Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Европа: Борбор Азиянын бир нече жараны террорчулукка айыпталууда


Немис полициясы. Иллюстрация.
Немис полициясы. Иллюстрация.

Германия менен Нидерландда теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен кыргызстандык, тажикстандык, түркмөнстандык жарандар кармалды. Алар бири-бирин көптөн бери билгени, ал жакка Украинадан согуш башталгандан көп өтпөй барышканы айтылат.

Германия полициясы 6-июлда ири терактарды уюштуруу максатында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна окшош уюм түзүүгө шектелген жети кишини Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында колго түшүргөнүн билдирди.

Министрликтин сайтына шектүүлөрдүн ысымдары жарыяланды. Алардын бешөө тажикстандык, бири туркмөнстандык, бири кыргызстандык экени жазылган.

Нэнси Фезер, Германиянын ички иштер министри
Нэнси Фезер, Германиянын ички иштер министри

“Бүгүн жети кишини камакка алуу менен коопсуздук органдары исламчыл терроризмге олуттуу сокку урууга жетишти. Муну ишке ашырган бийлик органдарына, биринчи кезекте биздин министрликке жана Федералдык Кылмыш полициясына, ошондой эле чечүүчү салым кошкон ички чалгындоо кызматына ыраазычылык билдирем”, - деди Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер.

Шектүүлөр 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүргөн деп шек саналууда. Прокуратура билдиргендей, кармалган маалда алардын кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес.

Reuters агенттиги жазгандай, кармалгандардын арасында Аброржон аттуу кыргызстандыктан башкасынын баары 2022-жылдын апрелинен тарта "Ислам мамлекети" террордук уюму үчүн да акча чогултуп, бир нече ирет чет өлкөдөгү эсептерге каражат которууга да жетишкен.

Министр Фезер бул кармоолор эл аралык кызматташтыктын алкагында болгонун, Нидерландда да бир канча киши колго түшкөнүн белгиледи.

Нидерланд полициясы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Нидерланд полициясы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Нидерланддын прокуратурасы"29 жаштагы тажик жана анын 31 жаштагы кыргыз жубайы теракт даярдоого шектелип кармалганын" кабарлады. Түгөйлөр Германиядагы террорчулукка шектелгендердин тобу менен байланышта болгону белгиленген. Нидерлерандда былтыртан бери жашап келаткан тажикстандык жаран "Ислам мамлекети" террордук уюмуна да мүчө болгон деп шек саналып жатат.

Кармалгандардын соту 6-7-июлда өтөт. Аларга азыр адвокаттары менен гана байланышууга уруксат бар.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жана консулдук кармалган кыргызстандыктар тууралуу азырынча маалымат бере элек.

2018-жылы Швециянын полициясы "террорчулукту каржылоого", "теракт даярдоого" байланыштуу беш өзбекстандык жана бир кыргызстандык жаранды кармаган. Бир жылдын кийин кыргыз жараны акталып, өзбекстандыктар ар кандай мөөнөткө кесилген.

2015-2018-жылдары Европа мамлекеттериндеги бир катар шаарлардагы кол салуулардан ондогон жайкын тургундардын өмүрү кыйылган. Ал теракттардын дээрлик баарына "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

Кыргызстандын соту "Ислам мамлекети" тобун 2015-жылы террордук жана экстремисттик уюм деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG