Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Жээнбеков менен Зулпукаров абактан бошотулду


Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.
Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 9-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, сот Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Депкомиссия Жээнбеков менен Зулпукаровго болушту

Бир күн мурда Жогорку Кеңеш "Кумтөр иши" боюнча айыпталган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Парламент эки депутаттын Конституциядагы ыйгарым укуктары бузулуп, камалган деп тапты. Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып, быйыл июнда атайын кызматтын тергөө абагына камалышкан.

Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат бербөө тууралуу корутундусун колдоду. Комиссиянын чечимин 94 депутат колдоду, эч ким каршы болгон жок.

Комиссиянын корутундусунда төмөндөгү пункттар белгиленген.

1. Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесин бузуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган деп таанылсын;

2. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров атайын кызматтын тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш;

3. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 24-беренесине ылайык, депутат элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында турары жана мандатынын колдонуу мөөнөтүндө жана андан кийин дагы айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес экени белгиленсин.

Комиссиянын төрагасы, депутат Канатбек Исаев корутундуну окуп берип, анда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган депутат Асылбек Жээнбеков "мыйзамсыз камакка алынган" деп белгилеп, аны тергөө абагынан токтоосуз бошотуу керек экени айтылды.

"Башкы прокуратуранын сунуштамасында айыптоонун негиздүүлүгү Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматовдун көрсөтмөлөрүнө гана негизделген. Алар бул көрсөтмөлөрдү атайын кызматтын тергөө абагында отурганда жана тергөө менен кызматташуу келишимине барганда беришкен. Бул жагдайлар алардын көрсөтмөлөрүнө олуттуу шектенүү менен кароого негиз берет", - деди Канат Исаев.

Ошондой эле, Исаев депутаттык комиссиянын корутундусунда эл өкүлү Төрөбай Зулпукаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушуна жетиштүү негиздер жок экенин белгиледи.

"Парламент депутаты Төрөбай Зулпукаров депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесинин талаптарын бузуу менен кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган деп таанылсын. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу Зулпукаров УКМКнын кармоочу жайынан токтоосуз бошотулууга тийиш. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 24-беренесине ылайык депутат эл өкүлү катары элдин жана мамлекеттин коргоо алдында турганы, мандатты колдонуу мөөнөтүндө жана андан кийин айтылган ой-пикири, добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес", - деди Исаев.

Комиссия Кумтөр маселесин жана буга байланыштуу долбоорду кароодо Зулпукаров мыйзамдын чегинде гана аракет жасаганын белгилеген.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун маселеси учурда каралып жатат.

7-декабрда Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар камактан бошотулуп, алардын депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев күч түзүмдөрүн камакта отурган башка саясатчылардын дагы ишин кайра карап чыгууга чакырды. Акаев өлкөдө саясий куугунтук болбошу керек деп эсептейт.

"Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана башка саясатчылар жөн эле отурат. Эгерде актай барактан баштап, экономикалык өнүгүүгө кетип, саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, чын-чынына келгенде экс-президент Атамбаевди дагы үй камагына чыгаруу керек. Саясий өч алуудан кетип, тарыхты актай барактан баштайлы", - деди Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев буга чейин “бийликти басып алуу” беренеси менен айыпталгандардын көпчүлүгү акталып чыкканын белгилеп, саясатчыларды мыйзамсыз камакка алган күч органдарынын кызматкерлерин жоопко тартуу демилгесин көтөрдү. Иманалиев бийликти басып алууга айыпталып, акталган саясатчыларды санап берди.

“Мамлекеттик бийликти басып алуу боюнча 17 кылмыш иши козголуп, 17си тең акталыптыр. Бирок иш козгогон бир дагы иликтөөчү, прокурор соттолгон эмес. Урмат Барктабасов төрт жылга кесилген, кийин акталды. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Токон Мамытов бир жарым жылга кесилген, үчөө тең акталды. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров кесилген, алар дагы акталды. Дастан Сарыгулов, Эрнис Карыбеков кесилген, алар акталды. Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Тойгонбай Калматов кесилген, жакында акталды. Канат Исаев кесилген, акталып жаныбызда отурат. Курсан Асанов, Жанар Акаев, Алмазбек Атамбаевдин иши жүрүп жатат. Анан Бакыт Жетигенов. Демек, кылмыш кодексинин бул беренеси иштебейт. Ошол адамдарды ак жеринен түрмөгө отургузгандар эмнеге кесилген жок?”.

2013-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылындагы Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүү талабы менен нааразычылык акциясынан кийин “жол тосуу, электр жарыгын өчүрүү” боюнча айыпталып, соттолуп чыккан активист Айбек Сарыбаев депутаттык комиссиянын корутундусун кескин сынга алды.

“Моралдык жактан күнөөсү бар. Юридикалык жагын юристтер айтсын. Ошол кезде депутаттар мөңгүлөрдүн талкаланышы, Кумтөрдүн бизге өтүшүнө каршы добуш берген фактылары турат. Биз кадимкидей эле түрмөгө отуруп чыкканбыз. Өзүмө салыштыра турган болсом, булардын акчасы, саясий иммунитети бар. Кумтөрдөн жеген акчасын азыркы бийлик менен бөлүшүп чыгып жаткандай”.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кумтөр иши" боюнча камакта отурган Асылбек Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна алынып келген жок. Бүгүн, 8-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын арызы каралышы керек болчу.

"Белгисиз себептер менен алынып келген жок. Жогорку Кеңештин кабыл алган чечимин айттым. Жогорку Кеңеш чечимди бербей коюшту. Баш коргоо чарасын сот аныктагандан кийин тараптардын өтүнүчүнүн негизинде каралыш керек болчу. Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдук бербей койгондуктан баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, алынышы керек эле", - деди Жээнбековдун адвокаты Калыбек Жамангулов.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров качан тергөө абагынан бошотулары тууралуу маалымат берген жок.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узарткан. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG