Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Биринчи ирет: Сот бийлигинин төрайымы “кол тийбестиктен” ажырады


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат (УКМК) Жогорку соттун төрайымын коррупцияга аралашкан деп шек санаган. Андан кийин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу үчүн Тартип комиссиясына кайрылган.

Калиева өзүнө каршы дооматтарды четке кагып келет. Эгемен Кыргызстандын тарыхында Жогорку соттун кызматта турган жетекчисине кылмыш иши биринчи жолу козголду.

Зулушев Калиеваны жоопко тартууга уруксат алды

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку соттун төрайымын жоопко тартууга макулдук берүү боюнча өтүнүчтү караган отурумга Калиеванын өзү катышкан жок.

Ал Тартип комиссиясына ооруп жатканы тууралуу медициналык маалымкат жөнөтүп, жыйынды башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирген.

Бирок Башкы прокуратуранын кызматкери Үмүт Коңкубаева иш созулуп жатканын, Калиеванын өзү жок отурум өткөрүүгө мыйзам жол бере турганын белгилеп, башкы прокурордун өтүнүчүн карай баштоону сунуштады.

Буга Тартип комиссиясы макул болуп, эки саатка созулган жыйындын чечимин комиссиянын төрагасы Марат Осмонкулов жарыялады.

«Биринчиси - Тартип комиссиясы Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Экинчиси - Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Үчүнчү - Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны убактылуу кызматтан четтетүүгө макулдук берүүнү комиссия чечти», - деди Осмонкулов.

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын иши. Төрдө - комиссиянын төрагасы Марат Осмонкулов. 2021-жылдын 4-марты.
Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын иши. Төрдө - комиссиянын төрагасы Марат Осмонкулов. 2021-жылдын 4-марты.

Комиссия Калиеваны кызматтан убактылуу четтетүүнү президент Садыр Жапаровго сунуш кылат. Чечимдин калган бөлүктөрү дароо күчүнө кирип, даттанууга жатпайт.

Үчүнчү бийликтин жетекчиси киберкоопсуздук жана коррупцияга шек саналууда

Жыйында Тартип комиссиясынын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Замирбек Субаналиевге “Калиеванын күнөөсүнө кандай далилдер бар? Кандай мыйзамдар бузулган? Мыйзам бузууга эмне кызыкчылык болгон? Казына канча каражат зыян тарткан?" деген сыяктуу бир топ суроо узатышты.

УКМКнын тергөөчүсү Замирбек Субаналиев жана Башкы прокуратуранын кызматкери Үмүт Коңкубаева. (оңдон солду карай)
УКМКнын тергөөчүсү Замирбек Субаналиев жана Башкы прокуратуранын кызматкери Үмүт Коңкубаева. (оңдон солду карай)

Тергөөчү Замирбек Субаналиевдин айтымында, сот тармагына “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашырууда коррупция орун алып, анын мамлекетке чыгымы - 1 миллион 211 миң сом деп эсептелген.

Субаналиев бул ишке шек саналган башка кызматкерлер тергөө менен кызматташуунун алкагында Гүлбара Калиевага каршы көрсөтмө беришкен деди. Ошондой эле атайын кызматтын өкүлү Жогорку соттун жетекчиси сот тутумундагы маалыматтар базасына жеке компаниялардын кирип, иштешине уруксат берип, “мамлекеттик коопсуздукту коркунучка кептеген”, деди.

«Жеке уюмга толук уруксат берип, жашыруун маалыматтардын сыртка чыгарылышы менен мамлекеттик кызыкчылыкка зыян келтирилген. Кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген киберкоопсуздук нормалары бузулган», - деди атайын кызматтын өкүлү.

Калиеванын өзү комиссиянын чечимин мыйзамсыз деп баалады

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын чечимине басма сөз кызматкери аркылуу пикирин билдирди. Анда Калиева комиссиянын бүтүмүн "мыйзамсыз" деп баалады:

«Мени кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү тууралуу чечим мыйзамсыз. Анткени, медициналык маалымкат жана маселени мен жокто карабоо тууралуу арыз бергениме карабай жыйын менин катышуумсуз өттү. Мыйзамда кароо мөөнөтү 4 ай болгонуна карабай чечимдин шашылыш чыгарылганы түшүнұксүз. Мындай кадамдар мыйзамга кайчы келет», - деп жазылган Калиеванын жообунда.

Гүлбара Калиева буга чейин өзүнө айтылган дооматтарды "негизсиз" деп, бир нече жолу түшүндүрмө берген. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда ага каршы мажбурлоо ыкмасы менен көрсөтмө алынганын айткан болчу:

«22-октябрда «Адилет соттун» жетекчиси камакка алынды. Менде анын үн менен жөнөткөн маалыматы бар. Ал «мени биздин келишимдерден сизди акча каражатын алган деп айтууга мажбурлап жатышат» деп айтууда. Басымды УКМКнын кызматкерлери жасаганын айтты. 37-жыл буга чейинки кылымдын «кара барагы». Мен 1937-жыл деп айткым келбейт. Бирок камакка эмне үчүн алат? Камакта адамга психологиялык, физикалык кысым көрсөтүп, анан чыгарат. Аны бир айча кармашты. Мүмкүн, мага койгон айып алардын көрсөтмөсү боюнчадыр. Бирок көрсөтмөлөр басым менен алынган. Себеби аны УКМК бир айдан кийин кайра өзү суранып, камактан чыгарды».

Азырынча президент Садыр Жапаров төрайым Гүлбара Калиеваны убактылуу кызматтан четтетүү тууралуу сунушту карай элек. Ал эми атайын кызмат Калиеванын качан суракка чакырары азырынча белгисиз.

Гүлбара Калиева - экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда 2018-жылдын сентябрь айында кызматка шайланган.

2020-жылдын октябрындагы саясий окуялардан кийин атайын кызматтын башчылыгына келген Камчыбек Ташиев Калиеваны кылмыш жасаганга шектелип жатканын айткан эле. Андан кийин УКМК менен Жогорку сот бири-биринин жүйөсүн четке каккан.

Сот бийлигине басымбы? Же коррупцияга каршы күрөшпү?

Жогорку соттун кызматта турган төрайымы кылмышка шектелген прецедент өлкө тарыхында алгачкы жолу болуп отурат. Муну айрым эксперттер бийликтин бир бутагына жасалган басым катары баалап жатышат.

Маселен, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков Кыргызстанда сот системасы коррупциялашканын, бийликтен көз каранды деген пикирге кошулат. Бирок, Жээнбеков Жогорку сот жетекчилигин жоопко тартуунун кесепеттерине мындай деп токтолду:

«Бул кадам - мурда сот системасы бийликке, УКМКга 90% көз каранды болсо, эми Жогорку соттун төрайымына кылмыш ишин козгоп, камай турган болсо анда сот системасын толугу менен талкалап, жок кылабыз дегенди түшүндүрөт».

Бирок, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев мындай пикирлерге кошулбайт. Осмоналиев коррупциялашкан тармактагы чоң жетекчилердин кылмышка катыштыгынын бар-жогун териштирүүнү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт.

«Үч төңкөрүш тең сот системасынын айынан болду деп баса белгилеп айткым келет. Мындай чоң кызматтагы адам жоопкерчиликке тартылып жатканы бир аз бизге өөн учурап жатат. Бирок, мыйзам алдында баары бирдей экенин тергөө иликтеп, иштин аягына чейин чыгышы керек. Бул жерден саясат издеп кереги жок», - деди Осмоналиев.

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Жогорку соттун жетекчилигин кылмышка шектелишин “коркунучтуу прецедент” деп атады. Кулов Калиеванын кызматтан алышыны, кылмышка шек саналышы үчүн айныксыз далилдер болушу керек деди.

«Жети өлчөп бир кесиш керек. Бул өтө коркунучтуу прецедент. Кылмышка катыштыгына 200% далил болушу керек. Андай болбой калса өтө чоң уят. Шектүү катары аны тергөөгө алып барууда чоң жоопкерчилик жатат. Жөн эле камоо болсо, чатак иш болот».

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG