Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Курулуш тармагындагы жаңы талаптар баага кандай таасир этет?


Көп кабаттуу үй куруп жаткан жумушчулар. Бишкек. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Көп кабаттуу үй куруп жаткан жумушчулар. Бишкек. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

1-январдан тарта Кыргызстанда курулушка болгон талаптар, лицензия берүү шарттары өзгөрдү. Эми курулуш компанияларынын уставдык капиталы 20 млн сомдон кем эмес каражатты түзүшү керек.

Расмий органдар мындай өзгөрүүлөрдү сатып алуучулардын укугун коргоо жана четтен инвестиция тартуу максаты менен түшүндүрүүдө. Бул чаралар курулуш тармагына жана бааларга кандай таасир этет?

"Курулуш компаниялардын уставдык капиталы болушу керек"

Курулуш тармагы боюнча өкмөт токтому 1-январдан тарта күчүнө кирди. Ар бир курулуш компаниянын уставдык капиталы кура турган объектинин көлөмүнө жараша аныкталмак болду жана 20 миллион сомдон 100 миллион сомго чейин деп белгиленди.

Ар бир курулуш компаниянын уставдык капиталы кура турган объектинин көлөмүнө жараша аныкталат:

2500 чарчы метрге чейин - 20 млн;
2 500ден 5 000ге чейин - 35 млн;
5 000ден 10 000ге чейин - 55 млн;
10 000ден 15 000ге чейин - 85 млн;
15 000 чарчы метрден өйдө - 100 млн сом болууга тийиш.

Ошондой эле курулуп жаткан объектилердин реестри түзүлөт, ага каттабай туруп жарнама кылууга, кардарлардан алдын ала каражат алууга тыюу салынмакчы. Курулушта көйгөйү бар, иш кагаздары толук эмес компаниялардын тизмеги мындан ары да байма-бай жарыяланып турмай болду. Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев мунун баары кардарлардын укугун коргоого, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга багытталганын айтты:

Нурдан Орунтаев
Нурдан Орунтаев

"Айрым курулуш компаниялардын эч кандай каражаты жок, кээсинин курулушу көп жылдарга созулуп кеткен. Эл андай компанияларга каражатын берип коюп, ара жолдо калууда. Мыйзамсыз курулуштар да көбөйүп кеткен. Биз ошондойлордун алдын алуу максатында "Курулуш компаниялардын уставдык капиталы жөнүндөгү токтомду" күчүнө киргиздик. Эми ар бир компаниянын эсебинде милдеттүү түрдө мүлк же акча каражаты болот. Ал кепилдик катары турат жана аны эч ким ала албайт, колдонууга да болбойт. Уставдык капиталда сөзсүз акча болушу керек деген талап жок, ага унаа, кыймылсыз мүлк жана башканы көрсөтсө деле болот. Эгер ошол компаниянын маселелери чыгып, курулуш токтоп кала турган болсо, атайын администраторлор уставдык капиталда көрсөтүлгөн акчаны же мүлктү элге таратып, болбосо курулушту аягына чейин чыгарып берет. Уставдык капитал болсо, биз курулуштарды реестрге киргизип, милдеттенмелерин алып, курулушту баштоого шарт түзүп беребиз".


Буга чейин көп кабаттуу үй салган ири компанияларга карата уставдык капитал тууралуу талаптар болгон эмес. Курулуш агенттиги лицензия берүү жолдорун жеңилдетип, талаптарды азайтууну көздөп жатат. Бул боюнча иш кагаздар даярдалып, өкмөткө сунушталат. Документ колдоо тапса, лицензия берүү же аны кайтарып алуу механизмдери өзгөрө турганын Нурдан Орунтаев кошумчалады:

"Лицензия берүү принциптери өзгөртүлүүдө. Аны алуу жеңилдетилет да, кайра кайтаруу да ошол ыкмага өтөт. Салык жана социалдык төлөмдөрү убагында төлөнгөн болсо, компания ошол лицензия менен ишин уланта берет. Буга чейин өнүгүп жаткан компания үчүнчү даражадагы лицензиясын эки жылда улам бир даражага көтөрүп, убара тартып келген. Эми биз аны да жеңилдетип атабыз. Маселен, буга чейин андай даражаны алуу кыйын болгондуктан, бул мамлекеттик органда коррупция, бюрократия болуп, айрымдары интернетте лицензия сатууну бизнеске айлантып алган. Этап менен берилип келген лицензиялар эми кынтыксыз берилет. Өзгөчө инвестор болом деген мекемелерге, жергиликтүү ири компанияларга дароо биринчи даражадагы лицензиялар берилет деп турабыз. Лицензия тармагы оңолмоюнча, курулуш жаатында ийгилик болбойт. Биз, албетте, жөн эле барып лицензиясын тартып алуудан да алыс болушубуз кажет".

Жаңы система боюнча бир жыл үзгүлтүксүз салык төлөп турган компаниялар ишин улантат, төлөбөгөндөрүнүн лицензиясы жокко чыгарылат. Аталган агенттик бүгүнкү күндө алты миңден ашык лицензия берилгенин билдирди.

Азыркы тапта лицензия алам деген компанияларга карата 23 талап бар. Сунуштала турган жаңы токтомго ылайык, талаптардын саны алтыга чейин кыскарат.

Мамлекеттик курулуш агенттигине тиешелүү деген Сыноо лабораториясы департаментинин иштөө принциби да өзгөртүлгөн. Буга чейин курулушта колдонулуучу материалдардын баары сыноо ишин 15 жеке компания жүргүзүп келген болсо, быйыл аны мамлекет өзүнө алган.

Бул өзгөртүүлөрдү агенттик реформа деп атап, ал курулуш тармагын иретке келтирерине ынандырууга аракеттенип жатат. Андан сырткары, жаңы токтом жана буйруктар курулушчунун да, мүлктү сатып алуучунун да укуктарын коргой турганы, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга багытталганы айтылды.

Буга чейин өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, келишимди банктык коштоо 500 миң сомдон жогору болчу. Кийин анын көлөмү беш миллионго, андан 2023-жылдын соңунда 10 миллионго жогорулатылды.

Куруучулар ассоциациясынын төрагасы Кубаныч Алиев бул жаңы өзгөртүүлөрдүн айрымдарын колдоп, бирок айрым чечимдерде ишкерлердин пикири эске алынбай калганын билдирди.

"Контрактты банктык коштоо алгач эч кандай талкуусуз киргизилген. Анда бардык документтер боюнча банкка отчёт тапшыруу коштомо кагаздар менен (ЭТТН, ЭСФ) жүргүзүлүшү керек. Бирок аймактарда иштегендер үчүн бул кыйын, маселен, андагы соода түйүндөрүнүн көбү соода-сатык жүргүзүүдө тийиштүү документтерди бере албайт. Андан сырткары контрактты банктык коштоо эсебин ачууда логин жана сыр сөз, банктын идентификациялоо системасы дегендердин берилиши 1,5-2 айга созулуп кеткен учурлар болгон. Аны эми мониторинг жүргүзүп, кайра эле ошол маселелер жаралса, ал тууралуу айтып чыгууга аргасыз болобуз. Ошондой эле контракт түзүлгөндөн кийин аны аткаруу милдеттенмеси берилет. Биз курулуш материалдарды өз каражатыбызга алып, анын акчасын кийин которуп калып атабыз, демек дүкөн ээси банктан түшкөн каражатты кайра накталап бизге кайтарып бериши керек болуп калууда. Контрактты банктык коштоо боюнча 10 миллионго чейинки жеңилдиктерди берүү сунушубуз эске алынды. Бирок 10 миллиондон ашкан тендерлерде жогоруда мен атаган маселелер турат. Алгач "Газпромбанктын" адиси бизди көзөмөлгө алып аткан, биз ага каршы болуп, өз өлкөбүздө каралсын дегенбиз. Ал боюнча азыр так маалымат жок".

Алиевдин айтымында, уставдык капитал болушу керек деген аныктама контрактты банктык коштоо деген түшүнүккө карама-каршы келет.

"Булар бири-бирине карама-каршы келет. Маселен, банктан толук тастыкталганда гана каражат которулуп, курулушчу ишин улантып жаткандан кийин анын кажети деле жок болчу. Сапатка да байланыштуу маселе бар, бир эле курулуш өз убагында бүтүшү керектигин айтуу менен чектелүүгө болбойт. Башка жагынан алып караганда, өзгөрүүлөр жакшы. Ошол эле курулушту жыйынтыктабай басып кеткендердин тизмесин жарыялоо - бул адилеттүү чечим. Болбосо алар башкалардын да аброюна көлөкө түшүрүп, элдин ишенимин начарлатып жаткан жайы бар. Өзгөчө көзөмөлү жок, ич ара сүйлөшүп алып тендерлердин мыйзамды одоно бузуу менен өтүп келгенине мен өзүм да күбөмүн. Бул маселелер кыйла жоюлуп баратат", - деди ал.

Курулуштагы жаңы эрежелердин баага таасири

Экономист Эмил Үмөталиев жаңы өзгөртүүлөр кыймылсыз мүлккө болгон баага таасир этпейт деген пикирде:

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

"Бүгүнкү күндө экономикада болгон баалар же өсүш маселеси болобу, баары Орусиянын согуш жүргүзүү саясатына барып такалат. Биздин ошол жердеги катышуубуз, ага болгон мамилебиз, Евразия экономикалык биримдигинин же бажы биримдигинин, ЖККУга кирген мамлекеттери менен болгон карым-катнашыбыз, санкцияларга болгон тиешебиз жана Орусияга кылган импортко катышуубуздан көз каранды болот. Бул маселеге кеңири кароо зарыл, ошондуктан айрым чечимдер андан оор маселелерден көз каранды. Агенттик сунуштап, ишке киргизген өзгөртүүлөр боюнча рынок катышуучулары менен кеңири жана узак талкуу болгон эмес. Ошого байланыштуу азырынча бул токтом жана буйруктардын кандай иштеп кетиши мүмкүн экенин айта албайм".

Соңку эки жылда Бишкекте турак жайдын баасы 60 пайыздан ашык кымбаттады.

Дагы бир экономист Денис Бердаков жаңы чаралар туура экенин айтып, бирок кеч кабыл алынган деген пикири менен бөлүштү:

Денис Бердаков
Денис Бердаков

"Уставдык капитал 20 миллиондон 100 миллионго чейин болушу керектиги айтылып жатканы курулушка анчейин таасир этпейт. Анткени азыр жүздөгөн компаниялардын капиталы жок, алар кийин деле ошондой ишин уланта берет. Салыштырмалуу айтканда, Кыргызстанда курулуп жаткан үйлөрдүн көбү тоолуу аймактарда салынат, демек бул иш өтө оор жана кымбатка турат. Экинчи маселе, Кыргызстанда инфраструктура дээрлик жок. Эгер үйлөрдүн бир чарчы метрин 500 доллардан куруп аткан болсо, анын баары үйдүн өзүн курууга жана электр жарыгын, суу алып келүү, жол салуу деген маселелерди чечүүгө сарпталат. Эгер Мамлекеттик курулуш агенттиги үй бир гана кызыл китеби бар жерде тургузулушу керек, уставдык капиталы 300 миллиондон кем эмес жана өзүнүн атайын техникасы бар болушу керек деген талапты койсо, анда баа өзгөрмөк. Өкмөт бул жагдайларды билип, түп-тамырынан же болбосо олуттуу өзгөрүүлөргө барбай турат. Ошондуктан баа катуу өзгөрүп кетпейт".

"Кардардын укугун коргоо үчүн банктын кепилдиги керек"

Курулуш тармагы боюнча адис, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков уставдык капиталдын болушу кардардын укуктарын коргоодо кепилдик болуп бере албайт деп айтууда. Курулушка алдын ала акчасын берген кардар үчүн ал каражаттын банкка которулганы ишенимдүү болуп, банк ар бир жаранга кепилдик фонд катары иштеп бере алат дейт ал:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

"Азыр жарандар өзүлөрү инвестор катары каражатын берип, курулуш компаниясын колдоп жатат. Бирок курулушчулар ортодон ишин токтотуп, ара жолдо калгандар көп. Бизде уставдык капитал өңдүү жаңы өзгөрүүлөрдү киргизүүнүн кереги жок эле, болгону дүйнөлүк тажрыйбаны кароо зарыл. Мисалы, коңшу өлкөлөрдүн биринде сатып алуучу тиги же бул компаниядан үй алам десе, анын акчасын банкка төлөйт. Банк ортодо кепилдик компания катары чыгып, ишти көзөмөлдөйт. Бул жерде болсо мамлекет текшере албайт, күчү жетпейт, бүгүн уставдык капиталы 100 миллион деген компания эртең банкрот болуп калышы толук ыктымал. А эгер банкка берсек, компания банкрот болгон күндө да, банк өз каражаты менен курулушту аягына чыгарып берүүгө кудурети жетет. Бул Казакстанда жана Европада ийгиликтүү иштеп келет. Лицензия берүү механизми да жакшылап ойлонуштурулушу кажет. Маселен, аны алуу учурунда адеп компанияда иштейт деп көрсөтүлгөн адистер кийин жумуштан кетип калып, кесипкөйлөр жок болуп калышы мүмкүн. Демек, мындай мекеменин иши дароо артка кетип, кыйынчылыктар, мүчүлүштүктөр болуп калат. Алардын жылына текшерип туруу ашыкча болбойт".

"Үйдөн жок же акчадан жок талаада калдык"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00


2023-жылдын соңунда Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги 38 объектинин тизмесин жарыялап, андагы көп кабаттуу турак үйлөр мыйзамсыз салынганын эскерткен.

Соңку жылдары Кыргызстандын ири шаарларында, өзгөчө башкалаа Бишкекте курулуш тармагы катуу жанданып, ондогон көп кабатуу үйлөр курулду. Бирок Бишкек менен Ошто жаңы үйлөрдөн батир сатып алган бир топ жарандар курулуш бүтпөй, мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет.

Korter.kg сайтындагы маалыматка караганда,азыр борбор калаа Бишкек шаарында 114 курулуш компаниясы иш жүргүзүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG