Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Ички каттамдар: Авиакомпаниялардын талабы жол кирени асмандатты


"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

Кыргызстанда авиа компаниялардын талабынан улам Бишкектен Баткенге, Раззаковго аба каттамдарынын баасы көтөрүлүп кетти. Ички аба каттамдарынын жол киреси кымбат экени өткөн аптада парламентте көтөрүлгөн.

"Билетти эрте алсаң деле кымбат төлөйсүң"

Лейлек районунун тургуну Айзада Мурзалиева апасын Раззаков шаарынан Бишкекке жиберүү үчүн билетти эки апта мурун алган. Ал пенсионерлер үчүн мурда берилчү жеңилдиктин жокко чыкканын да байкаганын айтты.

"15-июнь күнү апам Раззаковдон Бишкекке учту. Билетти эки апта мурда алганбыз. Эки жума мурда болгону үчүн 5700 экен. Негизи 6000 сом дешти. Апабыз пенсионер, мектепте мугалим болуп иштейт. Ал үчүн эч кандай жеңилдик жок экен. Былтыр 4200 сом болгон учурда пенсионерлерге 200 сом жеңилдик каралган болчу. Билеттин баасы, албетте, айлык менен жашагандар үчүн кымбат. Жол алыс. Кымбатына карабай эле алууга мажбурбуз".

Учурда өлкө ичиндеги аба каттамдардын эң кымбаты - Бишкек-Раззаков багыты. Бир ай мурда, каттам ачылары менен алынса деле билеттин баасы өзгөрбөйт.

“Баары тарифке байланыштуу. Негизги авиакомпаниялар кандай тариф коюп берсе, ошону менен сатабыз. Азыр билетти бир-эки жума мурун алсаң деле ошол эле баа болуп жатат. Бишкек-Ош каттамынын баасы туруктуу 3600-3950 сом. Бир күндө 5-6 жолу каттайт. Бишкек-Жалал-Абад да күнүнө учат. Бишкек-Баткен каттамы болсо 5700-5750 сомго чейин чыгат", - деп түшүндүрдү Бишкектеги авиа агенттиктердин биринин оператору Азиза.

Депутат Өмүрбек Бакиров өткөн аптада бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөн.

“Коңшу Өзбекстандын ички рейсин карап көрөлү. 8-20 долларга чейин экен. Азыр бир-эки ай мурда билет ала турган болсоңуз, Бишкек - Абу-Даби каттамы 49 евро, 4655 сом. Мына, Ош-Бишкек каттамынын баасы боюнча нааразылык чыгып жатат. Бишкектен Абу-Дабиге барган баа менен Ошко жеткен баа бирдей эле болуп жатат. Ушуларды жөнгө салышыбыз керек”.

Кыргызстанда ички каттамдар Бишкектен негизинен төрт багытка Ошко, Жалал-Абадга, Баткен жана Раззаков шаарларына учат. Мында борбор калаа менен Оштун ортосунда “Авиатрафик”, “Аэро Номад Эйрлайнс” жана “Тезжет” компанияларынын учактары каттайт. Калган үч багытта бир гана “Тезжеттин” чакан учактары учат. Буга Раззаков, Баткен жана Жалал-Абаддагы аэропорттордун учуу-конуу тилкесинин кыскалыгы себеп.

Жарандык авиациянын жообу

Жарандык авиация агенттиги Кыргызстандагы ички каттамдар авиа компаниялар үчүн киреше табууга ыңгайлуу эмес деп эсептейт. Алар Бишкек-Ош-Бишкек багытында 2017-жылы бекитилген жогорку баа 3700 сом менен иштеп келишүүдө. Ал эми Бишкек менен Баткен жана Раззаков каттамдарынын баасы быйыл майда өзгөрдү.

“Бишкек-Ош багытында каттамдардын баасы 3700, Жалал-Абадга 4000 сом. Баткенге учкан каттамдын баасы 5500 сомго көтөрүлдү. Авиакомпаниялар бул тариф рентабелдүү эмес деп көп жылдан бери айтып келишкен. Ошол себептүү бул багыттар боюнча бир да каттам учпай кала турган жагдай жаралгандан кийин бааны көтөрүүгө туура келди”, - деп түшүндүрдү Жарандык авиация агенттигинин аба ташууларын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору Айнура Молдалиева.

Мындай баа каттамдарга чыккан авиакомпания үчүн гана бекитилген. Билеттерди авиакомпаниялардан алып кайра саткан агенттиктер үстүнө өз кызмат акысын кошуп сатат. Ошондо айтылган сумманын үстүнө дагы акча кошулат.

"Авиакомпаниялар көбөйсө, баа арзандайт"

Молдалиева айткандай, билетке коюлган баанын эң көп бөлүгү күйүүчү майга коротулат. 2017-жылы бир тонна майдын баасы 72 миң сом болсо, учурда 108 миң сомго чейин көтөрүлдү. Учактарды техникалык кароодон өткөрүү үчүн да каражат көп керектелет. Агенттик ички каттамдардын жол киресин төмөндөтүүнүн бир жолу катары тейлеген авиакомпанияларды көбөйтүүнү көрүп турат. Бирок азырынча бул сунушту жактырган компаниялар боло элек.

Президент Садыр Жапаров туристтик потенциалды көтөрүү жана элге шарт түзүү үчүн өлкөнүн ички аба каттамдардын жакшыртуу керектигин айтып, аймактагы аэропортторду жаңылоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Ош, Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулса, Кербен, Талас, Каракол аба майдандарын жаңылоо иштери жүрүүдө. Кербендеги 2007-жылдан бери иштебей турган аба майдан бир айдан кийин оңдолуп бүтүп, ишке берилери кабарланды. Агенттик аэропорттордун санынын көбөйүшү менен ички каттамдарга кызыккан авиакомпаниялар чыгышы мүмкүн дейт.

"Инвесторлор чыгып, бизге кичирээк, чыгымы аз учактар алынып келсе, баанын төмөндөшү күтүлөт. Airbus, Boeing учактары 150-161 жүргүнчү ташыганга ыңгайлашкан. Алардын чыгымдары да көп. Бизде авиакомпанияларга карата эч кандай чектөөлөр жок, кызматташууга ачыкпыз. Сунуштар көп эле берилип келгени менен азырынча агенттикке кайрылган компаниялар жок", - деди Молдалиева.

Өлкөдөгү ички каттамдардын көбүн аткарган "Тезжет" компаниясы да баанын кымбатташын чыгымдардын өсүшү менен байланыштырат. Компания күйүүчү май, техникалык тейлөө, учкучтардын курамын атайын адистешкен эл аралык борборлордон даярдоо үчүн чыгым тартарын, бул жааттагы эсептешүүлөр эл аралык валюта менен болорун түшүндүрдү.

"Сизге маалым болгондой, буларга кеткен чыгым күн санап өсүп жатат. Ал эми ички каттамдардын баасы көп жылдан бери өзгөрүүсүз калууда", - деп айтылат билдирүүдө.

"Билетти арзандатуунун башка жолдору бар"

Транспорт жана жолдор министринин мурдагы статс-катчысы Максатбек Дыйканов мамлекет ички аба каттамдардан пайда табууну көздөбөшү керек деп эсептейт. Мамлекеттик авиакомпанияны түзүп, учактарды сатып алуу менен баа саясатын жөнгө салса болот деген ойдо. Ал кызматта турган учурда майдын баасын төмөндөтүү менен билеттер 500 сомго арзандаганын айтты.

“Ким ички каттамдардын баасын төмөндөтсө, көп киреше алып келген Москва, Стамбул, Үрүмчү багыттарын ошолорго беребиз деп да кызыктырганбыз. Бул жаатта аэрокеросинге болгон алым бар. Ички каттамдар үчүн бул алымды жок кылып койсо да болот. Аэропорттун көрсөткөн кызматы ички каттамдар үчүн жана навигацияныкы 50% жеңилдетилген. Ушуларды такыр эле алып салса болот. Ички рейстерден пайда табабыз дебешибиз керек. Мамлекеттин негизги милдети авиакомпанияларга шарт түзүп беришибиз керек”.

“Манас” аэропорту өткөн жылы 11 айда 4 миллион 725 миң 566 жүргүнчүнү тейлеген. Алардын 1 миллион 418 миңи ички каттамдар менен каттагандар болгон.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG