Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Коруктагы бугунун атылышы иликтене баштады


Аксыдагы корукка Нарындан көчүрүлгөн бугулардын бири. 2019-жыл.
Аксыдагы корукка Нарындан көчүрүлгөн бугулардын бири. 2019-жыл.

Аксы районунун Сары-Челек биосфералык коругунда бугуну мыйзамсыз жок кылынышын мекемелер аралык комиссия иликтей баштады.

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарды жиликтеп жаткан төрт киши 31-октябрда кармалган. Милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бугу, марал - Борбор Азияда жоголуп бараткан жаныбарлардын бири. Аксы районуна караштуу Авлетим коругундагы бугулар Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунан 2018-жылы көчүрүлгөн.

Аксыдагы Сары-Челек биосфералык коругунун токойчусу 31-октябрда, болжол менен 18:30дар чамасында мылтык атылганын угуп, жетекчиликке кабарлаган. Ошондон көп өтпөй жергиликтүү төрт тургун Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарды жиликтеп жаткан жеринен кармалган.

Коруктун жетекчиси Рахман Касымовдун айтымында, ошол эле күнү укук коргоо органдарына маалымат берилген. Тинтүүдө ок атуучу курал табылган эмес, бирок жаныбардын териси жана эти далил буюм катары алынды. Тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.

"Бугуну биз баргандан 15-20 мүнөттөй мурдараак аткан экен. Барганыбызда эле бала бизди көрүп качты, бирок мылтыгы жок качты. Аны кайда бекиткенин караңгыда таба албай койдук. Тиешелүү органдар териштирип жатат. Алар түнкү саат 3:30га чейин кандай мылтык, кандай ок атылганын териштирүүдө. Видеодо тартылып калган бала быйыл эле доңузду дагы аткан экен. Ушуну менен 3-4-жолу болуптур бул жерде, былтыр аркы зонадан келген бугуну атып алышкан экен. Көп нерсе катталбай калган".


Коруктун жетекчилиги бир апта мурда эле алмашкан. Мурдагы жетекчиси Эрнист Токомбаев өзү иштеп турган эки жарым жылда корук катуу көзөмөлгө алынып, токойчулардын саны көбөйгөнүн айтууда. Учурда корукту 16 токойчу кайтарат. Ал жетекчилик алмашкан учурда корук жакшы кайтарылбай калган деп эсептейт. Бирок Рахман Касымов буга макул эмес.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тараткан сүрөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тараткан сүрөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, Сары-Челекте атылган бугу беш кар баскан. Аталган мекеменин биоресурстарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Руслан Термеев билдиргендей, мекемелер аралык комиссия түзүлүп, маселенин чоо-жайын иликтей баштады. Анын курамына министрликтин, укук коргоо, прокуратура өкүлдөрү, экологдор кирген.

Бугу, марал – Борбор Азияда жоголуп бараткан жаныбарлардын бири. Ал Кыргызстанда Кызыл китепке киргизилген. Термеевдин айтымында, браконьерлер келтирген зыян үчүн төлөм өкмөттүн токтому менен 2013-жылы көбөйтүлгөн.

"Бугу, маралды аткандыгы же олжологону үчүн келтирген зыяндын көлөмү 1 миллион сом деп белгиленген. Ал эми бул иштер корукта болгону аныкталса, айып пул эки эсе көтөрүлүп, 2 миллион сом болот".

Жалал-Абад облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурдин Жээнтаев факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлады. Кармалган тургундар суралып, өлкөдөн кетпөө тил каты менен кое берилди.

"Бул иш камакка ала турган иш эмес. Бардыгы милицияга келип эч жакка кетпөө тууралуу тил кат берип кетишкен. Алар ошол жердин эле тургундары. Алдын ала маалымат боюнча кармалгандар "өлүп калгандан кийин келдик, келсек өлүк экен" деп айтып жатышыптыр. Эми экспертиза терисинде октун тешиктери барбы аныктап бериши керек. Өлгөн күнү сойгон учур менен дал келеби? Тергөө дагы ошого жараша уланат".

Аксы районуна караштуу Авлетим коругундагы бугулар Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунан 2018-жылы көчүрүлгөн болчу. Анда Нарындан тогуз бугу алынып келинген. Көчүрүү иши "Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу" долбоорунун алкагында, 2015-жылы актер Леонардо Ди Каприонун фондунун каржылоосу менен башталган.

Соңку болжолдуу маалыматтарда бугулар үчкө көбөйгөн. "Эко тартип" коомдук бирикмесинин өкүлү, эколог Гамал Сооронкулов бугуларды көчүрүү долбооруна катышкандардын бири. Ал бугу атылбаган учурда дагы кылтакка түшүрүлүшү ыктымал деп эсептейт.

"Эгер мылтык огунун изи жок болсо, анда булар кылтак, тузак же капканга кармашкан. Анткени, өлгөн малдан анча кан чыкпайт. Булар мууздаганда көрүнүп турат. Кандай болбосун биз 2 миллион сом төлөтүп, Кыргызстандын тарыхында прецедент катары камакка чейин жеткириш керек. Башка айла жок калды. Өзү мыйзамда беш жылга чейин эркинен ажыратылат деген бар. Ошого мезгил келди. Болбосо илбирсти деле, аюуну деле, бугуну деле атып жатышат. Сотко жетип-жетпей жабылып калууда. Аскадан учуп кетти дегендей шылтоо издеп жатышат".

Сооронкулов бул ишти экологдор өз көзөмөлүнө алып, аягына чыгарууга белсенип жатканын кошумчалады. Социалдык тармактарда экология жаатында күчтүү мыйзамдарды талап кылуу демилгесин көтөргөндөр да болууда.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун бугу, марал бар. Алар негизинен Кемин, Сары-Челек жана Нарын коруктары менен Ысык-Көл облусун байырлайт.

Негизи, марал 14-15 жыл жашайт. Питомникте болсо 25ке чейин. Беш кар баскан (беш жаш) бугу(эркек) эми эле күчкө толгон болот.

Сары-Челек коругунда 820дан ашуун өсүмдүктүн, 35тен ашуун жаныбардын түрү бар. Кызыл китепке кирген бугу, күрөң аюу, илбирс, кийик жана доңуз, кирпи, кашкулак жана башка жаныбарлар байырлайт.

Кыргызстанда Кызыл китептеги жаныбарларга зыян келтирген, өлтүргөн учурлар буга чейин дагы катталган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкы адиси Руслан Термеевдин белгилешинче, буга чейин Аксыда аюу аткан факт катталып, айыпталуучунун үйү конфискацияланган.

2020-жылдын жылдын башында өзгөчө коргоого алынган ак илбирс да аңчынын огунан жарадар болгону айтылып, аны аткандарга издөө салынган. Окуя Талас облусунда катталып, бул жаныбарга Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында операция жасалган. Адистер ак илбирстин башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынганын кабарлаган эле. Бирок бул жаныбарга зыян келтиргендер аныкталбаган бойдон калган.

2020-жылдын сентябрында милиция Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьерди кармаган. Ушул эле күнү Нарында кайберенди канжыгага байлап келе жаткан тургун колго түшкөн.


Кайберенге аңчылык кылууга чектөө киргизүүнү экологдор байма-бай сунуш кылып келатышат. 2019-жылы бул демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, 40ка жакын депутат мыйзам долбоорун алып чыккан. Ага ылайык, 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагындагы жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага, тоо эчкиге, эликке, маралга жана каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган. Бирок мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес. Ага 109 депутаттын 82си каршы добуш берген.

Документ парламентте эки ача пикир жараткан. Демилгечилер кайберенди чаржайыт кырбай сактап калуу маселесин көтөрсө, айрым депутаттар "турфирмалардан акча түшпөй, токойчулардын айлыгы төлөнбөй калат" деген жүйө келтиришкен.

Азыркы мыйзам боюнча жапайы аңчылык кылгандарга 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле браконьерлер табиятка зыян келтиргени үчүн да айып төлөйт, тактап айтканда атылган ар бир тоо теке үчүн 100 миң сом айыпка жыгылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG