Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

“Кентаврды” тарткан Адис Сейталиевдин ааламы


Адис Сейталиевдин "Ак-кара" аталышындагы көргөзмөсү.
Адис Сейталиевдин "Ак-кара" аталышындагы көргөзмөсү.

Кыргыз коомчулугунда көбүнчө живопись жанрындагы эмгектер бааланып, графикага көп көңүл бурулбайт. Ошондой болсо да кыргыз сүрөтчүлөрү арасында бул өнөрдү аркалагандар бар. Алардын бири график-сүрөтчү Адис Сейталиев. Анын эмгектери кандайдыр бир тереңдикти туюнтуп, көрүүчүгө табышмак катып тургансыйт.

Карандаш графикасы – өзгөчөлөнүп турган графикалык искусствонун бир түрү. График бардык идеяларын, кагаз бетине кара түстөгү карандаш менен түшүрөт.

Табышмак каткан графика

Сейталиевдин бул сүрөтүн карасаң коюу кара туманга, бир карасаң бактын элесине окшоп кетет.

Сүрөт Адис Сейталиевдин "Ч/Б" (ак-кара) аталышындагы каталогунан тартылды.
Сүрөт Адис Сейталиевдин "Ч/Б" (ак-кара) аталышындагы каталогунан тартылды.

Дагы бир сүрөтү жөн гана төрт бурчтуу предметти элестетсе, бир туруп шаардын тумандуу элесин көзгө тартат. Айтор мындагы графикалык эмгектер табышмакка бай экенин баамдоого болот.

Сүрөт Адис Сейталиевдин "Ч/Б" (ак-кара) аталышындагы каталогунан тартылды.
Сүрөт Адис Сейталиевдин "Ч/Б" (ак-кара) аталышындагы каталогунан тартылды.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, реалист сүрөтчү Жыргал Матураимов Адис Сейталиев менен Москвадагы Суриков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт институтунда бирге окуган. Ал калемдешининин графикалык эмгектерин түшүнүү үчүн атайын даярдык керек дейт:

Жыргал Матураимов.
Жыргал Матураимов.

“Адис Сейталиев предметтерди абстракция менен берет. Кайсы эмгегин албайлы баары музейлерде турууга татыктуу. Мындагы күңүрт түстөгү сүрөттөрүндөгү ар бир сызык жөн эле чийилген эмес. Маселен бир сүрөттө дарактын элесине окшогон көрүнүш турат. Мында ал даракты конкреттүү тартса деле болмок, бирок искусстводо тереңдик, өзгөчөлүк керек. Адис өзү өтө терең талант. Ошондуктан ушул жанрдын чебери боло алды. Ал менен чет элдиктерге да сыймыктансак болот. Анын дагы бир өзгөчөлүгү сыйлыктын артынан куубайт. Мындай адамдар бизде саналуу эле. Алар болгону өз чыгармачылыгы менен алектенип ырахат алып жашашат”.

"Бизде графикага жакшы көңүл бурулбайт"

Графика өз ара китептик, газета-журналдык, колдонмо, станоктук жана плакаттык графика болуп бөлүнөт.

Сүрөт адистеринин айтымында кыргыз сүрөтчүлөрүнөн Таалай Курманов, Теодор Герцен баштаган кыл калем ээлери “Манас” эпосунун каармандарын графика жанрында мыкты деңгээлде тарткан.

Буга чейин Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде графикалык сүрөт көргөзмө мындан көп жыл мурда өткөн. Андыктан Сейталиевдин “Ак-кара” аталышындагы бул көргөзмөсү графикага болгон кызыгууну жандандырууда.

Адис Сейталиевдин "Ак-кара" аталышындагы көргөзмөсү.
Адис Сейталиевдин "Ак-кара" аталышындагы көргөзмөсү.

Жакында эле Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Адис Сейталиевдин жеке көргөзмөсү өттү. Сүрөтчү бул көргөзмөдө соңку 4-5 жыл ичинде тартылган эмгектери басымдуулук кыларын айтты.

“Кыргызстанда мыкты график сүрөтчүлөр бар. Тилекке каршы буга көңүл буруу төмөн деңгээлде. Көпчүлүк боёктуу живописке ыкташат. Мына ошондуктан графика жанрынын абалы начарлап кеткен. Мен анын кадырын көтөрүү максатында ушул көргөзмөнү уюштурдум. Көздөгөнүм канчалык деңгээлде ишке ашканын көрүүчүлөр баалашар. Биз дагы да аракет кыла беребиз. Мурда чет элдиктер да графикалык эмгектериме кызыгып алган учурлар арбын болчу, азыр азыраак”.

Сейталиев көргөзмөгө келген көрүүчүлөр менен.
Сейталиев көргөзмөгө келген көрүүчүлөр менен.
Сүрөт Адис Сейталиевдин "Ч/Б" (ак-кара) аталышындагы каталогунан тартылды.
Сүрөт Адис Сейталиевдин "Ч/Б" (ак-кара) аталышындагы каталогунан тартылды.

Буга чейин кыргызстандык графиктер Орусиянын Новосибирск аймагында өтүүчү графикалык биенналеге дайым катышып келген. Мындан сырткары Уфада, Словенияда басма графиканын триенналеси өтүп, кыргыз графиктери барып турушчу. Сейталиевдин айтымында мындай эл аралык алака соңку кезде согундай түштү.

Ошондой эле сүрөтчү графика жанрын мындан ары өнүктүрүү, бул жаатта шакирт тарбиялоо тууралуу ойлорун бөлүштү:

“Мурда мен Көркөм сүрөт академиясында, КГУСТАда сабак берчүмүн. Он жылдан ашык мезгилден бери Сүрөтчүлөр союзунун филиалындагы өзүмдүн өнөрканамда эле иштеп жатам. Бирок жакынкы мезгилде бир окуу жайга кирип, педагогикалык ишмердүүлүгүмдү улантсам деген ниетим бар”.

2-18-декабрь аралыгында өткөн “Ак-кара” аталышындагы көргөзмөдөгү эмгектердин темалары күүгүм жана күүгүмгө чейинки күн менен түндүн көрүнүшү болду. Мындан сырткары автор кандайдыр бир чыпка, тосмолордун элесин тарткан. Алар ар кандай материалдардан, ар түрдүү конфигурациялардан жасалган.

Көргөзмөгө келген ар бир көрүүчүгө “Ч/Б” (ак-кара) каталогу белекке берилди. Каталогдо музейдеги ар бир эмгек камтылган.

“Жакшы сүрөтчү кинодо да иштейт”

Суриков атындагы Москва мамлекеттик көркөм сүрөт институтунун станоктук-графика өнөрканасынын бүтүрүүчүсү болгон Сейталиевдин көргөзмө уюштуруу боюнча 30 жылдык чыгармачыл тажрыйбасы бар. График 2003-жылдан тарта кинодолбоорлордо сүрөтчү-коюучу катары иштеп келет.

Белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат Адис Сейталиев менен айрым тасмаларында бирге иштеген. Ал "жакшы сүрөтчүлөр кинодо да иштейт" деди:

Актан Арым Кубат.
Актан Арым Кубат.

“Мурунку муундан Сатар Айтиев, Жамбыл Жумабаевдер көркөм сүрөттө белгилүү таланттар болушса, ошол эле маалда кино тармагына да зор кызмат кылышты. Кийинкилерден сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов да кыргыз киносуна опол тоодой из калтырды. Мындай сүрөтчүлөрдү айта берсек көп. Алардын бири – Адис Сейталиев. Ал менин уулум Мирлан Абдыкалыков менен “Сүтак” жана “Жөө күлүк” аталышындагы эки тасманы жаратты. Мени менен “Кентаврды” тартты. Биз тасма тартып жатканда айрыкча көркөмдүүлүгүнө басым кылгандыктан, бул киши менен жуурулушуп иштедик. Негизи таланттуу адам ар бир тармакта талантын көрсөтөт экен. Адис мен үчүн көп пайда алып келди. Анткени сүрөтчү кинодо иштесе жөн эле сүрөт тартпайт, декорация, реквизиттен баштап экранда көрүнгөндүн баарын жасайт. Адис өтө таланттуу жигит, нагыз график. Бул көргөзмөсүн көрүп да баа берип атам”.

Адис Сейталиев 1965-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында туулган.

1980-1984-жылдары борбордогу С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган. Аны аяктагандан кийин Москвадагы В. Суриков атындагы институтта графика факультетинен билим алган. 1996-жылдан бери Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзуна мүчө.

Сейталиев графика жанрынан сырткары басма графика, живопись, видео-арт багытында да иштейт. Ошондой эле ал кино тармагында сүрөтчү-коюучу болуп эмгектенгенден сырткары өзүн режиссёр катары да сынаган жайы бар.

2004-жылы ал "Кара мольберт" аттуу кыска метраждуу автордук көркөм фильмин тарткан. Анда азыркы замандагы сүрөтчүлөрдүн абалы чагылдырылган.

Сейталиев сүрөтчү-график катары Франция, Италия, Орусиядагы бир катар графика триенналесине жана биенналесине катышкан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG