Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:39

ФБР 9/11 тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады


11-сентябрь, 2021-жыл. Нью-Йорк
11-сентябрь, 2021-жыл. Нью-Йорк

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) 2001-жылдын 11-сентябрындагы (9/11) терактка байланыштуу иликтөөсүнүн бир бөлүгүн ачыкка чыгарды. 3000ден ашык адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдун 20 жылдыгынын алдында президент Жо Байден мурда жашыруун саналган документтерди ачыкка чыгарууну тапшырган.

Ушул аптада 20 жылдыгы белгиленген АКШ тарыхындагы эң ири терактка байланыштуу документтер ишембиде жарыяланды. Ал АКШ президенти Жо Байдендин иликтөөнүн материалдарын ачыкка чыгаруу боюнча буйругунан кийин коомчулуктун назарына сунушталган иликтөөнүн алгачкы бөлүгү болуп калды. Анда 11-сентябрдагы окуяларга Сауд Арабиянын катышы болгонбу деген суроого жооп изделген.

16 барактан турган документтин айрым бөлүгү жашыруун маалыматтарды жарыялоо тартибине ылайык ачык көрсөтүлгөн жок. Бирок негизги бөлүгүндө Дүйнөлүк cоода уюмуна жана Пентагондун имаратына урунган учактарды барымтага алган жанкечтилер АКШда жашаган Омар аль-Байоми аттуу саудиялык адам менен байланышып, материалдык-техникалык жардам алганы жазылган.

Ошондой эле Сауд Арабиянын Лос-Анжелестеги консулдугунун мурдагы кызматкеринин сурак маалындагы көрсөтмөсү да камтылган. Анда аталган кызматкер терактка катышкан 19 жанкечтинин экөөсүнө жардам көрсөткөн адамдар менен байланышта болгону айтылган. Консулдуктун кызматкеринин аты-жөнү ачык көрсөтүлгөн эмес.

Бирок иликтөөдө Сауд Арабиянын аткаминерлери терактка тиешеси бар экенин ырастаган далилдер жок. Араб өкмөтү окуяга тиешеси жөнүндө шектенүүлөрдү четке кагып, документтерди ачыкка чыгарууну колдой турганын билдирген.

Бул документтердин ачык жарыяланышын 11-сентябрда набыт болгондордун жакындары талап кылып келишкен.

Алар терактка Сауд Арабиясынын расмийлери кийлигишкен деген маалыматтарга далил издеп, Эр-Рияддан кенемте талап кылышкан.

Мындай шектенүүлөргө кылмышты уюштурган 19 адамдын 15и саудиялык болгону жана ири теракты пландап, каржылаган “Аль-Каида” террорчул тобунун анабашы Усама Бен Ладендин атактуу сауд үй-бүлөсүнөн чыкканы негиз болгон эле.

Дүйнөлүк соода борборунун ордунан асманга карай кош мунаранын элеси сыяктуу жарык берилди.
Дүйнөлүк соода борборунун ордунан асманга карай кош мунаранын элеси сыяктуу жарык берилди.

ФБРдин иликтөөсүндө 11-сентябрдагы окуяга Саудия бийлигинин катышы болгон эмес деген тыянак айтылса да, терактын курмандыктарынын адвокаты Жим Крейндлер мурдагы шектенүүлөр кайсы бир деңгээлде ырасталганын билдирди:

«Бул документ ушул күнгө чейин топтолгон далилдер, «Аль-Каида» Сауд Арабиясынын активдүү колдоосу менен АКШда иш алпарганынын планын көрсөтөт»,-деп билдирген адвокат «Ассошиэйтед пресс» агенттигине курган маегинде.

2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу кандуу террор үч миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен. Апааттын курмандыктарын эскерген Нью-Йорктогу иш-чарага президент Жо Байден баш болгон бийлик адамдары, мурдагы президенттер катышты.

Жо Байден эскерүү иш-чарасында
Жо Байден эскерүү иш-чарасында

Анда жанкечтилер барымтага алган учактардан кош мунарага катары менен келип урунганы, мунаралардын кулаганы, бир учактын Пентагондун имаратына, дагы бирөө Шанксвилл талаасына кулаганы - булардын ар бирин эскерүү иретинде жалпы алты жолу аза мүнөтү жарыяланды.

Ошондой эле Нью-Йоркто окуя болору менен жетип барып, өмүрүн тобокелге салган 343 өрт өчүрүүчүнүн эрдиги да эскерилди. Кечке жуук Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун ордунан асманга карай кош мунаранын элеси сыяктуу жарык берилди.

Бул окуяга карата кайрылуусунда президент Жо Байден 20 жыл мурдагы теракттын курмандыктары унутулбасын белгилеп, америкалыктарды биримдикке чакырды:

"Биримдик биздин эң улуу күчүбүз. Биримдик деген баарыбыз бир нерсеге ишенибиз керек дегенди түшүндүрбөйт. Биз бири-бирибизге жана улутубузга терең сый-урмат көрсөтүп,ишенишибиз керек”,-деди АКШ президенти.

2001-жылдын 11-сентябрдагы апааттан кийин АКШ жана союздаштары «Аль-Каиданын» анабашчылары жашырып жүргөн Ооганстанда терроризмге каршы операция баштап, аскер киргизген.

Антитеррордук коалициянын аскерлери быйыл августта ооган жергесинен чыгып жаткан маалда Кабулду "Талибан" кыймылы басып алып, бийликти кайрадан колго алды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG