Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

Дүйшөмбү Москвадан Каюмовдун иши боюнча маалымат сурады


Орусиянын ФККсынын кызматкерлери террорчулук үчүн шектүү деп эсептелген кишини кармаган учур. 6-июль, 2013-жыл.
Орусиянын ФККсынын кызматкерлери террорчулук үчүн шектүү деп эсептелген кишини кармаган учур. 6-июль, 2013-жыл.

27-июлда Москванын Химки районунда 19 жаштагы тажикстандык жигит атышууда өлтүрүлдү.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги «террорчу» деген шек менен Москванын Химки районунда өлтүрүлгөн жаран тууралуу Федералдык коопсуздук кызматынан (ФКК) толук маалымат талап кылды. 27-июлда ФКК Москвада эл көп чогулган жайлардын бирине «пландалган террордук чабуулдун алдын алганын» жарыялаган. Атайын операция учурунда өлтүрүлгөн адамдын жанынан 19 жаштагы тажикстандык Адил Каюмов аттуу кишиге тиешелүү документ табылганы айтылган.

Шейшембиде Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Адил Каюмовдун кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу орус бийлигинен тагыраак маалымат талап кылып, кайрылганын билдирди. Москвада эмгектенген айрым тажик мигранттары Рудаки районунан келген Адил Каюмов аттуу жаранды таанышарын айтышты. Алардын бири Абдулхайр Рахимовдун айтымында, Адил Каюмов машина оңдоочу жайда иштечү.

«Эгерде өлтүрүлгөн адам биз тааныган Адил Каюмов болсо, анда анын террордук чабуулга даярданып жүргөнүнө ишениш кыйын. Тескерисинче, аны жакшы билген адамдар Адил ФКК менен кызматташарын эскертип, андан алыс жүрүүгө чакырышкан», - деди тажик мигранты.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар коомунун президенти, укук коргоочу Бахром Хамроев «шектүү террористтин» өлтүрүлүшү ФККнын мурунку операцияларына окшош экенине көңүл бурат.

«Алар мурунку операциясын эле кайра кайталап коюшту. «Жок кылынган адам Сириядагы террордук уюмдардын биринин эмиссары менен байланышта болгон» деген маалыматты кайра кайталашты. Жок дегенде өлкөнүн атын алмаштырып коюшкан жок. «Террорчу деген адам Химкидеги ээн гараждардын арасынан чыгып, террордук чабуулду ишке ашырууга жөнөгөн» деген маалыматы да шек жаратат. Эгер ал маалыматка ишенсек, анда ал автоматты көзгө көрүнбөгөндөй кылып катмак. Эгер автомат анын баштыгында болсо, анда аны атпай эле кармаш керек болчу», - деди Хамроев. Укук коргоочу «ФККнын чындыкка окшошпогон операциясы» элдин көңүлүн «нааразылык акциялардан башка жакка буруу аракети гана» деп баалады.

ФКК: Москвада тажикстандык «террорчу» жок кылынды

27-июлда ФКК тараткан маалыматка караганда, Тажикстандын 19 жаштагы жараны Адил Каюмов аны кармоо учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ок аткан. Алар болсо «шектүү террорчуну» атып салышкан.

Окуя болгон жерден тартылган видео:

ФККнын маалыматында Каюмовдун жанынан анын «террорчулукка аралашканы тууралуу далилдер табылганы» айтылат.

«Москванын Химки районундагы ээн гараждардын арасынан белгисиз адам байкалган. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп качууга аракет кылган. Окуя болгон жерден Калашников автоматы үч огу менен, эки граната алынды. Өлтүрүлгөн адамды тинткен учурда Сириядагы эл аралык террорчул уюмдун эмиссары менен байланышта экенине да далилдер табылды», деп айтылат расмий малыматта.

Дүйшөмбүдө Москвада эл көп чогулган жайлардын биринде террордук чабуул коюуну пландаган жаран тууралуу мына ушундай маалымат тарады. Билдирүүдө кармоо учурунда өлтүрүлгөн жаран Борбор Азиядан келгени, Москвада ижарага алган батирде жашап жатканы жана Каюмовдун бир тууган агасы да кармалганы айтылат.

ФКК тараткан видеодо террорчу катары өлтүрүлгөн Каюмов бир тууган инисин издеп жүргөнүн айтат.

«Мен акыркы убактарда иним Сириядагы террористтер менен байланышып жүрөбү деп шек санай баштадым. Эки жумадан бери дайыны чыкпай жаткан. Ошондуктан мен дароо Орусиянын ИИМине кабарлагам», - дейт Каюмовдун агасы.

ФКК тараткан видеодо жерде бир киши көмкөрөсүнөн түшүп жатат, анын жанында чоң баштык, баштыктын ичинде кийим-кече менен кошо гранаталар жана автоматтын ок-дарысын көрүүгө болот. Тергөө комитетинин жетекчисинин жардамчысы Ольга Врадий азырынча «укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө коркунуч келтирген» деген негиз боюнча гана кылмыш иши козголгонун, ошол эле учурда кылмышка аралашкан башка адамдар да изделип жатканын билдирди.

Буга чейин да Федералдык коопсуздук кызматы Орусиянын ар кайсы шаарларында терракт уюштуруу пландаган деген айып менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын кармаганын маалымдаган. Мындай кармоолор 2013-жылдан тартып башталган. Буга Борбор азия өлкөлөрүнүн жарандары Орусиядан Сирияга өтүп, «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп жатканы да себеп болгон.

Тажикстандык талдоочу Фаридун Ходизода Сириянын Идлиб аймагында президент Башар Асаддын бийлигине каршы согушуп жүргөндөр бар экенин, Орусия Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен бирге андай топторго каршы сокку уруп жатканын белгилейт.

«Орусиянын Сирия өкмөтүнө жардам кылганына каршы топтордун арасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандар аз эмес. Бирок алар бир да жолу Идлибдин аймагынан башка жакта теракт уюштурган эмес» - деди эксперт Ходизода.

ФККнын торуна чалынган мигранттар

Борбор азиялык мигранттар буга чейин да Орусияда террорчулукка байланыштуу айыпталып кармалган окуялар катталган.

2017-жылдын 3-апрелинде орус президенти Владимир Путин кичи мекенине барган күнү Санкт-Петербургдун метросунда жарылуу болгону кабарланган. Анда 15 киши каза таап, 50дөй киши жабыркаганы тууралуу маалымат таратылган. Орусиянын ФККсы «терактты мурда Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурганы тергөөдө аныкталды» деп жарыялаган.

Окуя боюнча Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жана Өзбекстандын 11 жараны кармалган. Алардын арасында Жалал-Абад шаарынын тургундары бир тууган Азимовдор да бар. Алардын бири шаар четинен тапанча менен кармалган. Экинчиси Ошто дарыланып жаткан жеринен табышмактуу жагдайда Орусияга жеткирилген.

ФКК анын Москванын аялдамасында чөнтөгүнө граната салып отурганда кармалган видеосун таркаткан. Азимовдор тергөөдө кыйноого туш болгонун айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Алардын бири өмүр бою, экинчиси 28 жылга кесилген.

Сирия согушу басылбай, дүйнөдө экстремизм-терроризм күчөп аткан шартта мындай кылмыштарга шектелип кармалгандардын да катары арбыды. Өзгөчө Орусияда борборазиялык мигранттар көбүрөөк торго түшүүдө. Бирок укук коргоочулар атайын кызматтын видео, пресс-релиздерине эле ишене бербөөгө чакырышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG