Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

COVID-19: АКШ менен Кыргызстандагы айрым окшоштуктар


Жакшылык Мурат, Чикагодо жашаган кыргызстандык ишкер.
Жакшылык Мурат, Чикагодо жашаган кыргызстандык ишкер.

Жакшылык Мурат 2008-жылдан бери Америкада жашайт. Азыр Чикаго шаарындагы Kyrgyz Community Center уюмунун ишмердигин уюштурган диаспоранын активисттеринин бири. Ал шаардагы жагдай, АКШ менен Кыргызстандагы окшоштуктар тууралуу айтып берди.

- Америкадагы бүткүл адамзат кабылган коронавирус кризиси кайсы бир деңгээлде Кыргызстандагы кризиске окшош болду окшойт, бул илдетке чалдыккандар жана андан көз жумгандар көп болду. Эки өлкөдөгү кырдаалдын окшош болушуна эмнелер себеп болду деп ойлойсуз?

- Америкага Кыргызстанга караганда бул вирус эртерээк келди. Коронавирус жаңы эле Кытайда чыкканда, Кошмо Штаттар ага дароо даярдык көргөн жок. Алгач Нью-Йорк, Нью-Жерси, Калифорнияда, андан кийин Иллинойс штаттарында кеңири жайылды. Ошондо оору тез жайылып бараткан Нью-Йорктой ири шаарларда дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздиги, Нью-Йорк мэринин федералдык бийликтен жардам сурап какшаганы мамлекеттин даяр эместигин айгинеледи.

Аралыкты сактаган адамдар. Портленд, АКШ. Август, 2020-жыл.
Аралыкты сактаган адамдар. Портленд, АКШ. Август, 2020-жыл.

Ошол жагынан Кыргызстанга окшош болду десем жаңылышпайм. Бирок Кыргызстанга салыштырмалуу, өзүңүздөр билгендей эле Америка бай мамлекет болгондуктан, бардык шарттары ылдам уюшулгандыктан жагдай тез эле өз нугуна түштү. Кризистин тереңдеп кетишине Америкага кирип-чыгып турган, өлкө ичинде тынымсыз ары-бери каттап саякаттаган адамдардын саны абдан жогору болгону да таасир этти сөзсүз.

- Акыркы аптада үч-төрт штатта болдук. Вашингтон, Калифорния, Орегон штаттарындагы ири шаарларда далай ресторандар, дүкөндөр жабык турат, элдин көпчүлүгү үйдөн иштеп жатыптыр, бир топ чакан ишканалар жабык экен. Эмне үчүн карантин чаралары ушунча узакка созулуп кетти?

- Булар коронавирустун жайылышына карап, карантин чектөөлөрүн бир нече фаза же баскыч менен жумшартып жатышат. Дароо баарын ачып койгон жок. Көп жактарда карантин толугу менен алына элек. Маселен, мектептер, университеттер, көп адам иштеген чоң офистер дале жабык бойдон. Ресторандарда эл 50% көбүрөөк толбош керек жана бир столдо 4-5 кишиден көп отурууга уруксат берилбейт.

Орегон штатындагы Портленд шаарында көп дүкөндөрдүн терезелери тактай менен жабылган. Август, 2020-жыл.
Орегон штатындагы Портленд шаарында көп дүкөндөрдүн терезелери тактай менен жабылган. Август, 2020-жыл.

Парктар дагы бир жерге 12 кишиден ашык чогулбагыла деген шарт менен ачылды. Чикагодо биринчи карантин жарыяланганда, алгачкы күндөрү көчөлөр кинодогудай ээнсиреп, эч ким эшикке чыкпай калган. Бир ай катаал карантин чаралары сакталды. Андан кийин элге деле тиричилик керек да. Акырындан көчөгө чыгып, өз жумуштарын уланта баштады. Коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактоону талап кылып жатышат. Беткап тагынып, бардык жерлерде антисептиктерди колдонушууда. Кээ бир коомдук жайларга кирээрде азыр деле дене табын өлчөгөндөр бар.

- Карантин чаралары силерге окшогон мигранттардын иштерине кандай таасирин тийгизди?

- Албетте, үйдөн иштей ала тургандар кеңселерге барбай эле аралыктан иштеп жатышат. Бул көбүнчө IT тармагында иштегендер. Мындай кырдаал кеминде бир жылга созуларын айтып жатышат. Баары жабылганда, сулуулук салондорунда, ресторанда иштегендер, такси айдоочулар жумуш жок үйдө отуруп калган күндөр болду.

Бирок Америка өкмөтү жумушсуз калгандарга, ишке чыкпай калгандарга, бизнеси жабылып калгандарга ар кандай каржылык жардам берди. Айрыкча кичи бизнеси барларга аябай чоң колдоо көрсөтүп жатат.

- АКШ өкмөтүнөн салыгын төлөп жаткан, документтери жайында болгон кыргызстандык мигранттар канча акча алды, тагыраак айта кетесизби?

- Кошмо Штаттарда салыгын төлөп келген ар бир адамга 1200, ал эми балага 500 доллардан каралган. Ошондой эле банктар насыяны төлөө мөөнөтүн 3-4 айга узартышты. Экинчи жолку төлөмүн азыр талкуулап, караштырып жатышат.

Жакшылык Мурат кызы менен.
Жакшылык Мурат кызы менен.

- Кээ бир байкоочулар Кыргызстан бийлигинин даяр эместигинен, алсыздыгынан жана билимсиздигинен улам коронавирустан каза болгондордун саны көп болгонун айтышууда. Экинчи жагынан буга элдин өз саламаттыгына жоопкерчиликсиз мамилеси дагы себеп болгону белгиленип келет. Беткап тагынгандар өзүлөрүн гана эмес, биринчи кезекте тегерегиндеги адамдарды коргойт эмеспи. Америкалыктарда дагы социалдык жоопкерчилик азыраак болду деген ой жокпу?

- Туура айтасыз. Бул жакта дагы коронавируска кайдыгер карагандар көп болду. Беткапты “дүкөнгө киргизбей коет” деп эле аргасыздан кирип баратканда тагынып алгандар көп болду. Кыргызстандагыдай эле адамдар дагы бул жерде экиге бөлүнүп калды. Вируска ишенгендер жана ишенбегендер болду. Качан гана жакындары каза болуп же катуу ооруп калганда гана вируска ишенип, ошондон кийин гана аябай олуттуу кабыл алып калышты. Азыр деле суу жээктеринде аралыкты сактабай топтошуп эс алып жүргөндөр, кафе-барларда чогулуп отургандар көп. Ошол жактардан жуктургандар көп болууда. Америкада ар бир жарандын эркиндиги баарынан жогору турат эмеспи, коомдук кыймыл-аракетти чектөө бийликтегилерге оңой болгон жок чынында.

- Расизмге каршы ири нааразылык кыймылдары болду. Портленд, Чикаго, дагы башка шаарларда ушул күндөрү да уланып жатыптыр. Ошондой акциялар дагы коронавируска каршы катаал чаралардын алынбай жатышына себеп болуп жаткан жокпу?

Негизи андай нааразылык акциялары афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин күчөп кетти. Карантинге чейин деле афроамерикалыктар арасында жумушсуздук башкалардан жогорураак болуп, мамлекеттен жөлөкпул алгандар арбын эле. Флойддун өлүмү пандемиядан улам үйдө жумушсуз калган кээ бир жардамга муктаж катмарларды көчөгө алып чыкты.

Ал кезде Чикагодо, Иллинойс штатында коронавирусту жугузуп алгандардын саны азайып, кырдаал турукташып калган. Нааразылык акцияларына карантинден улам түзүлгөн кырдаал да кошумча болду окшойт. Айрыкча кирешеси азыраак кичи бизнес ээлерине карантин тоскоолдук жаратып жатат.

Орегон штатындагы Портленд шаарында көп дүкөндөрдүн терезелери тактай менен жабылып, анти-расисттик сүрөт, плакаттарга айланган. Август, 2020-жыл.
Орегон штатындагы Портленд шаарында көп дүкөндөрдүн терезелери тактай менен жабылып, анти-расисттик сүрөт, плакаттарга айланган. Август, 2020-жыл.

- Кыргызстанда ыктыярчылар өзүлөрү уюшуп алып, утурумдук ооруканаларды, стационарларды ачып, элге жардам бергени тууралуу “кыргыздар кайрымдуулукка жакын эл экен” деген англис тилиндеги макалалар да жарыяланды. Чикагодо мигранттардын арасында дагы жаңы келип же дагы башка себептен улам кыйын акыбалда калгандарга жардам берүү уюштурулдубу?

- Чикагодогу кыргыздар март айында эле Кыргызстанда үйдө отуруп калгандарга тамак-аш, азык-түлүккө акча чогултуп жөнөтүшкөн. Анан коронавирус катуу жайылып, адамдар каза боло баштаганда Чикагодогу Kyrgyz Community Center уюму 16 миң доллардан ашуун каражат чогултуп салып жибердик. Ал жардамга Американын башка штаттарында жашаган мекендештер да салым кошту. Андан сырткары бул жактагы ар бир кыргызстандык өз айылдарына, жакындарына жардам жиберип жатышты.

- Азыр да токтобой уланып жаткан расизмге каршы акциялардан улам жеке өзүң, же болбосо кыргызстандык мигранттар арасында таанып, билгендерден кабылган расизм фактылары барбы? Сенин Америкадагы жашооң кандай?

- Жеке өзүм азиялык болгон үчүн кандайдыр расисттик кодулоо, басмырлоого эч качан кабылган эмесмин. Бул жакта негизи адамдардын өң-түсүнө карап басмырлашпайт. Америка ар түркүн адамдар жашаган мамлекет эмеспи. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу англисче билесиңби же билбейсиңби, баарына бирдей жакшы мамиле жасашат. Мигранттар курган өлкө болгондуктан сен тилди жакшы үйрөнбөптүрсүң деп деле кодулабайт эч ким.

Бирок соңку акциялардан кийин бир нерсени айта алам, бийлик органдары, полиция тарабынан бизге окшогон азиялыктарга деле абдан этият, сылык мамиле жасалып калганы байкалат.

Полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойддун сүрөтү тартылган такта. Портленд, АКШ. Август, 2020-жыл.
Полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойддун сүрөтү тартылган такта. Портленд, АКШ. Август, 2020-жыл.

Мурда деле полициячылар ар дайым сылык сүйлөп, мыйзамды бузбаганга аракеттенчү. Азыр андан жакшы болууга умтулуп жаткандай. Афроамерикалыктар дагы өзүлөрүн мурдагыдан ишенимдүү алып жүрүп калгандай сезилип турат. Флойддун өлүмүнөн кийин полиция көп жагынан абдан этият болуп калды.

Редакциядан: 30-31-август күндөрү Чикагодо жашаган кыргызстандыктар Эгемендик күнүнө карата кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, мекениндеги жардамга муктаж үй- бүлөлөргө каражат чогултаары Интернетте жарыяланды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG