Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Калиевага каршы иштин жаңы жагдайлары


Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Коллаж сүрөт.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Коллаж сүрөт.

УКМК Евробиримдиктин долбоору боюнча Жогорку соттун төрайымын жемкордукка айыптаган иштин буга чейин айтылбаган жаңы жагдайлары белгилүү боло баштады.

Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюму өткөргөн тендер боюнча ишти УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сегиз айдан бери иликтеп келгени аныкталды.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Евробиримдиктин бул долбоору боюнча тендерде жеңүүчүнү аныктаган тарап башка болсо жана мамлекетке келтирилди деген зыян жок экенин айтып, эмнеге атайын кызмат ага жоопкерчиликти оодарып жатканы таңкалычтуу экени тууралуу коомчулукка түшүндүрмө берди.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аны камакка алуу үчүн жетиштүү далилдер бар деп, бирок иштин жагдайын толук айткан эмес. Евробиримдиктин өкүлчүлүгү тендерди Германиянын GIZ Эл аралык кызматташтык коому баштаган уюмдардын консорциуму өткөрүп, көзөмөлгө алганын жана анда эч кандай күмөндүү финансалык көз боёмочулуктар жок экенин билдирди.

Калиева: Мага каршы көрсөтмө мажбурлоо менен алынышы мүмкүн

Башкы прокуратуранын Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берүүнү сураган сунуштамасы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына 28-декабрда келип түшкөнү тууралуу маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы 29-декабрда ырастады.

УКМК тергөө органы Гүлбара Калиеваны коррупцияга шек санап жаткандыктан аны жазык жоопкерчилигине тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама бериш үчүн Башкы көзөмөл органга өтүнүч келтиргени 26-декабрда белгилүү болгон.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат тутумун орнотуу долбоорунан коррупциялык чийимдер табылганын билдирген. Ал бул ишке Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын да тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе, ал дароо камакка алынарын жарыялаган.

УКМК бул иш боюнча башында Сот департаментинин "Адилет сот" маалымат технологиясы мекемесинин жетекчиси менен жабдууларды орноткон IT компаниянын башчысын камакка алган. Алардын бири кийин тергөө менен кызматташканы үчүн абактан бошотулган.

Гүлбара Калиеванын айтымында, атайын кызмат сөз кылып жаткан иш быйыл жазында, апрель-май айларында ачылган, өзү бул тууралуу быйыл сентябрда гана уккан, бирок ага иштин чоо-жайын расмий түрдө алигиче эч ким түшүндүрүп бере элек.

Бирок Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева ага каршы мажбурлоо ыкмасы менен көрсөтмө алынганын айтты:

«22-октябрда «Адилет соттун» жетекчиси камакка алынды. Менде анын үн менен жөнөткөн маалыматы бар. Ал «мени биздин келишимдерден сизди акча каражатын алган деп айтууга мажбурлап жатышат» деп айтууда. Басымды УКМКнын кызматкерлери жасаганын айтты. 37-жыл буга чейинки кылымдын «кара барагы». Мен 1937-жыл деп айткым келбейт. Бирок камакка эмне үчүн алат? Камакта адамга психологиялык, физикалык кысым көрсөтүп, анан чыгарат. Аны бир айча кармашты. Мүмкүн, мага койгон айып алардын көрсөтмөсү боюнчадыр. Бирок көрсөтмөлөр басым менен алынган. Себеби аны УКМК бир айдан кийин кайра өзү суранып, камактан чыгарды».

Гүлбара Калиева: Сот бийлиги кризисте
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:10 0:00

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева ыйгарым укугуна байланыштуу буга чейин бир да финансалык документке кол койбогонун, бул маселе боюнча ага чейин УКМК кайрылып, анын менен байланышпаганын билдирди.

Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн билдирүүсү

Евробиримдик “Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү” программасынын алкагында 2014-жылы укук коргоо жана сот тутумун санариптештирүүгө өткөрүү боюнча ири долбоорду колдогон. Аталган долбоордун алкагында Европа Биримдиги Кыргызстанда 2016-2020-жылдар аралыгында биринчи инстанциядагы 64 жергиликтүү сот органында “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган системасын орнотууну каржылаган.

Бул долбоор 2020-жылдын башынан тарта экинчи соттук инстанция катары таанылган сегиз сот органында ишке аша баштаган. Бул долбоордун жалпы чыгымы 350 млн. еврону түзүп, Евробиримдик аны ишке ашырууну Германиянын Эл аралык кызматташтык коомуна (GIZ) тапшырган.

Бул мекеме автоматташтырылган маалымат тутумун түзүү үчүн ачык тендер өткөрүп, программалык камсыздоону иштеп чыгуу укугун "ЦБИ" фирмасы утуп алган. Бул долбоордун ишке ашышын көзөмөлдөө жана каржылык отчеттуулукту талап кылуу милдетин Евробиримдик өзүнө калтырган.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Аскар Эркебаев Жогорку соттун бул долбоор боюнча өткөрүлгөн тендерге эч кандай тиешеси жоктугун айтып, аны ишке ашырууда тергөө кызыга турган күмөндүү жагдайлар болбогонун билдирди:

«Евробиримдик каржылаган долбоорду аткара турган компанияны тандоо боюнча тендерди Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) башында турган эл аралык уюмдардын концорсиуму ишке ашырган. Евробиримдик аны көзөмөлдөп турат. Уюмдун маалыматына караганда, «Жергиликтүү сот» системасы азыр жакшы иштеп жатат. Система аркылуу бирдиктүү реестр менен биринчи инстанциядагы 64 жергиликтүү сот иштеп келатат. Ийгиликтүү болгонуна байланыштуу долбоор экинчи инстанциядагы сегиз сотко да ишке киргизилүүдө. Программаны ишке киргизүү аракеттери уланууда».

"Тендерге биздин тиешебиз болгон эмес"

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жогоруда аталган кызматкерлер кармалгандан кийин бул долбоордун аткарылышы боюнча жана андагы атайын кызматтын шек саноосун четке кага турган жагдайлар тууралуу комментарийин жарыялаган.

Евробиримдик бул долбоорду каржылаган жана аны ишке ашырууну көзөмөлдөгөн донор уюм катары өзүнүн иш тартибине ылайык, тиешелүү стандарттардын алкагында катаал отчеттуулукту талап кылган эл аралык принциптерди карманганы менен белгилүү.

Бирок Евробиримдиктин өкүлчүлүгү чет элдик дипломатиялык корпуска киргендиктен кайсы бир териштирүүнүн негиздүүлүгү боюнча тергөөнүн жүрүшүнө баа бере албайт. Мындай учурда бул жагдай мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок өкүлчүлүк өз комментарийинде аталган долбоор ал үчүн толук жоопкерчилик алган үчүнчү тарап аркылуу ишке ашырылганы боюнча кенен-кесири түшүндүрмө берген.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева бул боюнча Евробиримдиктин жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун өкүлдөрү менен жолугушканын айтты:

«Германиядан аталган уюмдун өкүлдөрү өз кулагыбыз менен иштин чоо-жайын угалы деп келип кетишкен. Алар өздөрү көзөмөлдөп тургандыктан, бул долбоор кантип иштеп жатканын эң жакшы билишет. Евробиримдик менен 2016-жылы меморандум түзүлүп, адистер техникалык тапшырмасын жазып чыгып, анан долбоорду ишке ашырууга жооптуу GIZ уюму тендер жарыялап, өзүнүн талаптары менен жеңүүчү компанияны аныктаган. Биз ага эч кандай киришкен эмеспиз. Алар аталган долбоор боюнча каржылоону дагы түздөн түз өздөрү жүргүзгөн. Биздин бир дагы өкүлүбүз тендердик комиссияга мүчө болгон эмес. Анан дагы каржылоону карап, акча биздин эсепке түшпөсө, эмнеге бизди айыптап жатышканы түшүнүксүз. Бул маселе боюнча эмненин негизинде бизге айып коюп жатышканы белгисиз. Бул тууралуу бизге келип, түшүндүрмө берип же бизден бир сурап дагы коюшкан эмес».​


Адатта, эл аралык долбоорлордун алкагында мамлекетке келген акча каражаты же кандайдыр бир техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуулар парламент аркылуу бекитилип, өкмөт аны ишке ашыруу жана каржылык отчеттуулук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат. Бирок соңку жылдары көпчүлүк учурда Евробиримдик сыяктуу эл аралык донорлор бюджетти колдоого берген гранттардан сырткары, башка каржылык же техникалык жардамды башка бир эл аралык уюмдар аркылуу ишке ашырып келет. Бирок ошого карабай, тергөөнүн аталган автоматташтырылган маалымат тутумун орнотууда мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирилгени боюнча чыгарган айыптоо корутундусу эмнеге негизделгени белгисиз. Ага карабай УКМК сот департаментинин "Адилет сот" маалымат-технологиялар мекемеси менен жабдууну орноткон "ЦБИ" фирмасынын жетекчилерине коррупция беренеси боюнча айып коюп, аларды камакка алган.

Сотторго каршы өнөктүк же өч алуунун маалыбы?

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эми соттордун жана сот тармагынын өкүлдөрүнүн ар биринин тапкан мүлкү менен байлыгы толук текшериле турганын билдирген.

«​Биз сотторду текшерип жатабыз. Жогорку сотто 35 сот болсо, алардын дээрлик бардыгы кымбат баалуу автоунааларды минип жүрөт. Биз мына ошентип сотторго айтып жатсак, кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга эс алганы кетип калыптыр. Бул эмне деген акмакчылык? Ал боюнча териштирүү башталды. Анын эс алууга кеткен чыгымын эсептек көрсөк эле 20 миң АКШ долларына барабар экен. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук? Соттордун шубасы 5 миң доллар, өтүгү миң доллар экен. Машинеси 100 миң доллар. Эми биз алардын ким экенине карабастан катуу чараларды көрөбүз. Биз аларды тартипке келтирмейинче мамлекет оңолбойт. Биз ар бир сотту карап, текшерип чыгабыз».​

Кыргызстандагы Жарандык көзөмөл комитети УКМК төрагасынын Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу аракетин сот бийлигине басым жасоо катары айыптаган билдирүү таратты.

Анда «Камчыбек Ташиев УКМК жетекчиси катары улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип, өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланып, негизсиз жерден опузалап жатат», - деп айтылат.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова теледебатта сотторго карата текшерүүлөр өч алуу максатында тандалма негизде жүрбөшү керек экенин айтып, бардыгына текши мамиле болгондо гана адилетүүлүк болорун сунуштаган.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Бул эми баягы соттордун арасында тандалма мамиле аркылуу "тазалоо" жүрүп жатат. Мунун артында мурдагы бир кайсы бир окуяга байланышкан кандайдыр бир өч алуу максаты турушу мүмкүн. Эгерде чындап эле сот тутумун тазалоо болсо, анда жакын таанышы, илик-чатышына карабай, жергиликтүү соттордон баштап, Жогорку сотко чейин бардыгына бирдей мүлктүк люстрация болушу керек эле. УКМК жакында Осмоналиев деген судьяны кармап, "мына ошол мүлктөрүн каяктан тапты?" деген суроону койду. Бирок ошол эле УКМК төрагасынын кудасы Жогорку сотто көптөн бери судья болуп иштеп, сот тутумундагы эң бай адамдардын катарына кирет. Ошол кишинин байлыгы каяктан келди деген маселе да козголушу керек болчу. Анын декларациясында ачык эле көргөзүлүп турат. Байлыктын каяктан алынганы боюнча ал соттон дагы түшүндүрмө алынышы керек эле. Бардыгына бирдей мамиле болуп, бирдей чара көрүү керек».

Ташиевди шайлоодон четтеткен чечим

Өч алуу демекчи, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Республика-Ата-Журт" партиясынан 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн ат салышып, бирок шайлоого жакын Жалал-Абад шаарында атаандаш партиялардын биринин тарапкерин уруп салганы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү.

Буга байланыштуу Камчыбек Ташиев сот тарабынан аталган шайлоо жарышынан четтетилген. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева мына ошондо ал ишти караган соттук коллегиянын курамында болуп, ага чейинки соттук инстанциялардын чечими күчүндө калтырылган.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева мына ошол маселе өч алуу үчүн негиз болгон жокпу деген суроого мындай жооп кайтарды:

«​Чынында мага абдан таңкалычтуу болду. Мага байланыштуу маалымат чыгып калганда мен ошону эстедим. Мен анда Жогорку сотто жарандык иштер боюнча орун басар болчумун. Анда шайлоого байланыштуу талаштар жарандык иштер катары каралчу. Мен мына ошол ишти көтөрттүм. Анда 2015-жылы 2-октябрда Жогорку сотто шайлоо талаштары боюнча ишти караган экенбиз. Ошондо "Ата-Журт" партиясы БШК чыгарган токтомду жокко чыгаруу боюнча арыз берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту, кийин шаардык сот аны канааттандыруусуз калтырган. Анан биз дагы аталган чечимди күчүндө калтырган экенбиз. Ошондо экинчи иште дагы мен катышкам».


Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ага чейин ал Жогорку соттун төрайымынын орун басары болчу.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, соттор кол тийбестикке ээ жана үч бийлик бутагынын бири катары көз карандысыз иш алып барат. Баш мыйзамдын 94-беренесине ылайык, судья кылмыш үстүндө кармалгандан тышкары учурларда камакка алынбашы керек. Сот бийлигинин учурдагы абалын саясий башкаруу кризисинин туундусу катары баалагандар бар. Ошондуктан жогорку бийлик бутагы болгон Жогорку соттун төрайымына карата козголгон кылмыш иши коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып жатат.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов буларга токтолду:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

«УКМК менен Жогорку соттун билдирүүлөрүндө кызматтык этика сакталбай калды. Эки жетекчи жолугуп, сүйлөшүп туруп анан коомчулукка алып чыгышса болмок. Атайын кызматтын билдирүүсү соттун кадыр-баркын белгилүү бир деңгээлде түшүрүшү мүмкүн. Бирок жогорку бийлик бутагынын башында турган адамдын өзүнө жараша болот. Эгер Калиевага айтылган айыптоолор аныкталса, Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал жоопко тартылышы керек».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек деген пикирде.

«Бул иш УКМКнын коррупцияга каршы күрөштө сенсация жараткан элементи катары болуп жатат. Кайсы бийлик бутагынын башында турса да мыйзамдын алдында бардыгы бирдей болушу керек. Бул коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканынын далили. Ушундай ыргак менен күрөш уланса, эффективдүү жыйынтыгын берет. Ошондуктан мындай аракеттерди колдошубуз керек. Конституциялык реформанын алдында мыйзам чыгаруу, аткаруу же сот бийлиги кылмыш иштерине малынып калганынын белгисин көрүп жатабыз».

Буга чейин УКМК Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди "мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде кармап, камакка алган.

Ал эми сот департаментинин карамагына өткөрүлүп берилген «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат тутумун орнотуу долбоорундагы тендер боюнча ишти териштирүү 2020-жылы май айынын башында бирдиктүү реестрге катталып, бирок ал ишти тергөө быйыл күзгө чейин кандайдыр бир жыйынтык бербей келген.

XS
SM
MD
LG