Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Санкцияга илинген кыргыз компаниялары


Кош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган сүрөт.
Кош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган сүрөт.

АКШ Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Алардын баары Орусия Украинага басып киргенден кийин Бишкекте ачылган. "Азаттык" "кара тизмеге" кирген бул ишканалардын чоо-жайын түшүндүрүп берет.

20-июлда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Кыргызстан менен Орусиядагы ондогон компанияга жана 18 адамга санкция салганын жарыялады. Министрликтин маалыматына ылайык, "кара тизмеге" жаңы киргизилген ишканалардын айрымдары Украинадагы согуш тилкесинде колдонулган орус курал-жарактарынан табылган технологияларды Орусияга жөнөтүп турган. Бул жолку чаралар Москваны мындай компоненттер менен жабдыган жолдорго бөгөт коюуну көздөйт.

Жаңы санкцияга туш болгон 120дан ашык компаниянын арасында Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары бар. Кошмо Штаттар алардан товар алып турган Орусиядагы ишканаларды (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) да санкциялык тизмеге кошту.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдып турган”, - деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган. Адатта "кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташа албай калат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Санкцияга кабылган компаниялардын айрымдары тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсүндө сөз болгон.

20-июлда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов санкциялык чектөөлөрдүн бузулушуна байланыштуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Украин ТИМи тараткан маалыматта элчи Кыргызстанда Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө жол берилгени тууралуу маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн чакыртылган.

"Дипломатка Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Орусияга каршы эл аралык санкциялык саясатты сактооого жоопкерчиликтүү мамиле жасалышы керектиги айтылды. Кыргызстандан аскердик техникаларды жабдууга колдонулуучу товарларды Орусияга реэкспорт кылуу Москванын Киевге каршы согушуна колдоо көрсөтүүсү катары кабылданары белгиленди", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

RM Design and Development

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, RM Design and Development компаниясы Орусиянын электроника тармагында иш жүргүзгөнү үчүн санкцияга кабылды.

Бул компания Украинада уруш башталгандан бир ай өтпөй, же былтыр 17-мартта Бишкекте ачылган. АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул компания түзүлгөндөн бери Орусияга бир эле учурда жарандык жана аскердик максатта колдонулуучу кош багыттагы товарларды жөнөтүп турган. Алардын арасында жарым өткөргүчтөр, электрондук интегралдык схемалар жана конденсаторлор бар. Кошмо Штаттар билдиргендей, бул компания жөнөткөн жүктөрдүн бир бөлүгү Орусиянын коргонуу тармагына байланышы бар ишканалардын колуна тийген.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосунун июнь айындагы иликтөөсү көрсөткөндөй, RM Design And Development былтыр апрелден тарта Батыштын санкциясына кабылган жүздөгөн кош багытта колдонулуучу технологияларды Орусиядагы “Микроприбор”, “Регион-проф”, “Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Риберг” өңдүү бир нече фирмага жолдогон.

Бир эле “Регион-проф” компаниясы Бишкектеги RM Design and Development компаниясынан былтыр апрелден октябрга чейин кеминде 500 жолу жүк кабыл алган. Алардын арасында АКШдагы Atmel микроконтроллерлери же электрондук жабдыктарды башкарууга керектүү микросхемалар болгон. Дал ушул Atmel компаниясынын микросхемалары Украинанын шаар-кыштактарын бутага алган Орусиянын аскердик техникасынан, анын ичинде согуш тик учактарынан, дрондорунан жана байланыш системаларынан табылган.

“Регион-Проф” буга чейин орус армиясы жана мамлекеттик коопсуздук кызматтары үчүн коопсуз байланыш технологияларын даярдаган Пенза электротехникалык изилдөө институтун электроника жабдыктары менен камсыздап турган. Пензадагы бул институт Евробиримдиктин да, АКШнын да санкцияларына кабылган.

“Регион-Проф” орус армиясын эч бир товар менен жабдыбай турганын “Азаттыкка” жолдогон катында белгилеген. Бул компания Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын санкцияларына кошулбаганын да эске салган.

RM Design and Development компаниясынан микрочиптерди алган орусиялык ишканалар.
RM Design and Development компаниясынан микрочиптерди алган орусиялык ишканалар.

Юстиция министрлигинин расмий реестри көрсөткөндөй, Орусияга товар жөнөткөн RM Design And Development компаниясы Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 303-үйдө же Бишкек Эркин экономикалык аймагында катталган. Расмий документте RM Design and Development компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү катары Шакир Рашидович Маров аттуу кыргыз жараны көрсөтүлгөн. Маров кезинде жергиликтүү пейнтбол клубун жетектеген. Ачык булактар Маровдун Бишкектеги ишкер Антон Рипптин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин көрсөтүп турат. Былтыр Рипп жетектеген Москвадагы “Риберг” аттуу компания да RM Design and Development ишканасынан электроника товарларын импорттогон.

Июнь айында жарыяланган иликтөөнүн алдында “Азаттык” радиосунун журналисттери Маровго Орусияга жөнөтүлүп жаткан товарлар боюнча комментарий сурап кайрылганда, ал кабарчыларды Иван Плутицкий аттуу орун басарына багыттаган. Плутицкий RM Design and Development компаниясынын Орусияга экспорту тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, алар “чакан, коомчулуктун алдына чыга бербеген компания” экенин айткан. Бул сүйлөшүүдөн кийин компаниянын веб-сайты ачылбай калган.

Антон Рипп Орусиядагы “Риберг” компаниясын эбак эле сатып жибергенин “Азаттыкка” билдирген. Бирок RM Design and Development менен болжолдуу байланышы тууралуу суроону жоопсуз калтырган.

"ГТМЕ Технологии"

“ГТМЕ Технологии” аттуу жабык акционердик коом былтыр 28-июнда Бишкекте түзүлгөн. Юстиция министрлигинин расмий реестринде компаниянын негиздөөчүсү жана директору катары кыргызстандык юрист Наргиза Марселева көрсөтүлгөн.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосу изилдеп чыккан ImportGenius, Sinoimex маалымат базаларынан алынган жана C4ADS уюму топтогон соода жана бажы документтери күбөлөгөндөй, “ГТМЕ Технологии” Батыштагы Texas Instruments, Analog Devices, Infineon, Microchip сыяктуу бир нече компаниялар чыгарган микросхемаларды, диоддорду жана башка электроника жабдыктарын Орусиядагы “Технологии, Системы и комплексы” компаниясына жөнөткөн. Муну АКШнын Каржы министрлигинин 20-июлдагы билдирүүсү да күбөлөп турат.

Журналисттер “Технологии, Системы и комплексы” компаниясынын Орусиянын мамлекеттик ишканалары же коргонуу багытында иш алып барган компаниялары менен байланышын ачык булактардан таба алган эмес.

Бирок ага товар жөнөткөн “ГТМЕ Технологии” компаниясынын Бишкектеги “Фатьянов көчөсү 43” деген юридикалык дареги кызыктуу маалыматтарды ачыкка чыгарган.

Юстиция министрлигинин расмий реестри, дал ушул даректе 2022-жылдын жазынан ушул күнгө чейин жүздөн ашуун компания жаңы катталганын, айрымдары кайра каттоодон өткөнүн көрсөттү. Расмий маалыматта компаниялардын көбү дүң соода менен алектенери, чет өлкөлүк жарандардын катышуусу бар экени айтылган. Ошондой бир топ жаңы түзүлгөн компаниянын директорлорунун же негиздөөчүлөрүнүн ысымдары орусиялык бизнесмендердин аттарына дал келерин көрүүгө болот.

Бишкектеги Фатьянов 43 дареги.
Бишкектеги Фатьянов 43 дареги.

Фатьянов 43 дарегинде катталган бир топ компанияда байланыш номери катары бир телефон номери көрсөтүлгөн. Ушул номер Орусияга Батыш технологияларын Кыргызстан аркылуу жөнөткөн “ГТМЕ Технологии” компаниясынын негиздөөчүсү жана директору, кыргызстандык юрист Наргиза Марселевага таандык. «Эркин Европа / Азаттык» радиосу июнь айындагы иликтөөсүнүн алдында Марселевага “ГТМЕ Технологиинин” ишмердиги тууралуу кайрылып, ал компаниянын артында орусиялыктар турабы деген суроону да берген.

“Биз сиздердин жоромолдорду жана суроолорду комментарий кылууга да, четке кагууга да мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анткени ишкананын коммерциялык жана маркетинг ишмердигине байланыштуу маалымат, анын ичинде кайсы бир ишкана биздин кардарбы же жокпу деген маалымат коммерциялык сыр болуп саналат», - деп билдирген эле Марселева.

Марселева Кыргызстанда фирмаларды каттоо менен алектенерин кошумчалаган. Кабарчылар ал менен жолукканда “ГТМЕ Технологии” эч кандай мыйзам бузбаганын, салыктарды төлөп, мыйзам чегинде иштеп жатканын айткан болчу.

"Прогресс лидер"

“Прогресс лидер” ачык акционердик коому 2022-жылдын 25-мартта Бишкекте ачылган. Анын директору жана жетекчиси катары Татьяна Григорьевна Иванова көрсөтүлгөн. АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына жана ачык булактарга ылайык, Татьяна Иванова - Орусиянын жараны. Ал Орусияда электроника жана оптика жабдыктарынын жана компьютерлердин соодасы менен алектенген “СиАйСи” компаниясына да ээлик кылат.

ImportGenius маалымат базасы көрсөткөндөй, Татьяна Иванова былтыр Бишкектеги “Прогресс лидер” компаниясы аркылуу Орусиядагы “СиАйСи” ишканасына кеминде он жолу жүк жөнөткөн. Ал жүктөрдүн арасында Батыш өлкөлөрү коңгуроо кагып келе жаткан технологиялар, анын ичинде микросхемаларды өчүрүп-күйгүзүүчү же коргоочу жабдыктар бар. Былтыр "СиАйСи" кабыл алган товарлардын бир бөлүгүн "Прогресс лидердин" буюртмасынын негизинде Литвадагы "Элфанта" ишканасы жөнөткөн.

Кыргыз өкмөтүнүн бюджет порталы “Прогресс лидер” үчүнчү өлкөлөрдөн товар ташып келерин жана ал үчүн салык төлөөрүн көрсөтүп турат. Бул компания азырынча комментарий бере элек.

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, “СиАйСи” жана Татьяна Иванова Орусиянын электроника тармагында иш алып барганы үчүн санкция туш болду. Ал эми Иванованын Бишкектеги “Прогресс лидер” ишканасы “СиАйСиге” каржылык, материалдык жана технологиялык колдоо көрсөткөнү үчүн “кара тизмеге” киргизилген.

“Карголайн”

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы “Карголайн” жоопкерчилиги чектелген коому чет өлкөдө жасалган, миллиондогон долларга барабар авиация жабдыктарын Орусияга жөнөткөн. Ал товарлардын бир бөлүгү АКШнын чектөөсүнө туш болгон аба компанияларына багытталган.

Андыктан “Карголайн” Орусиянын аэрокосмос тармагында иштегени үчүн санкцияга туш болгону расмий билдирүүдө жазылган.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий реестриндеги маалыматка ылайык, “Карголайн” компаниясы 2022-жылдын 25-мартында Бишкекте түзүлгөн. Анын жетекчиси жана негиздөөчүсү катары Азамат Муканбетович Алкадыров аттуу кыргыз жараны көрсөтүлгөн. Компания аба жүк транспорту менен алектенери белгиленген. “Карголайн” же анын кожоюндары АКШнын санкциясы боюнча комментарий бере элек.

Өкмөттүн бюджет боюнча порталы көрсөткөндөй, “Карголайн” үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды Кыргызстанга алып келгени үчүн “Манас” аба майданындагы бажы бөлүмүнө кошумча нарк салыгын төлөп турган. 2022-жылы кеминде 1,6 миллион сомдук, быйыл жыл башынан бери 713 миң сомдук салык төлөгөн.

Кыргыз бийлигинин билдирүүсү

20-июлда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

"АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга болот. УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалар ишкерлик жүргүзүү жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган товарлардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катышып калган болушу мүмкүн экенин белгилейт. УКМК мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган иликтөө жана тергөө иштерин баштады", - деп жазылган маалыматта.

19-июлда Экономика жана коммерция министрлиги АКШ Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө камданып жатканы тууралуу маалыматтарга комментарий берген. Министрлик быйыл Кошмо Штаттардын, Евробиримдиктин жана Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кеткен соң
экспорттук көзөмөлдү күчөтүү үчүн, анын ичинде аскердик жана кош багыттагы товарлардын мыйзамсыз агымын алдын алуу үчүн бир катар чараларды демилгелегенин белгилеген.

"Мындан тышкары министрлик Европа Биримдигинин, АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнө экспорттук көзөмөлдү жакшыртуу боюнча кеңеш берүү сунушу менен кайрылган. Биз Евробиримдиктин ыйгарым укуктуу органдарына сыртка чыгарылып жаткан товарлар боюнча акыркы сатып алуучунун сертификатын талап кылуусун сунуштаганбыз. Бул кыргыз тарап үчүн мындай товарларды сатып алуучу субьектилерге мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзмөк", - деп жазылган маалыматта.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын "Экспорттук көзөмөл тууралуу" мыйзамына быйыл, 15-февралда өзгөртүү киргизилгенин, учурда аны ишке ашыруу үчүн ченемдик актылар иштелип жатканын билдирди.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG