Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Башкы прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе дароо камалат


Курманбек Бакиев. Архивдик сүрөт.
Курманбек Бакиев. Архивдик сүрөт.

Эгер мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо же аны укук коргоо органдары алып келишсе ал беш жыл мурдагы сот өкүмүнүн негизинде дароо камакка алынат. Бул тууралуу 4-августта Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова билдирип, беш жыл мурда, 2016-жылдын 29-июлунда Бакиев сыртынан соттолгонун кошумчалады:

"2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя жана башка кылмыштар үчүн Бакиев 30 жылга эркинен ажыратылган, сот өкүмү күчүнө кирген".

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаев Кумтөр боюнча Бишкекке алынып келип, азыр тергөө менен активдүү кызматташып жатканын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG