Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

COVID-19: АКШда оору жуккан учурлар азая баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 20 миллион адамдан ашты. Дээрлик беш айга аяк баскан пандемия маалында 736 миңден ашуун бейтап көз жумду.

АКШ COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны боюнча дале алдыда. Кошмо Штаттарында өпкөнү сезгенткен оору 5 миллиондон ашык жарандан табылып, 163 миңден көп киши каза тапты.

Экинчи орунда турган Индияда жаңы вирус жуктургандар 3 миллион, ал эми тизменин үчүнчү сабында жайгашкан Бразилияда 2,2 миллион адам болду.

АКШда өткөн айга салыштырмалуу соңку күндөрү оору жуккан учурлар азая баштады. Бирок ушул күндөрү көрсөткүч өтө төмөндөй элек, бир күндө кеминде 40 миң адамдан COVID-19 аныкталып жатат.


Ал арада Мексика оорунун очогуна айланды. Бул өлкөдө 10-августта коронавирустан каза тапкандар 53 миңден ашты. Мексиканын өкмөтү пандемияны ооздуктап, ошол эле учурда экономиканы жандандыруу боюнча чечимдерди кабыл алганга аракет кылып жатат.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "үмүт учкуну жылтыраган учурлар" бар экенин билдирди.

Уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус оорунун жайылышын басаңдатуу үчүн дүйнө лидерлери аракет көрүп, жарандар жаңы чараларды кабыл алышы керектигин билдирди.

"Биз бул аптада СOVID-19 20 миллион адамга жугуп, оорудан 750 миңден көп бейтап каза болгон учурга жеттик. Бул сандардын артында азап-тозок, кайгы жатат. Ар бир өмүр маанилүү. Мен ушул тушта көп адам кайгы тартып турганын билем жана бул дүйнө үчүн оор учур. Бирок мен мамлекет, шаар, айыл-кыштак кайда гана жайгашпасын, үмүт учкуну жалтырай баштаган учурлар бар экенин айткым келет. COVID-19дун тарашын токтотуу эч качан кеч эмес".

Ушул тушта Европада ысык күндөр башталып, эл суу жээгин көздөй агылып жаткандыктан саламаттык сактоо адистери оорунун кайра жайылышынан чочулап турат. Бирок Германия карантин чараларын жумшартууну улантууда. Берлинде 10-августта мектептер ачылып, беткап кийип жүрүү шарты менен миңдеген балдар окууга кайтты.

Ал арада Грекия туристтер көп барган аймактардагы ресторан, бар сыяктуу жайлардын түнкү ишин чектеди. Ошондой эле Чехия баштаган бир катар Европа өлкөлөрүнөн келген туристтерден 17-августтан тартып коронавирус оору жукпаганы тууралуу маалымдама талап кыла баштайт.

Соңку жекшембиде, Грекияда оору жуккан 203 учур катталды жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Бул мамлекетте оору 5750дөй адамдан табылып, 212 бейтап көз жумду.

Бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө, маселен Пакистанда, тескерисинче 10-августтан баштап ресторандар, парктар кайрадан ачылды. Бул өлкөдө соңку апталарда оору жуккан учурлар азайган.

Оорунун очогуна айланган Австралиянын Виктория штаты дагы коронавирустун жайылышы басаңдай баштаганын кабарлады. Бул мамлекетте оорунун экинчи толкунунун айынан Мельбрун шаары кайрадан карантинге жабылган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG