Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

"Жанкечти" дрон: Ташкентти камтама кылган кабар


Учкучсуз дрон. Киев. 17-октябрь. 2022-жыл.
Учкучсуз дрон. Киев. 17-октябрь. 2022-жыл.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Украинага кайрылып, медиада Ташкенттин дарегине негизсиз айтылган айыптоолорду жайылтууга каршы чара көрүүгө үндөдү.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 27-октябрда Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө Өзбекстан Иран менен аскердик-техникалык чөйрөдө кызматташпай турганын билдирген.

Ташкент Киевден украин маалымат каражаттарында негизсиз айыптоолорду таратууга жол бербөөнү суранды.

"Өзбекстан Иран менен аскердик-техникалык тармакта кызматташпаганын жана өз аймагында Ирандын аскердик техникасын чогултпаганын билдиребиз. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге зыян келтире турган мындай негизсиз айыптоолордун украин маалымат каражаттарында тарашына жол бербөөгө тиешелүү чараларды көрүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул маселеге украиналык журналист Дмитрий Гордондун израилдик ишкер Леонид Невзлин менен маеги себеп болду. Анда Украинадагы согушта колдонулуп жаткан учкучсуз дрондор "Өзбекстанда да чыгарылганы" тууралуу сөз болгон.

Ютуб каналында жарыяланган видеодо Дмитрий Гордон маектешине "Израил Иран, Ирак жана Өзбекстанда дрондор чыгарылып жатат деген жерлерге сокку урушу мүмкүнбү?" деген суроону узатты.

"Өзбекстан жөнүндө эч нерсе айта албайм, ал нейтралдуу, дос өлкө. Израил ал жакта дрондор өндүрүлүп жатканын билген-билбегенин да айта албайм. Бирок билсе керек деп ойлойм. Менимче, Өзбекстандын дрондорду өндүрүүнү токтотушуна Израил менен АКШнын ультиматуму эле жетиштүү болот", - деди Леонид Невзлин.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, бийликчил “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын төрагасы Алишер Кадыров украиналык блогерлердин билдирүүлөрү негизсиз экенин, аларга катаал чаралар колдонулушу керектигин Телеграм-каналына жазды.

"Өзбекстан Орусиянын агрессиясын эч качан колдобойт. Сүйлөшүүлөрдү жана аймактык бүтүндүктү колдогон бейтарап позицияны биздин жарандар жана бүткүл дүйнө жакшы түшүнөт. Тышкы иштер жана Коргоо министрликтери бул жалааны расмий түрдө четке кагып, Гордонду кечирим суроого мажбурлашы керек", - деп жазды Кадыров.

Өзбекстандык жазуучу жана журналист Жахангир Мухаммад Ташкент-Москва "жылуу" мамилелери жана украиналык блогерлердин жанкечти дрондор тууралуу айткандары менен Өзбекстан эл аралык санкцияга илинип калышы ыктымал экенин эскертти.

"Өзбекстан нейтралдуу болом деген ниетте соңку айларда Путинге абдан чоң колдоо көрсөтүп атат. Путин учурда эч жакка чыга албай калды. Бирок Самаркандга келди. Анын союздаштары бардай көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары Орусияда канчалаган өзбекстандык Украинадагы согушка тартылып атат. Ушунун баарын чогултуп туруп, кийин Өзбекстанга санкциялар киргизилиши мүмкүн".

Ушул жылдын май айында Тажикстанда Ирандын аскердик дрондорун чыгара турган ишканасы ачылганы тууралуу кабарланган. Associated Press жаңылыктар агенттиги Тажикстан Ирандын аскердик техникасын чыгара турган биринчи чет мамлекет болуп калганын жазган.

Дүйшөмбүдөгү аскердик ишкананын ачылышы тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары байма-бай жазганы менен Тажикстандын расмий органдары жаңы дрон өндүрүшүнүн чоо-жайы, анын тажик армиясындагы болочоктогу орду тууралуу деталдуу маалымат тараткан эмес.

Эксперттер бул чечим Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө Түркиянын учкучсуз учактары келип жаткан учурда кабыл алынганын белгилешкен.

"Геранга" айланган дрондор

Белгилей кетсек, Москва соңку күндөрү украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда.

Иранда чыгарылган бул учкучсуз аппараттар бутага жетип урунганда жарылып кетет. Андыктан мындай аппараттарды "камикадзе" же "жанкечти" дрон деп атап коюшат. Ал эми Орусияда булар "Геран-2" деген атка конгон.

"Жанкечти" дрондун бир даанасынын баасы салыштырмалуу арзан, 100 миң долларга чейин турат.

Чалгын маалыматтарына караганда, Москва Тегерандан мындай дрондордон 2400 даана алган.

Орустар украин шаар-кыштактарын аткылап жаткан жанкечти дрондор.
Орустар украин шаар-кыштактарын аткылап жаткан жанкечти дрондор.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия Ирандан дрон алганы тууралуу маалыматты четке кагып, Украинада орусиялык техника гана колдонулуп жатканын айткан. Расмий Тегеран дагы Москвага дрон сатканын моюнуна албай келет.

Ал арада Reuters агенттиги Тегерандагы жогорку деңгээлдеги аткаминерлерге жана дипломаттарга таянып, Иран Орусияга учкучсуз учактар менен кошо "жер-жер" тибиндеги ракеталарды да берүүгө макул болгонун жазган.

Маалыматта Иран менен Орусиянын курал-жарак сатып алуу келишими 6-октябрда, Иран бийлигинин өкүлдөрү Москвага келген учурда түзүлгөнү белгиленген.

Ал арада Евробиримдик Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн 20-октябрда ирандык үч генералга жана курал өндүрүүчү Shahed Aviation Industries корпорациясына санкцияларды жарыялады.

Алар - Ирандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын азыркы башчысы Мухаммед Хоссейн Багери, логистикага жооптуу Сайед Хожатолла Курейши жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни.

Британия Евробиримдикке удаа эле Ирандын үч генералына жана "Шахид-136" ракетасын өндүргөн ишканага санкция салды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG