Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:38

Каракөлдө ак куулар жапырт кырылууда


Казакстан, Талдыкөлдөгү ак куу. 2021-жыл
Казакстан, Талдыкөлдөгү ак куу. 2021-жыл

Казакстандын Мангыстау облусундагы Каракөл көлүндө 900дөй ак куу кырылып калды. Экологдор сууну изилдөө учурунда өтө көп зыяндуу заттарды тапты.

Буга байланыштуу көл жээгиндеги Rixos Aktau мейманканасында пландан тышкары текшерүү башталды. Беш жылдыздуу мейманкананын өкүлдөрү кир сууну атайын чыпкадан өткөргөндөн кийин гана көлгө төгөрүн айтып жатат.

Буга чейин микробиология жана вирусология адистери ак куулардын кырылышына жогорку патогендүү куш тумоосу себеп болгон деген жүйө келтиришкен.

"Каракөлгө кошулган суу ашыкча булганган"

Жергиликтүү "Лада" басылмасы экология министринин орун басары Жомарт Алиевге таянып, бир айдан бери Мангыстау облусунда кырылган ак куулардын саны 826га жеткенин жазды . Министрликтин маалыматына караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Каракөлгө агып кирген суу ашыкча булганганы аныкталган.

"Каракөлдөгү ак куулардын кырылышын иликтөөгө Мангыстау облусунун экология департаменти активдүү катышууда. Тергөө иштеринин жүрүшүндө облустун экология департаментинин кызматкерлери Каракөлгө аккан суу ашыкча булганганын аныктаган. Ошонун негизинде Rixos Aktau мейманканасында пландан тышкаркы текшерүү башталды. Текшерүүдөн кийин мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөт",-деди казак аткаминер.

Эгерде анализдин жыйынтыгында булганыч заттардын концентрациясы чектен ашып кеткени аныкталса, мейманканага айып пул салынышы мүмкүн.

Мейманкана өкүлү Серик Исагалиев саркынды суулар Каракөлгө агарын ырастады. Бирок адегенде чыпкадан өтүп, түтүк менен жөнөтүлөрүн, тазаланган сууну көлгө агызууга компетенттүү органдардан уруксат бар экенин айтты.

Исагалиев суу көлгө куюлганда ылайланып калышы мүмкүн экенин жүйө келтирди. Негизинен курорттук аймакка борбордук канализация орнотулбашы керек.

"Сентябрдын аягынан бери Каракөлгө жумасына бир эле жолу суу куюлат. Бизде компетенттүү мамлекеттик органдардын уруксаты жана лицензиясы бар", - дейт ал.

Ак куулар
Ак куулар

Декабрда 600дөй ак куу өлгөн

Көз карандысыз эксперттер аймакта жапырт карантин жарыялоо зарыл деп эсептешет. Анткени, көл жээгиндеги ак кууларга жем тараткан адамдар жана үй канаттуулары ооруну жугузушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Азыр адистер көл жээгиндеги өлүктөрдү чогултуп, атайын чуңкурга көмүп, өрттөп жатышат.

Былтыр жыл аягында Актау шаарынан он чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан Каракөл көлүндө ак куулардын кырылып жатканы тууралуу кабарлар тараган. Анда Мангыстау облусунун токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсүнүн аймактык инспекциясы 601 ак куу (Cygnus olon) өлгөнүн билдирген.

Расмий маалыматка караганда, алдын ала экспертизанын жыйынтыгында "ак куулар куш тумоосунан өлгөн болушу мүмкүн" деп айтылган. Кийинчерээк адистер "канаттуулар сууктан жеми жок өлдү" деген бүтүм чыгарышкан.

Каракөл–Актау шаарынан он чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан жасалма көл. Ал 1967-жылы Мангыстау атомдук электр станциясы үчүн тундурма бассейни катары курулган. Республикалык маанидеги Каракыя-Каракөл мамлекеттик зоологиялык коругу өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат жана Казакстандын өзгөчө корголуучу орнитологиялык жерлеринин катарына кирет. Көлдө жыл сайын он миңдеген канаттуулар кыштайт. Былтыр ноябрда президент Касым-Жомарт Токаев Мангыстау облусунун "коомчулугуна" кайрылып, Каракөлдү "керемет суу сактагыч" деп атап, аны коргоого чакырган.

Экс-президент Нурсултан Назарбаев (ортодо) Rixos Water World Актауда байкоо жүргүзүүдө. Феттах Таминже (солдон экинчи). 18-сентябрь, 2020-жыл.
Экс-президент Нурсултан Назарбаев (ортодо) Rixos Water World Актауда байкоо жүргүзүүдө. Феттах Таминже (солдон экинчи). 18-сентябрь, 2020-жыл.

Rixos Water World Aktau мейманканасы 2020-жылдын август айында пайдаланууга берилген. Аны казак бийлигинин буйругу менен түркиялык "Сембол курулуш энд инжиниринг" ишканасы салган. Мейманкананын курулушуна миллиарддаган теңге сарпталган.

Мейманкана түрк ишкери Феттах Таминжеге таандык. "Азаттыктын" казак кызматынын иликтөөсүнө караганда, Феттах Таминже Казакстандагы эң бай чет элдик ишкерлердин бири жана өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен байланышы бар болгон.

 Актауда ак куулар эмнеге кырылды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG