Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Жакынкы Чыгыш: Газадагы кырдаал


Жакынкы Чыгыш: Газадагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Израилдин армиясы Газа шаарын толук курчоого алууну аяктап, жээкти көздөй жылды. Бул тууралуу армиянын расмий өкүлү Даниэл Хагари билдирди жана бул окуяларды ХАМАС радикал тобуна каршы согуштагы "өтө маанилүү кадам" деп атады.

Анын сөзүнө караганда, жекшембиде, 6-ноябрдын кечинде Газа секторун экиге - түндүк жана түштүккө бөлүү аяктады. Хагари Газанын жашоочуларын коопсуз жерге, аймактын түштүгүнө кетүүгө чакырды. Анын алдында Израил карапайым тургундардын чыгып кетиши үчүн бир канча саатка коридор берген. The New York Times басылмасы соңку апталарда Израил Газанын жүз миңдеген тургунун Египетке убактылуу жайгаштырып туруу тууралуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазды. Анда израилдик дипломаттар мындай аракеттерди "гуманитардык демилге" катары бир катар мамлекеттер менен талкуулаган. Сунушту АКШ жана Британия өңдүү бир катар өлкөлөр четке каккан.Согуш башталганга чейин Газа тилкесинде эки миллиондон ашык адам жашаган. Учурда алардын 1,5 миллионго жакыны жер которууга аргасыз болду. Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ири агенттиктеринин башчылары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) биргелешкен кайрылуу жасап, Газа тилкесиндеги ок атышууну чукул токтотууга чакырып, Израилдин бийлиги аны четке какты.

XS
SM
MD
LG