Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Украина: "Азот" заводу каршылыктын чордонуна айланды


Украинанын Северодонецк шаарындагы талкаланган жерлер. Спутниктен алынган кадрлар.
Украинанын Северодонецк шаарындагы талкаланган жерлер. Спутниктен алынган кадрлар.

Орусиянын күчтөрү Украинанын Северодонецк шаарындагы “Азот” заводунда калган украин аскерлерин багынып берүүнү буйруду. Расмий Киев аталган калаадагы аскерлери дале каршылык көрсөтүп жатканын маалымдады.

Мындагы кармаш Донбасс аймагы үчүн күрөштө чечүүчү ролду ойноп жатат. Эл аралык коомчулук эки тарапты ынтымакка чакырууда.

“Азот” заводундагы каршылык

Орусия менен Украинанын күчтөрүнүн Северодонецк шаарындагы кармашы айыгышкан мүнөзгө өттү. Соңку күндөрү орус армиясы шаардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алды. Бирок украин күчтөрү толук багынбай, каармандык менен сокку урууда.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Эң айыгышкан уруштар Северодонецкте жана ага жакын шаарларда болуп жатат. Тилекке каршы, чоң жоготуулар бар. Бирок биз бекем турушубуз керек. Бул биздин мамлекет. Дал ушул Донбасстагы кармаштар өтө маанилүү. Душмандар канчалык көп жоготууга туш болсо, баскынчылыгын ошончолук токтотот. Донбасс багытындагы жылыштар алдыңкы апталарда согушта ким үстөмдүк кыларын көрсөтөт”, -деди Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку кайрылуусунда.

Ал арада орус армиясы менен Донбасстагы кремлчил жикчилдер Северодонецк шаарындагы “Азот” заводунда калган украин аскерлерине багынып берүүнү буйруду. Алардын шарты аткарылса, өндүрүш зонасында баш калкалаган жайкын тургундарды чыгарып кетүүгө “жашыл коридор” берилерин жарыялады.

Орусиянын Russia Today басылмасы өзүн-өзү “республика” деп жарыялап алган түзүмдүн өкүлү Андрей Марочконун сөзүн келтирди:

Андрей Марочко
Андрей Марочко

“Бүгүн “Луганск Элдик Республикасындагы” маанилүү окуя бул “Азот” ишканасынын өндүрүштүк зонасынан Сватово калктуу конушуна карай аткарылчу жашыл коридор. Ал таңкы саат 08:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштейт. Бирок дароо айтып коёюн, мындагы маалыматтарды биз көп ачыктай албайбыз. Ошондуктан менимче жакын арада маалыматтык вакуумда болуп турабыз”,-деген ал.

Британ чалгын кызматы 15-июндагы бюллетенинде “Азот” заводунун жертөлөсүндөгу бункерлерде украин аскерлери менен чогуу жүздөгөн жайкын тургундар камалып калганын маалымдады. Мында 300дөн 500гө чейин тургундар жөнүндө кеп болууда.

Украин бийлиги орус тараптын багынып берүү тууралуу талабына жооп кайтара элек. Северодонецктин жетекчилиги заводдо калган аскерлер дале каршылык көрсөтүп жатканын билдирүүдө.

“Биздин аскерлер коргонуу линиясын кармап, ошого жараша позицияларды ээлеп турушат. Кырдаал туруктуу, кыйла оор, бирок көзөмөлдө. Шаардагы кварталдардын үчтөн экисин Орусия Федерациясынын күчтөрү ээлеп турат. Өндүрүш зонасын жана ага жанаша турган аймактарды кошкондо шаардын үчтөн бир бөлүгү биздин аскерлердин колунда”,-деди “Азаттыктын” украин кызматынын эфиринде Северодонецк аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Александр Стрюк.

Орусия Украинага басып кирердин алдында Луганск менен Донецкидеги жикчил “республикаларды” көз карандысыз өлкө деп тааныган. Орусия күчтөрү Украинадагы "блицкриг планы" ишке ашпай калган соң бул эки облустун чек араларына чейин ээлеп алууну көздөп жатат.

Учурда Северодонецк шаары Луганск облусунун администрациялык борбору болуп саналат. Анын мурдагы борбору Луганск 2014-жылдан бери жикчилдердин көзөмөлүндө.

Северодонецк “Азот” заводунун аймагы.
Северодонецк “Азот” заводунун аймагы.

Орус күчтөрү мурдарак өздөрү басып алган Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводун дээрлик эки айдан ашык камоолго алган. Андагы украин аскерлери да багынуудан баш тартып, заводдун астындагы жертөлөлөрдө миңдеген жайкын тургундар чыга албай жаткан. Соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун кийлигишүүсү менен миңден ашык жайкын тургун украин бийлиги көзөмөлдөп турган жакка, 2,5 миңдей украин аскери Орусия тарапка чыгарылган. Москва аларды аскердик туткун катары карап жатат. Жакындан тартып заводдун алдында табылган сөөктөрдү Киевге бере баштады.

"Сүйлөшүүлөрдүн уланышы күмөн"

Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругунан кийин орус армиясы украин жергесине 24-февралда басып кирген. Ушул убакка чейин орус күчтөрү Донецк менен Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Херсон, Запорожье, Харьков облустарынын айрым аймактарын басып алды. Мындан сырткары Николаев, Одесса облустарына, Киев шаарына улам-улам ракеталык, артиллериялык жана авиациялык сокку уруп жатат.

Кол салуунун алгачкы күндөрү башталган Москва менен Киевдин тынчтык сүйлөшүүсү майда үзгүлтүккө учураган. Украин бийлиги орус аскерлери алардын аймагынан чыгып кеткенге чейин сүйлөшүүлөрдүн уланышы күмөн экенин билдирип келет.

Эл аралык коомчулук эки тарапты мунасага келүүгө жана ок атышууну токтотууга чакырууда.

Эммануэл Макрон
Эммануэл Макрон

“Биз Украинанын каршылык көрсөтүүсү үчүн максималдуу түрдө жардам кылдык. Мен Украина жеңишин, өзгөчө согуштук аракеттер токтотулушун каалайт элем. Демек, биз сүйлөшүүлөр жанданышын жактайбыз. Мен президент Зеленский менен байланышкан учурда дайыма айтып жатам. Украинанын президенти Орусия менен сүйлөшүүгө баары бир барышы керек. Биз европалыктар сүйлөшүү үстөлүнө чогуу олтуруп, биздин континентке тиешелүү коопсуздук кепилдиктери жөнүндө сөз кылууга даярбыз”,-деди Франциянын президенти Эммануэл Макрон 15-июндагы билдирүүсүндө.

Буга чейинки билдирүүлөрүндө украин президенти Владимир Зеленский ага Франциянын президенти Эммануэл Макрон телефон чалып, Орусиянын президенти Владимир Путинге эл аралык коомчулукта “жүзүн сактап калууга” жардам берүү үчүн Украинаны “суверенитетке байланыштуу кайсы бир маселелерге макул болууга” сунуштаганын айткан. Зеленский бул сунушту “таптакыр орунсуз” деп атап, “кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн өз аймагынан айрылууга даяр эмес” экенин белгилеген.

Ага карабай украин президенти Владимир Зеленский башынан бери эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин кайталап келет. Акыркы жолу бул жөнүндө 14-июндагы басма сөз жыйынында да айтты.

Бирок Киев орус тарап келишимге жеткенде ээлеген жеринде калуу үчүн мүмкүн болушунча көп аймактарды басып алууга аракет кылып жатканын билдирүүдө. Ошол себептүү украин бийлигинде жакын арада тынчтык келишимине жетүү ыктымалдыгын четке каккандар да бар.

Орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын санаалашы, юрист Иван Ждановго берген интервьюсунда Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин айтты.

Михаил Подоляк
Михаил Подоляк

“Путин мырза “Украина деген өлкө жок” деп айтып жатпайбы. Муну менен ал азыркы замандын реалдуулугун адекваттуу баалай албай жатат. Азыркы замандын реалдуулугу деген эмне? 1991-жылы дүйнөдө саясий жана географиялык карталар өзгөргөн. Анда Украина деген эле мамлекет эмес, башка ондогон мамлекеттер пайда болгон. Бул деген башка саясий реалдуулук. Адамдар эми өзүнүн кайсы бир тарыхый аллюзиясында эмес, азыркы тарыхый реалдуулукка келиши керек. Бирок Орусиянын азыркы элитасы Украинанын тыптыйпыл кылып кырып, жок кылып, басып алгысы келип жатат. Орусияда мындан башкача ой жүгүрткөн, жаңы саясий элита келиши керек. Биз азыртан эле ошол потенциалдуу элита менен сүйлөшүү жүргүзө баштадык”,-деген Подоляк.

Төрт айга таяп бараткан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. Дээрлик 7 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG