Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Түркмөнстанда «көпкөн мергенчилер» бөкөндөрдү кырып жатышат


Казакстандын Алматы облусундагы бөкөндөр (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Казакстандын Алматы облусундагы бөкөндөр (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары кышында сууктан качып бул өлкөнүн аймагына ооп келген бөкөндөр менен канаттууларды “көпкөн мергенчилер” кырып жатышканын билдиришти.

Мындай мергенчилердин укук коргоо жана бийлик органдарында таасирдүү байланыштары бар. Балкан облусундагы жергиликтүү адам мергенчилер “беш-алты моторлуу кайыктарга минип алып 500-1000дей жапайы канаттууларды атып кетишкенин” айтып берген.

Мергенчилер атып өлтүргөн жаныбарлар менен канаттуулардын эти сатыкка түшөт. Балкан облусундагы жергиликтүү мергенчинин айтымында, «канаттуунун жарым килограмм эти 40 манатка" (же 800 сом) сатылып жатат.

Түркмөнстандын Чөл дөбө, Бегарслан, Кабылан дөбө коруктарында кыш маалында коңшулаш Казакстандын талааларынан сууктан ыктоо издеп барган бөкөндөр көбөйөт. Түркмөн кабарчыларынын ички иштер мекемесиндеги булактары бөкөндөрдү аткандар да көбөйгөнүн белгилешет. Жакында эле полиция суу ташыган машинени токтоткондо анын цистернасынан 43 бөкөндүн эти чыккан.

2011-2012-жылдары Казакстандын түндүгүндөгү үч облуста миңдеген бөкөндөр жугуштуу илдеттин айынан кырылган.

XS
SM
MD
LG