Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

"Бир жумада басып алабыз". Талибдердин Тажикстанга эскертүүсү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эгер Дүйшөмбү Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир апта ичинде басып алышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын кол башчыларынын бири 2-августта жасаганын жергиликтүү басылмалар жазышты. Дүйшөмбүмындай билдирүүгө эч кандай жооп кайтара элек.

Оогандардын "Хашт-е собх" басылмасы өз булактарына таянып 2-августта жазгандай, талибдердин "Омари" корпусунун жетекчисинин орун басары, "Мулла Жан" деген ысым менен белгилүү молдо Мухаммад Жан Хамза Дүйшөмбү Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир аптада басып аларын эскертти.

Маалыматка караганда, ал мындай билдирүүнү Тахор шаарында өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында жасаган. Ооганстандын Тахор провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектеш.

Расмий Дүйшөмбү талибдердин кол башчысынын бул сөзүнө үн ката элек. Тажикстандын бийлиги адатта "Талибандын" өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө жооп кайтарбайт.

Тажикстан Борбор Азиянын башка мамлекеттериндей эле Ооганстандагы талибдердин бийлигин тааныбайт. Дүйшөмбү менен Кабулдун ортосунда азыр эч кандай дипломатиялык алака да жок.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-июлда Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия лидерлеринин жыйынында Ооганстан аймактагы негизги коркунуч экенин белгилеген.

"Мулла Жан" Тажикстанга Ооганстандын ички ишине кийлигишпөө тууралуу эскертүү жасаган талибдердин биринчи жогорку даражалуу өкүлү эмес.

6-майда Ооганстандын Ислам партиясынын негиздөөчүсү, мурдагы өкмөт башчы Гүлбеддин Хикматияр дагы Кабулдагы жума намаз алдында Тажикстанды Панжшердеги Улуттук каршылык фронтун колдогону үчүн сынга алган.

"Улуттук каршылык фронту" талибдерге каршы турган жалгыз уюм. Негизинен ооган тажиктеринен турган бул уюмду белгилүү талаа кол башчысы Ахмад Шах Масуддун уулу жетектейт.

"Фронттун" эсебинде, бул өлкөдө жашаган улуттук азчылыктардын баары Ооганстанды башкарууга тең ата катышуусу керек. Ал эми талибдердин өкмөтү азыр негизинен пуштундардан турат. Анча-мынча өзбектер бар болгону менен тажиктердин өкүлдөрү такыр жок. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон талибдерди башка улуттун өкүлдөрүн кошпостон өкмөт түзгөнү үчүн айыптап келет.

Ар кандай эсептер боюнча этникалык тажиктер 38 миллион ооган калкынын 35-45% түзөт.

Өзбекстанда июль айынын соңунда өткөн атайын конференцияда талибдердин делегациясын жетектеп келген Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки Ооганстан мындан ары Өзбекстанга жана чөлкөмдүн башка өлкөлөрүнө коркунуч туудурбай турганын, террорчуларга өлкө аймагын колдонууга жол бербестигин билдирген.

Анткен менен АКШ “Ал-Каида” террордук уюмунун анабашы, дүйнөдөгү эң кооптуу террорист атыккан Айман Завахирини Кабулда жок кылганы 1-августта маалым болду. Ал уюмду 2011-жылы Усама Бин Ладенден кийин жетектеп калган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдиргендей, "Ал-Каиданын" лидерине Кабулда башпаанек берүү менен "Талибан" Доха келишимин, "Ооганстандын аймагын башка өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратууну көздөгөн террористтердин колдонуусуна жол бербейбиз" деген убадаларын одоно бузду.

Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылдын август айында басып алып, Ооганстан Ислам Эмираты негизделгенин жарыялашкан. Бийликке келгенине бир жыл болуп калса да дүйнөдөгү бир да мамлекет аларды тааный элек.

Талдоочулар мунун себебин талибдердин эл аралык коомчулуктун инклюзивдүү өкмөт түзүү, адам укуктарын, өзгөчө аялдардын жана кыздардын укуктарын сактоо талаптарын четке какканы менен байланыштырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG