Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Путин кимге ишенет? Ак үй менен Кремлдин ачакей маалыматы


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Вашингтон Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчилери чындыкты айтуудан коркуп, мамлекет башчыга жалган маалыматтарды берип жатканын айтты. Кремл буга "Мамлекеттик департамент Орусиядагы реалдуу кырдаалды түшүнбөйт" деп жооп берди.

Ал арада орус армиясы Киевдин айланасындагы шаарларга сокку урууну улантып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчилери Украинадагы согуштагы жоготуулар, кесепети тууралуу чындыкты жашырып, ага толук маалымат бербей жатат. Бул тууралуу Ак үйдүн коомдук байланыш боюнча бөлүм жетекчиси Кейт Бедингфилд 30-мартта журналисттерге билдирди.

"Биздеги маалыматтарга караганда, Путин орус аскерлери аны адаштырганын билген. Ошондуктан аны менен аскердик жетекчилик ортосунда чыңалуу пайда болгон. Президентке кеңешчилери орус армиясынын жоготуулары, санкциялардан жабыркап жаткан орус экономикасы боюнча туура эмес маалымат берип жатат деп эсептейбиз".

Ак үйдүн коомдук байланыш боюнча бөлүм жетекчиси Кейт Бедингфилд. 29-март, 2022-жыл. Вашингтон.
Ак үйдүн коомдук байланыш боюнча бөлүм жетекчиси Кейт Бедингфилд. 29-март, 2022-жыл. Вашингтон.

Кейттин айтымында, Путиндин улук кеңешчилери ага чындыкты айтуудан коркушат. Бул сөздү кубаттаган Британиянын өкмөтүнүн чалгын мекемесинин жетекчиси Жереми Флеминг "орус президенти кырдаалды, украин элинин кайратмандыгын, санкциялардын кесепетин туура баалай алган эмес" деп айтты.

"Биз курал-жабдыгын, күчүн, демин жоготкон орус аскерлери буйрукту аткаруудан баш тартып, өз жетекчилигине саботаж жасап, кокустук сыңары өз учактарын атып салган учурларды көрдүк. Путиндин жеке согушунун айынан, Украинадагы карапайым тургундар, жөнөкөй орусиялыктар курман болуп жатышат,-деди Флеминг.

Кремл Вашингтонго көп кечиктирбей жооп берди. Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШнын Мамлекеттик департаменти да, Пентагон да Кремлдеги реалдуу кырдаал тууралуу билбей турганын билдирди.

"Алар Кремлде эмне болуп жатканын түшүнбөйт, алар президент Путинди түшүнбөйт, чечим кабыл алуу механизмдерин түшүнбөйт. Алар биз кантип иштерибизди түшүнбөйт. Бул албетте, кейиштүү. Анткени, мындай түшүнүктүн жоктугу кесепети олуттуу болгон жаңылыш чечимдерге алып келүүдө",-деди Песков.

Орусия Украинага сокку урууну улантып жатат

29-мартта Стамбулда өткөн украин-орус делегацияларынын сүйлөшүүсүнөн кийин Москва Киевдин айланасындагы аскердик аракеттерин басаңдатарын айткан. Бирок Украина президенти Владимир Зеленский жана Батыш лидерлери бул сөздөргө көп ишенишкен эмес. Айткандай эле, украин бийлиги 30-мартта орус армиясы Киевге жакын жайгашкан шаар-кыштактарды, анын ичинде Чернигов калаасындагы жарандык обьектилерге сокку урганын билдирди. Киевдин мэри Виталий Кличконун баамында, Кремлдин убадасы чындыкка эч коошпойт.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы орус армиясынын жеңиши тууралуу күн сайын маалымат таратууда.

Ал эми Орусиянын көзөмөлүндөгү жикчил аймактын лидерлеринин бири Денис Пушилин курчоодо калган Мариупол шаарынан 120 миң адам Орусия тарапты көздөй чыгып кеткенин кабарлады. Бул маалыматтын чын-төгүнүн ырастоо азырынча мүмкүн боло элек.

Украин бийлиги "Мариуполдун тургундарын күчтөп өз аймагына чыгарып кетип жатканы үчүн" орус тарапты айыптоодо. Бириккен Улуттар Уюму мындай маалыматтарды иликтеп жатат.

Орусиянын соккусунан талкаланган Мариупол шаары. 30-март, 2022-жыл.
Орусиянын соккусунан талкаланган Мариупол шаары. 30-март, 2022-жыл.

31-мартта украин президенти Владимир Зеленский Австралия менен Нидерланддын парламенттерине жасаган кайрылуусунда Орусияга каршы кошумча санкциялар зарыл экенин билдирди. Тактап айтканда, ал Нидерланддын мыйзам чыгаруучуларын "Орусия менен бардык соода алаканы токтотууга" чакырды.

Андан мурда Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен телефондон сүйлөшүп, коргонуу жаатындагы, каржылык жана гуманитардык жардам маселесин талкуулаган.

Пентагондун маалыматына караганда, Байден убада кылган курал-жабдыктын баары толук Украина жеткириле элек.

Ал арада Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы согуштун айынан Орусия менен Украинанын экономикасы катуу жабыркай турганын эскертти. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан банк 31-мартта билдиргендей, орус экономикасы 2022-жылы 10%, Украинаныкы 20% кыскарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG