Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:48

Европадагы мумия, Кытайдагы таш куралдар


Мумия. Египет.
Мумия. Египет.

Мумиялар бир гана Египетте эмес, Европада да болгону белгилүү болду. Кытайда байыркы маданияттын изи табылды. Социалдык тармакка жазган посттор адамдын саламаттыгынан кабар берип турат. “Азаттыкта” соңку илим жаңылыктарынын топтому.

Дүйнөдөгү эң байыркы мумиялар табылды

Адатта маркумду мумиялоо маданияты Египетке таандык деп эсептелет. Бирок Упсала университетинин окумуштуулары бул нерсе Европада алда канча эрте калыптанган болушу мүмкүн деген тыянакка келишти.

Мындай жыйынтыкка келүүдөн мурда окумуштуулар 1960-жылдары Португалиянын Саду өрөөнүнөн табылган 13 кишинин сөөгүнүн калдыктарынын сүрөтүн изилдеп көрүшкөн. Бул сөөктөр мындан 8 миң жыл мурда көмүлгөнү буга чейин белгилүү болчу. Киши сөөгүнүн акырындык менен жок болушун изилдеп көрүп, окумуштуулар адамды жерге берүү ритуалдары кандай болгонун түшүнө алышкан. Ошентип, бул 13 сөөктүн жок дегенде бирөө жасалма мумификацияга туш болгону белгилүү болгон. Ал эми айрым сөөктөр жерге берилерден мурда кургатылып, буттары бүгүлгөн абалда коюлган. Сөөк бузулбашы үчүн аны жип же ак кездеме менен орошкон.

Мындай жосун Байыркы Египетте кеңири жайылганы белгилүү. Бирок окумуштуулар Египеттин эң байыркы мумияларына 4000 жыл болгонун, ал эми Португалияда табылган мумиялардын курагы 8000 жыл болгонуна көңүл бурушту. Бул мумификация азыркы Европанын аймагында алда канча эрте пайда болгон дегендик.

Булак: Upsala Universitet

Байыркы цивилизациянын изи

Археологдордун эл аралык тобу Кытайдын түндүгүндөгү Сямабэй аймагында казуу иштерин жүргүзүштү. Бул аймакта байыркы мезгилдерге таандык таш куралдар, ар кандай буюмдардын калдыктары жакшы сакталып калган. Табылгалар бул жерде мындан 40 миң жыл мурун башка маданият болгонун далилдеп турат. Бул жөнүндө изилдөө Nature журналына жарыяланды.

Бул маданият буга чейин илим үчүн белгисиз болчу. Бирок, эң кызыгы, Түндүк Азияга Homo sapiens адамдары мындан 40 миң жыл мурда келе баштаганы белгилүү болгон. Бирок алардын жашоо-турмушу тууралуу маалыматтар жокко эсе. Окумуштуулар бири-бирине дал келип жаткан бул эки изилдөөнү өз ара байланыштырууга үлгүрүштү.

Ал ортодо казуу иштери учурунда табылган уникалдуу таш куралдар, минералдык боёк алуу үчүн колдонулган шаймандар бул жерде маданий инновация болгонун далилдеп турат. Табылган шаймандар аркылуу бул маданияттын өкүлдөрү ар түркүн куралдарды жасай билгенин боолгоого болот. Азырынча бул маданиятка таандык адамдардын сөөгү табыла элек. Бирок кыйыр изилдөөлөр Сямабэйдин тургундары Homo sapiens адамдары болгонун көрсөтүүдө.

Булак: Phys.org

Жазган постторубуз саламаттыгыбыздан кабар берет

Социалдык тармактардагы посттор жана пикир алмашуудагы өзгөчөлүктөр психикалык жабыркоолорду аныктоого жардам берет. Бул жөнундө Дортсмунд коллежи жарыялаган изилдөөдө айтылды.

Адистер учурда 430 миллион колдонуучусу бар Reddit социалдык түйүнүндөгү постторду жасалма интеллекттин жардамы менен анализдеп көрүшкөн. Алар ачык эле депрессия болуп жатканын, биополярдык абалда экенин же тынчсыздануу менен жабыркап жатканын жазган 1997 адамдын постторун, комментарийлерин 2011-жылдан 2020-жылга чейин анализдешкен. Салыштыруу максатында альтернатива болушу үчүн дагы 1997 колдонуучу кокусунан тандалып алынган. Окумуштуулар адамдын психологиялык абалы анын пост же комментарийлеринде байкалып-байкалбашын аныктагылары келген.

Натыйжа көрсөткөндөй, эки топ тең кызуу талкуулар учурунда эмоцияга алдырып турушкан. Бирок психикалык жабыркоосу жок топтун өкүлдөрү тез эле тынчтанып, посттору да ага жараша өзгөрүп турган. Ошондой эле, психикалык бузулуу байкалган колдонуучулар позитивдүү окуяларга да пикирлерин чанда жазышкан. Көп учурда алар эмоцияларын билдирбей, жаап-жашырууга аракет кылып жаткандары белгилүү болгон.

Булак: Cornell University

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG