Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Кумтөр: Жапаровдун билдирүүсү, кылмыш иштеринин чоо-жайы


"Кумтөр" иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү. Аскар Акаев, Дастан Сарыгулов, Курманбек Бакиев, Максим Бакиев, Игорь Чудинов, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Төрөбай Зулпукаров, Тайырбек Сарпашев.
"Кумтөр" иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү. Аскар Акаев, Дастан Сарыгулов, Курманбек Бакиев, Максим Бакиев, Игорь Чудинов, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Төрөбай Зулпукаров, Тайырбек Сарпашев.

Парламенттин эки депутаты тергөө абагынан чыгып, Кумтөрдүн айланасында талкуу күчөгөн маалда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти Кумтөрдөн өз “үлүшүн” алып келгенин, өлкөдөгү революциялардын эң башкы себеби да ушул кенге байланыштуу экенин айтып чыкты. Былтыр октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда кенге байланыштуу козголгон иштер, камакка алынган саясатчылардын тагдыры эмне болду?

Жапаров президенттер алган “үлүштү” айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломаттар, өнөктөштөр менен жолугушууда Кумтөр алтын кенинин айланасындагы иштерге кенен токтолду. Ал өлкөдөгү “түгөнбөс революцияларга Кумтөр эң башкы себепчи болгон" деп сыпаттап, кенди Кыргызстандын жоголгон мүмкүнчүлүктөрү, уурдалган байлыгы катары мүнөздөдү.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон тырмакчанын ичиндеги үлүшүн алып келген деп айтсам мен жаңылышпайм, ошол эле учурда чоң ачылыш да жасаган болбойм. Муну көрүп-билип турган өлкөнүн башка чиновниктери жана мамлекеттик кызматкерлери эмне гана кылган эмес. Ар ким жогоруда эмне болуп жатканын көрүп, колу жеткен жердин баарын ала баштаган. Башкача айтканда, элде жакшы сөз бар: “балык башынан сасый баштаган”. Кыргызстанды кул кылуучу келишимдердин жана алардын бузулушу эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы бизди колу-бутубуздан байлап турган”.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин мындай абалдан чыгуунун жолу табылганын жана Кумтөр чырына дээрлик чекит коюлганын кошумчалады.

Тергөө абагында эки киши калды

Мунун алдында эле, 9-декабрда “Кумтөр ишине” шек саналып Улуттук коопсуздук комитеттин тергөө абагында жаткан депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камактан бошотулган. 8-декабрда Башкы прокуратуранын эки депутатты жоопко тартууга уруксат сураган сунушун Жогорку Кеңеш четке кагып, аларды бошотуу боюнча чечим кабыл алган.

Эки депутат “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталып, быйыл июль айында камакка алынган жоон топ саясатчылардын катарында болчу. Тергөө аларга 2012-жылы парламент кабыл алган чечимге байланыштуу айып таккан. Анда ошол кездеги депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоору парламенттен өтпөй калган.

Уу-дуу менен башталган бул ишке байланыштуу азыр тергөө абагында эки киши - президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев калды. Төрөбай Зулпукаров менен Данияр Нарымбаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова иш тууралуу комментарий берди.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

“Алар кармалган күндөн баштап тергөө иштери болгон жок. Кармалганга чейин күбө катары сурак беришкен. Андан бери бир да сурак боло элек. Талантбек Узакбаев тергөө менен кызматташып камактан чыгаар алдында эле Төрөбай Зулпукаров менен бир жолу беттештирилген. Ал эми Данияр Нарымбаев менен андай беттештирүү да боло элек. Алар “Кумтөр иши” боюнча кармалганын эле айтышат, бирок, эмне себептен камакка алынганын айтыша элек”.

Данияр Нарымбаев 2012-жылы Жогорку Кеңеш колдобой койгон депутаттык комиссиянын токтом долбооруна байланыштуу коррупцияга шек саналып жатат.

Тайырбек Сарпашевге 2015-жылы канадалык “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген деген айып тагылууда. Ал быйыл 17-июнда кармалып, 29-июнда үй камагына чыгарылган. Бирок анын талаптарын бузуп, тергөө менен кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган жок деген жүйө менен октябрда кайра камалган.

Камактан кутулгандар

Негизи “Кумтөр иши” боюнча камоолор быйыл июль айында башталган. 2012-2015-жылдар аралыгындагы чечимдерге байланыштуу экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабановго, Темир Сариевге, Жоомарт Оторбаевге, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талантбек Узакбаевге, Алмаз Баатырбековго жана өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага да айып коюлган.

Булардын ичинен Узакбаев, Баатырбеков, Пирматов тергөө менен кызматташуу келишимине ылайык үй камагына чыкты, Молдошева тилкат менен бошотулган. Бабанов эч кайда кетпөө тил каты менен бошотулуп, тергөөнүн макулдугу менен дарылануу үчүн чет жакка барып келген. Башкы прокуратура Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, 20-ноябрда чет жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен абактан чыкты.

Темир Сариевдин 2012-жылы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп тургандагы коррупцияга байланыштуу иши “далил жок” деген негизде кыскартылды. Ал 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо-кен планы боюнча буйрукка байланыштуу “Кызмат абалынан ашыкча пайдаланган” деген беренеге өзгөртүлдү. Ошондон кийин Сариев 20-ноябрда эркиндикке чыккан.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

“Кенге байланыштуу эң негизги эки күнөөкөр киши бар – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев. Аларды жоопко тартпай туруп калгандарын камап отуруу туура эмес. Эгерде мөңгү мыйзамы мыйзамсыз кабыл алынган болсо азыр өкмөт өзү эмне үчүн ошол мыйзам менен иштеп атат? Саясатчыларды абакта кармап отуруу буга чейин жөн гана элди алдоо болгон. Экинчиден, саясий чыңалууну басаңдатуу максаты. Бийликтин аброю Кумтөрдүн тегерегинде болууда. Анын арты менен бийлик беделин оңдоп, упай топтогон. Акылбек Жапаров “ар бир президент Кумтөрдөн өз “үлүшүн” алып турганын” айтты. Андай болсо азыр Кыргызстанда эки экс-президент бар. Бирөө түрмөдө. Аларга айып такпайбы”, - деди саясатчы Бектур Асанов.

“Кумтөр иши” азыркы бийлик, президент Садыр Жапаров үчүн маанилүү маселелердин бири экени белгилүү. Өлкө жетекчилиги анын аягына чыгып, кендеги жылдап болуп келген жемкорлуктун бетин ачып, күнөөлүлөрдү жоопко тартуу убадасын берип келет.

Атайын кызмат 1992-жылы Кумтөр боюнча башкы келишимди түзүүдө жана 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда коррупция фактысы боюнча мурдагы президент Аскар Акаев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлаган. Бирок, иш кандай тергелип, эмне жаза берилгени белгисиз.

Аскар Акаев быйыл 2-августта Бишкекке учуп келип, бир апта сурак бергенден кийин, 8-августта кайра Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кумтөр кени. 2021-жыл
Кумтөр кени. 2021-жыл

2017-жылкы “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү жараяны жана Кумтөрдөн 500 миллион доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылган.

Тергөө 2009-жылы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим түзүүдө коррупциялык иштер боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын уулу Максим Бакиевге, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Андрей Сазановго издөө жарыялаган.

Кумтөрдөгү экология маселесин көтөрүп жүргөн активист Нарис Калчаев “Кумтөр иши” боюнча мындай деди.

“Бул иш боюнча мен да күбө катары тергөөдө көрсөтмө берип атам. Мурдагы премьер-министрлер, депутаттар менен беттештирүү болду. Кумтөр боюнча күнөөлүү адамдар тандалма эмес баары тең жооп бериши керек. Депутаттардын кол тийбестиги бар, алар парламентте берген добушу үчүн жооп бербейт. Бирок кен байлыктын баары ошолордун колу менен талкаланды да. Ошондуктан алар да жазасын алып бул кийинкилерге сабак болушу керек. Эгерде жоопкерчиликке тартууда тандалма боло турган болсо ал туура болбойт”.

Кыргызстандын азыркы бийлиги быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, иш жүзүндө көзөмөлдөп жатат. Өткөн айдын аягында Акылбек Жапаров “Центерра Голд” компаниясы Кумтөргө байланыштуу жаңы жылга чейин сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү сунуштап жатканын билдирген. Ал Кумтөр маселеси толугу менен чечилгенин, “Центерра Голд” Кумтөргө толук ээлик кылбай калганын тастыктаганын билдирген.

“Центерра Голд” Кумтөр үчүн күрөштү, кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерин улантарын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG