Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:04

"Кибер-партизандар" Бакиевдин Беларустагы жер тилкесин көрсөттү


Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жана мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиев, Минск, 6-август 2019-жыл.
Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жана мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиев, Минск, 6-август 2019-жыл.

"Киберпартизандар" тобу Беларустагы бир топ аткаминерлерге, анын ичинде Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге таандык деген кыймылсыз мүлктүн тизмесин жарыялады. Мунун алдында хакерлер Бакиевдин беларус жарандыгын ашкерелешкен. Мурдагы президент бул маалыматтар боюнча үн ката элек.

2-сентябрда "Киберпартизандар" деген жашыруун ат менен белгилүү IT адистердин жана хакерлердин тобу Беларустун Кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча бирдиктүү реестрин бузуп киргенин билдирип, Александр Лукашенконун бийлигине жакын бир топ аткаминердин кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды "Телеграмдагы" каналына жарыялады.

Алардын арасында 11 жылдан ашык убакыттан бери Беларуста жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге таандык деген жер тилкеси бар. Бул жер аянты Минскинин чекесиндеги президенттик резиденциянын аймагында же ага жакын жерде жайгашкан.

Резиденциядагы жер тилке

Документтер анык болсо, былтыр 16-мартта Минск облусунун аткаруу комитети Курманбек Бакиевге 45 сотых жер үлүшүн берүү тууралуу чечим кабыл алган. Анын эртеси күнү бул жер тилкеси расмий түрдө Бакиевдин менчиги катары каттоодон өткөн.

Документте Курманбек Бакиев Беларус жараны экени, бул жер тилке Минскинин четиндеги өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагында, Заславское суу сактагычынын жанында жайгашканы белгиленген. Ошондой эле документке жер үлүшүнүн спутниктен тартылган сүрөтү да тиркелген.

Курманбек Бакиевге таандык деген жер тилкеси тууралуу "Киберпартизандар" жарыялаган документ.
Курманбек Бакиевге таандык деген жер тилкеси тууралуу "Киберпартизандар" жарыялаган документ.

Июль айынын соңунда "Киберпартизандар" Беларустун электрондук паспорт тутумун бузуп кирип, бир топ беларус аткаминерлери менен кошо Бакиевдин паспорттук маалыматтары деген документтерди жарыялаган. Анда Курманбек Бакиевге 2016-жылдын соңунда беларус паспорту берилгени жазылган.

27-августта "Киберпартизандардын" анонимдүү өкүлү "Немис толкуну" радиосуна маек куруп, Беларустун паспорттук тутумунун ичинде 16 миң кишиден турган жашыруун тизмени табышканын, Бакиевдин үй-бүлөсү тууралуу маалымат алардын катарында болгонун айткан эле.

"Эреже боюнча, Лукашенконун үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү, Бакиевдин үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар жабык. Ошондой эле, тизмеде күч кызматкерлери да бар. Биз тизмени толук анализдеп бүтө элекпиз. Анда КГБнын, "Альфа" жана башка атайын даярдыктагы бөлүмдөрдүн кызматкерлери, айрым учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу малыматтар бар", - деп билдирген хакерлер тобунун өкүлү.

"Киберпартизан" жарыялаган Бакиевге таандык делген бул жер тилкеси былтыр июнь айында Беларустагы TUT.BY басылмасынын журналисттери таап чыккан маалыматка төп келет. Былтыр бул сайт Лукашенко Бакиевге Минскинин четиндеги “Заславль–2” резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергенин жазган. TUT.BY бул маалыматты Беларустун Кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча бирдиктүү реестринен алганын билдирген.

Басылма жазгандай, жер тилкелери Лукашенконун 2019-жылдын декабрындагы чечими менен өмүрүнүн аягына чейин "кызматтык колдонуу үчүн" берилген. 45 сотых көмөк чарба жүргүзүүгө, 25 сотых турак жай курууга деп бөлүнгөн.

Лукашенко: Компьютерден кагазга өткүлө

"Киберпартизан" хакерлер тобу жарыялаган соңку тизмеде Бакиевден тышкары Беларус лидеринин иш башкармалыгынын мурдагы башчысы Виктор Шеймандын, Коопсуздук комитетинин төрагасы Иван Тертелдин, Беларус телерадио компаниясынын башчысы Иван Эйсмонттун, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинанын жана Лукашенконун жардамчысы Валерий Вакулчиктин мүлкү жана турак жайлары тууралуу маалымат бар.

"Киберпартизандардын" логотиби.
"Киберпартизандардын" логотиби.

Бул маалыматтар боюнча Бакиевдин үй-бүлөсү комментарий бере элек. Лукашенконун бийлиги да эч кандай реакция жасаган жок.

Бирок Лукашенко хакерлер паспорт тутумун бузуп киргенден көп өтпөй, 17-августта Министрлер кабинетинин жыйынында маалыматты коргоо жагын жакшыртууну тапшырган.

"Маалыматты коргоо маселесин дыкат иштеп чыгып, системанын аялуу болушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керек. Ошол эле маалда укук коргоо органдары жогорку технологиялар тармагындагы кылмыштарды аныктоо үчүн ишмердигин активдештириши керек. Маселе абдан олуттуу. Эгер өзүңөрдүн компьютериңердеги маалыматты коргой албасаңар, анда кагазга өткүлө. Кол менен жазып, жашикке салгыла", - деген эле Лукашенко.

"Киберпартизандар" июль айынын соңунда Беларустун паспорттук тутумун бузуп киргенде коомчулукта алардын аракетинин мыйзамдуулугу жана катардагы беларус жарандарынын купуя маалыматтарынын коопсуздугу тууралуу тынчсыздануулар жаралган. Бирок хакерлер тобу бул маалыматтар беларус бийлигине салыштырмалуу, алардын колунда коопсузураак экенин билдирип келишет.

Алар бул аракетин Беларустагы Лукашенконун режимине каршы күрөшүүнүн бир ыкмасы катары көрсөтүп жатышат. "Киберпартизандар" тапкан маалыматын 79 миңге чукул катталуучусу бар "Телеграм" каналына жарыялап келет. Жакында Беларус бийлиги бул каналды "экстремисттик" деп апты.

2020-жылдын 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери Беларуста Лукашенконун режимине каршылык токтобой келет.

Бакиевдердин Беларустагы болжолдуу бизнеси

Расмий Минск Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн соттолгон Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсүн өткөрүп берүүдөн баш тартып келе жатат. Лукашенконун өкмөтү расмий Бишкектин Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн четке каккан. Бакиев өзү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет.

Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Сүрөт: president.gov.by 10-август. 2020-жыл.
Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов) чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Сүрөт: president.gov.by 10-август. 2020-жыл.

Жакында 72 жашка толгон Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке 2005-жылы 24-март окуяларынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду (Даниил Урицкий) өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиев өзү буга чейин маектеринде Кыргызстанда ага коюлган айыптарды бир нече жолу четке каккан.

Беларуста Бакиевдин үй-бүлөсүнүн же ага жакын адамдардын бизнес же мүлкү тууралуу маалыматтар буга чейин бир нече жолу жарыяланган. Дээрлик үч жарым жыл мурда TUT.BY басылмасы Беларуста жаңы түзүлгөн Улуттук биотехникалык корпорациясын Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан.

Былтыр «БелаПАН» маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5% ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экенин жазган. 2019-жылы Беларустун Naviny.by маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулушка Бакиевдин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу ыктымалдыгын кабарлаган. Бул маалыматтарды Бакиевдин үй-бүлөсү ырастап же четке каккан эмес.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG