор, жашылча-жемишти да кандайдыр-бир деңгээлде азык катары колдонгонун белгилейт.

Албетте, Теңир-Тоодогу жана Алайдагы көптөгөн кыргыздардай эле, ооган кыргыздары да балык этин жешчү эмес.

Памирлик кыргыздардын чай маданияты да этностор аралык байланыштардын мөмөсү экендигин Сулайман агай даана белгилейт:

“...Адегенде, кaрaндaй пaмил чaйдын дaaмын пaмир кыргыздaры жaктырышкaн эмeс. Aны кaрaндaй чaй дeгeн мaaнидe “кaрa чəй” (qara çäy) дeп aтaшкaн. Кaрaндaй чaйды ичүү пaмир кыргыздaры үчүн aлгaчкы жылдaры тaң кaлaрлык нeрсe бoлгoн. Кийинчeрээк пaмил чaйды кoюу дeмдeп, xaм кaймaк кaтыктaп, туздaн aчуу сaлып ичүүгө тeз элe көнүгүп кeтишкeн – памил чaй пaмир кыргыздaрынa эң aлгaч тaaнылгaн жaнa эң көп ичилгeн чaй түрүнө aйлaнгaн”, – дейт изилдөөчү С.Кайыпов.

Үчүнчүдөн, памирлик кыргыздар өздөрүнүн ички уруулук тегин, санжырасын, жалпы улуту – кыргыз экендигин мыкты билишет. Памирдеги кыргыз урууларынын эң ириси – тейит уруусу экенин, анын тарамдарын С.Кайыпов кеңири чагылдырат. Кесек жана бостон уруулары, анын белгилешинче, Памирде илгертен жашап келген кыргыз уруулары саналат. Айрым майда уруулардын өкүлдөрү да жок эмес.

Памирдик кыргыздардын кыпчак уруусуна таандык айрым санжыралык маалыматтарды С.Кайыпов профессор Реми Дорго шилтеме кылып келтирет.

Бул уруулук жана уруктук санжыралык маалымат улутту жиктөө үчүн эмес, жети атаны тактоо үчүн – никелешкенде кан алмашып кетпесин үчүн кызмат кылгандыгы түшүнүктүү.

Төртүнчүдөн, Сулайман агай иликтеген памирдик (жана вандык) кыргыздардын фолклордук байлыгы бул кыргыздардын руханий маданиятынын жалпы маңызы жана ичкилик кыргыздардын өзгөчө сапаттары камтылган казына экендигин тастыктоого мүмкүндүк берди.

Памирлик кыргыздар үчүн да сүймөнчүлүктүү болгон “Манас”, “Гөруглу”, “Чоң теке”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жанайыл Жалгыз”, “Мактым” ж. б. эпос, дастан, жoмoк, жөө жoмoк, аңгеме, ашыглык ырлары, үлпөт ырлары, кошок, алкыш, каргыш, макал, лакап, табышмак жана жаңылмачтар, С.Кайыпов адилет белгилегендей, азыркы күнгө чейин өзүнүн жaндуулугун жоготпой келeт.

Алардын фолклорлук бай казынасы тууралуу эмгектеринин биринде Сулайман агабыз бекеринен мындайча саптарды калтырган эместир:

Куурал муңга чыланган бу баянда:

Курчу кеткен көздөрдүн карасы бар,

Көкүрөк дарт, көңүлдүн жарасы бар,

Карчыганын кайрылган канаты бар,

Канча кылым өтсө да унутулбас,

Карт кыргыздын какшаган санаты бар...

Арман муңу арылбас бу баянда:

Ак шумкардын аркарды алганы бар,

Арам оозго ак сүттүн тамганы бар.

Арты өкүнүч дүйнөнүн жалганы бар,

Айтса, жазса, ыйласа түгөнбөгөн,

Алыстагы атуулдун арманы бар...

Бешинчиден, Сулайман агай памирлик кыргыздар жаратылышка, жалпы тирүү жандыктарга айтылуу Асан Кайгынын сыңарындай аяр мамиле кылышкандыгын да кылдат чагылдыра кетет.

Маселен, мaл сoюлaар aлдындa aнын жaнындa туруп бычaк кaйрaп, курчутулган эмeс. “Сoюлa тургaн мaлгa oрoй мaмилe кылып, куйругу, кулaгы сыяктуу тaлуу жeрлeринeн кармап тaртуу, сүйрөө, бир жaгынaн, мaл кaдырын билбeгeндиктин бeлгиси бoлсo, экинчи жaгынaн, aндaй мaмилeгe дуушaр бoлгoн мaлдын эти жaгымсыз, дaaмы нaчaр бoлуп калат деген ишеним өкүм сүргөн...” – дейт С.Кайыпов.

Кошумчаласак, Бишкектеги азыркы тойканаларда ар кыл тойлор маалында куйкаланып бышырылган койго баш кийим кийгизип, бенгал шамдарын учкундарын чачырата жагып, арабачада ары-бери сүйрөө далай коноктор үчүн кандайча жагымсыз болсо, памирлик кыргыздарда тирүү жандыктын көзүнчө бычак курчутуу ошончолук ырайымсыз кабыл алынган.

Алтынчыдан, Сулайман агай азыркы этнографтардын ичинен тыңыраак чыккан жана ата-бабабыз сактап келген айрым азыктарды жасоо түрүн атайын патенттөөгө жетишкен алгачкы өкүл болуп саналат.

Бул аракет кыргыздын заттык эмес маданиятын сактоонун өзгөчө ыкмаларынын бири катары алкоого татыйт.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча этнограф профессор С.Т.Кайыпов Интеллектуалдык менчик боюнча дүйнөлүк уюмдун алтын медалы менен сыйлангандыгын кошумчалай кетели.

Жетинчиден, илимпоз фолклордук мурасты сактоо үчүн аны изилдеп гана чектелбестен, ошол мурасты аздектеп улантып келген өнөрпоз жамааттын өкүлдөрүнө да өз койнун ачуусу абзел.

Сулайман агай Кыргызстандагы төкмө акындардын далай сынактарына калыстар тобунун мүчөсү катары катышып келет. Мындан калыстар тобу уткан далай учурлар болду.

Мисалы, кайсы бир сынак маалында баш байгеге илинбей ызаланып калган төкмөлөрдүн бири чырдай кеткенде, куйма кулак сапаты бар Сулайман агай: “Сиз мына минтип жамактап айтпадыңызбы, ал эми атаандашыңыз көркөмдүгү бийик усулда мына минтип төкпөдүбү!” – деп бир нече саптык ыр өрнөктөрүнөн мисал келтиргенде, берки талашып жаткан өнөрпоздун оозунан келмеси түшкөн дешет.

Ал кезде (1990-жылдары) азыркыдай ар ким эле видео тасмага жаза калчу уюкфондор жок болчу, чоң кирпичтей салмактуу болгон уюкфондор менен телефон чалганга азганактай “жаңы байлар” гана кубанышчу.

Ушул жети өңүт менен эле чектеле турайын.

Шакирт устаттан озсун!

Албетте, ал жана башка этнографтар чала калтырган илимий маселелер да арбын. Агай жазган калпыс ойлор да жок эмес, бар. Ооган кыргыздарынын тарыхый тамыры монгол баскынчылыгынын дооруна чейинки мезгилге таандык экендиги жаатында, маселен, арап тарыхчысы Ибн ал-Асирдин XIII кылымдын башында жазган эмгегиндеги Газневийлер доорунда, XI кылымда, азыркы Ооганстандын түндүк аймагында эмир Хирхиз деген кол башчы кызмат кылгандыгы тууралуу эпизоддук маалыматты андан ары тереңдетип иликтөөбүз зарыл. Демек, Сулайман агай жазбай калган өңүттөр да өз болочокку изилдөөчүлөрүн күтүп жатат.

Азил айта кетсем болоор. Бир ирет кайсы бир кесиптешибиз илимий жыйын маалында Баланча деген окумуштуу түкүнчө маселени биротоло изилдеп салды, “финито” деп “балп” этти. Ал эми XII кылымдын соңунда жазылган жана төө көзүндөй болгон “Игордун кошууну жөнүндө кошок” (“Слово о полку Игореве”) деген чыгыш славян эпосу боюнча бир нече жүздөгөн диссертациялар корголуп, азыр дагы анын иликтене элек өңүттөрү кала берүүдө.

Илим ошону үчүн илим да. Эч ким эч нерсени биротоло изилдеп бүтүрүп сала албайт. Улам жаңы булактар жана архивдик табылгалар чыкса, улам жаңы тыянакка жетеленүүгө тийишпиз.

Эгерде Сулайман агай иликтөөгө үлгүрбөгөн жагдайлар дагы эле көп тура, деп кайсы бир жаш илимпоз батылдык кылып, эртең Ооган Памирин көздөй этнографиялык сапарга чыкса, анда агай саптаган учук андан ары ишенимдүү уланат эмеспи.

Жалпыласак, Сулайман Турду уулу Кайыпов адабиятчы, фолклор таануучу, манас таануучу, эпос таануучу, этнограф, диалектолог, сөздүкчү, түрколог болуп гана чектелбестен, Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетинин мурдагы ректору, Түркиянын Ван шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинин мурдагы профессору, КЭРдин Үрүмчү шаарындагы Шинжаң гуманитардык университетинин мурдагы профессору, илимий жетекчи, педагог-устат жана мыкты котормочу катары да ар кыл түрк тилдүү жана башка элдердин ортосунда данакерлик кызматты өтөп келет.

Ылайым анын жолдоочулары менен шакирттери көбөйө берсе экен!

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кароого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG