Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

“Евробиримдик Орусияга көмөктөшкөндөрдү колдобойт”


Чолпон-Атадагы "Евробиримдик-Борбор Азия" саммитине катышкан лидерлер, 2-июнь 2023-жыл.
Чолпон-Атадагы "Евробиримдик-Борбор Азия" саммитине катышкан лидерлер, 2-июнь 2023-жыл.

Европарламенттин Кыргызстандагы медианын жана сөз эркиндигинин абалы тууралуу соңку резолюциясы кыргыз бийлигинин нааразылыгын жаратты. Бул резолюциянын чоо-жайы тууралуу анын авторлорунун бири, Европа парламентинин Германиядан шайланган депутаты Виола фон Крамон-Таубадель “Азаттыкка” маек курду.

- Саламатсызбы, фон Крамон айым! Маек курууга убакыт тапканыңыз үчүн рахмат!

- Саламатсыздарбы?! Брюсселден салам.

- 13-июлда Европа парламенти Кыргызстандагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине кысымды айыптаган резолюция кабыл алды. Алгач, Европа парламенти бул резолюция менен Кыргызстанга жана эл аралык коомчулукка кандай белги же сигнал бергиси келгенин түшүндүрүп өтөсүзбү?

- Албетте. Алгач бир жагдайды эске сала кетүү керек. Кезинде маалымат каражаттарынын жана сөз эркиндигинин абалы боюнча Кыргызстандын көрсөткүчү коңшуларына салыштырмалуу жакшыраак болчу. Бирок соңку бир жылда өлкөнүн “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингиндеги көрсөткүчү кескин начарлап кетти.

Кыргызстан дээрлик 50 орунга артка кетип, 122-орунга түштү. Бул өтө кооптондурган белги. Талаштуу мыйзам долбоорлорунун даярдалышы да тынчсыздануу жаратууда.

Мындан улам биз резолюциябызды кабыл алдык. Эгер биз чукул көйгөй бар экенин билсек, анда кесиптештерибизди кабардар кылуу жана бул өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларга жакындан көз салуу үчүн маселени Европарламентте көтөрөбүз.

- Европарламент кыргыз өкмөтүн жарандардын фундаменталдык эркиндигин, өзгөчө медиа жана басма сөз эркиндигин сыйлоого, Болот Темиров сыяктуу көз карандысыз журналисттерге, “Азаттык” өңдүү эркин медиага жана укук коргоочуларга каршы басымды токтотууга чакырган. Сиздер мындай тынчсызданууларыңыздарды Кыргызстанга резолюция кабыл алганга чейин айтып, жеткирдиңиздер беле? Кыргыз тарап Европанын мындай эскертүүлөрүнө кулак салууга дилгир экенин байкай алдыңыздарбы?

- Адатта мындай аракеттер биздин тиешелүү каналдарыбыз, Евробиримдиктин делегациясы жана биздин башка институттар тарабынан жасалат. Кыргыз бийлиги менен жакындан диалог куруу аракети болгонунан күмөн санабайм.

Бирок мындай маселени элдин алдында ачык айтканда гана майнап чыгат. Резолюция даярдалганда жана коомчулуктун калың катмарынын көңүл бурганда гана натыйжа болот.

Менимче, Кыргызстан маанилүү өнөктөш. Европа Биримдиги Кыргызстан менен алакасын тереңдетүүгө кызыкдар. Бирок маалымат каражаттарынын жана укук коргоочулардын эркиндигин камсыз кыла турган чаралар көрүлүшү зарыл.

Биз бир тараптан ВСП+ же Жалпы жеңилдиктер схемасы тууралуу келишимди ишке ашырып, сооданы күчөтүп, экинчи жактан өлкөдөгү саясий өнүгүүлөргө, медиа эркиндигинин начарлашына көз жуумп коё албайбыз.

Виола фон Крамон-Таубадель менен маектин видео версиясы:

- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясы шашылыш кабыл алынганын жана бир тараптуу маалыматтарга негизделгенин билдирди. Министрлик Кыргызстан демократияны, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө багытында ишин улантып жатат деп ишендирди. Кыргыз тараптын мындай билдирүүсүнө кандай жооп кайтарат элеңиз? Мындай билдирүүнү ырастаган кадамдарды көрө алдыңыздарбы?

- Биз өлкө жетекчилерин бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамды кабыл албоого чакырабыз. Бул зыяндуу документ жана Орусиядагы мыйзамдын көчүрмөсү. Биз демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн Евробиримдиктин стандарттарына ылайык келгендей бекемдешибиз керек.

Эгер биз кызматташтыкты тереңдеткибиз келсе, Кыргызстан аткарабыз деп убада берген бул стандарттарга көз салабыз.

Эгер Тышкы иштер министрлиги же башка министрлик чоң иш жасап жатканын далилдей алса, анда биз аны эске алууга дайыма даярбыз. Август айынын соңунда Европарламенттин миссиясы [Кыргызстанга] барат. Менин кесиптештерим өкмөттүн аргументтерин угуу үчүн жетиштүү деңгээлде даярдык менен бара турганына толук ишенем.

- Европа парламенти өз резолюциясында кыргыз бийлигин жана парламентти “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзамды артка чакыртууга, “чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр” жана “жалпыга маалымдоо каражаттары” тууралуу мыйзам долбоорлорун кайра карап чыгууга үндөдү. Бул сыяктуу мыйзам долбоорлору эмне үчүн тынчсыздануу жарата турганын түшүндүрүп бересизби?

- Бул мыйзамдар бейөкмөт уюмдарынын, көз карандысыз медианын жана укук коргоочулардын иштөө мейкиндигин жана жалпы эле жарандык коомду чектеп коет. Биз жарандарды, сынчыл көз караштагы адамдарды, укук коргоочу-адвокаттарды коргошубуз керек.

Сиз айтып өткөн мыйзамдар тууралуу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн тынчсыздануусун уктук. Алар бул мыйзамдар жарандык коомду аксатып, алардын айрым иштерине бөгөт коерун айтып жатат. Ошондуктан биз бул кадамга бардык.

Биз бул мыйзамдардын артка чакырылышын каалайбыз. Мыйзамдар автократиялык багытка бурулбай, эл аралык стандарттарга жана Евробиримдиктин стандарттарына ылайык кайра каралып чыкса дейбиз.

- Сиз резолюция долбоору талкууланган күнү Европарламентте күчтүү кайрылуу жасадыңыз. Андагы сөзүңүздө “адам укуктары жана жарандардын фундаменталдык эркиндиги сатыкка коюлбайт,” “соодадагы жеңилдиктер демократиянын минималдуу стандарттарына негизделиши керек” деп баса белгиледиңиз. Евробиримдиктин лидерлери Кыргызстан менен өнөктөштүктү дагы бекемдөөнүн жана ВСП+ программасын дагы кеңейтүүнүн шарты катары адам укуктары менен басма сөз эркиндигинин сакталышын канчалык талап кылууга кызыкдар?

- Евробиримдиктин лидерлери жана уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилери саясий көз карашына карабастан ар бир адамдын укугу бирдей сакталышына кызыкдар болушу керек. Биз Кыргызстан менен соода алакабызды күчөткүбүз келет. Бирок ал үчүн айрым бир шарттар аткарылышы зарыл. Ал шарттар биздин резолюцияда гана эмес, сиз айткан ВСП+ же Жалпы жеңилдиктер схемасы тууралуу келишимде да камтылган.

Эгер Евробиримдик Кыргызстанга Европага жөнөтүлгөн товарлары үчүн тарифтик жеңилдиктерди берүүгө даяр болсо, анда бул кыргыз өкмөтү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот.

Азыр биз Кыргызстан активдүү түрдө Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берип жатканын көрүп турабыз. Бир жагынан өлкө ичиндеги терс өнүгүүлөрдү байкап жатабыз. Экинчи жактан, Кыргызстандын тышкы саясатында да түшүнүксүз абал болуп жатат.

Маселен, Германиядан Кыргызстанга экспорттолгон товарлардын көлөмү 773% жогорулаган. Экспорт Кыргызстанда суроо-талап жогорулаганы үчүн өсүп жаткан жок. Кыргызстан орусиялык кардарлар үчүн хаб болуп калганынан улам экспорт өсүп жатышы мүмкүн.

Бул иренжитүүчү жагдай. Бул маселе эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө гана эмес, Европа Биримдигинин жетекчилеринин деңгээлинде козголушу керек.

Евробиримдик Кыргызстандагы эркиндиктин абалына кабатыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:16 0:00

- Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө жол берген мындай жылчыктарды жабуу үчүн Европа Биримдиги кандай чараларды көрүшү мүмкүн?

- Биз түрдүү жолдорду караштырып жатабыз. Азырынча чечим кабыл алына элек. Ал анык. Бирок биз бул маселени көз жаздымда калтырып коё албайбыз. Биз Орусияга жардам бергендерди колдой албайбыз. Мамлекеттин андай ниети болбосо да согушту колдогондорго көмөктөшө албайбыз.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү кайсы бир тараптардын согуштан пайда көрүүсүнө же Орусиянын Украинадагы агрессиясына көмөктөшүүсүнө жол бербеши керек. Ошондуктан Евробиримдик же уюмга мүчө мамлекеттер менен кызматташкан ар бир тарап Еврошаркеттин санкцияларын болушунча сакташы зарыл.

Бирок Кыргызстандагыдай баары көз көрүнө эле болуп жатса, биз бул маселени көтөрөбүз. Биз өзүбүздүн компанияларыбызга да чара көрөбүз. Себеби, бул кыргыз өкмөтүнүн гана мүчүлүштүгү эмес, биздин да жоопкерчилигибиз бар.

Кыргызстан, Казакстан, Армения, Түркия жана Грузия сыяктуу маселе ачык байкалган мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөшүүбүз керек. Бул көрүнүш токтошу зарыл. Биз кандай инструменттерди колдонорубуз тууралуу азырынча чечим кабыл ала элекпиз.

- Чаралар демекчи, жарандык активисттер Батыш өлкөлөрүн Кыргызстанда сунушталган “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын авторлоруна жана “чет өлкөлүк өкүлдөр” тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилерине виза бербөөгө чакырып жатат. Евробиримдик Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктеринин мындан ары начарлашын алдын алуу үчүн кандай чараларды көрө алат?

- Жарандык коомдун бизге кайрылганы жана алардын өлкөдөгү демократиянын, сөз эркиндигинин начарлашына себеп болгон адамдардын сапарларына чектөө коюуга чакырганы түшүнүктүү. Евробиримдиктин сырткы байланыштар кызматында же Европа комиссиясында бутага алынышы мүмкүн деген кыргыз жарандарынын тизмеси барбы же жокпу, аларга мүлкүн камакка алуу сыяктуу чаралар көрүлүшү мүмкүнбү же жокпу, аны мен азыр айта албайм. Мындай чаралар даярдалып жатканын же Еврокомиссия мындай кадамга барарын же барбай турганын айта албайм.

- Кезинде Батыш өлкөлөрү жана саясат талдоочулары Кыргызстанды Борбор Азиядагы демократия аралчасы деп мүнөздөп келген. Кыргыз бийлиги дале болсо өлкөдө демократия бар жана сөз эркиндиги сакталат деп ишендирип келет. Соңку окуяларды эске алганда Кыргызстан дагы деле региондогу "демократиянын аралчасы" деп айта аласызбы?

- Мен соңку 10 жылдан бери Кыргызстанга бара элекмин. Ошондуктан жеринде абал кандай өзгөрүп жатканын, Бишкекте, Ошто же башка шаарларда кырдаал кандай экенин жеке өз жолум менен далилдей албайм. Бирок мен “Фридом Хаус” жана “Чек арасыз кабарчылар” сыяктуу чоң уюмдардын фактыларына таяна алам. Ал фактылар Кыргызстан эркин эмес экенин, демократиялык өлкө эмес экенин, 10-12 жыл мурдагыдай "демократия аралчасы" эмес экенин көрсөтүп турат. Бул өтө кейиштүү жайдай.

Чөлкөмдөгү жалпы атмосфераны жана өлкөнүн таасирдүү коңшуларын эске алганда, аман калуу оңой эмес экенин сезип турам. Мындан тышкары Орусиянын Украинадагы согушунун кесепетин да түшүнүп турам.

Бирок өлкө ичиндеги биз күбө болгон өнүгүүлөрдүн Украинадагы согушка байланышы жок. Ал маселелер кыргыз өкмөтүнүн колунда. Медианын көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн, жигердүү жарандык коомго шарт түзүү үчүн, өлкөдө саясий туткундар болбошу үчүн, түрмөдө кыйноолор болбошу үчүн аракет көрсө болот.

Кыргызстан "демократия аралчасы" бойдон калышы үчүн же бул наамга кайра ээ болушу үчүн эл аралык коомчулук, эл аралык уюмдар кыргыз өкмөтү менен чогуу иштеши керек. Резолюциябыз дал ушул максатты көздөйт.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG