Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

ГРУнун башчысы санкцияга кабылды


ГРУнун жетекчиси Игорь Костюков, президент Владимир Путин, коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов (солдон оңго), Москва, 2-ноябрь 2018-жыл.
ГРУнун жетекчиси Игорь Костюков, президент Владимир Путин, коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов (солдон оңго), Москва, 2-ноябрь 2018-жыл.

Евробиримдик орус тыңчысы Сергей Скрипалды ууландырууга байланыштуу Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын же ГРУнун жетекчисине санкция салды. Аны менен кошо дагы үч орусиялык кара тизмеге киргизилди. Орус тарап жаңы санкцияларды "маанилүү эмес" деп мүнөздөдү.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 21-январда Брюсселде жыйналып, Британияда орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына жана Сирияда химиялык куралдын колдонулушуна байланыштуу жаңы санкцияларды жактырды.

Ага ылайык, төрт орус жараны жана Сириянын беш атуулу кара тизмеге киргизилип, алардын Евробиримдиктин аймагындагы мүлктөрү камакка алынмай болду. Ошондой эле тизмедеги адамдарга уюмга мүчө мамлекеттерге кирүүгө тыюу салынды.

Төрт орус жараны былтыр мартта Британияда Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын "Новичок" химиялык заты менен ууландырылышына байланыштуу санкцияга кабылган.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жаңы санкцияларга мыйзамдык негиз бар экенин айтты:

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.
Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.

- Евробиримдик бүгүнкүдөй чечим кабыл алардан мурда аларга негиз берген жагдайлар боюнча узакка созулган юридикалык анализ жүргүзөт. Андыктан биз дайыма бул тармактагы чечимдерибиздин мыйзамдуулугуна өзгөчө маани беребиз. Мен бүгүн мүчө мамлекеттер күчтүү мыйзамдык негиздердин алкагында чечим кабыл алды деп ишенимдүү айта алам.

Кара тизмеге киргизилгендердин арасында Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын же ГРУнун жетекчиси Игорь Костюков, анын биринчи орун басары Владимир Алексеев, ошондой эле Британия "Скрипалдарды ууландырды" деп айыптап жаткан ГРУнун эки агенти бар.

Расмий Лондон аталган агенттер Александр Петров жана Руслан Бошировдун атына берилген паспорттор менен Британияга келип, Скрипалдарга кол салганын буга чейин билдирген. Кийин "Беллинкат" эл аралык иликтөөчүлөр тобу агенттердин чыныгы аттары Александр Мишкин жана Анатолий Чепига экенин аныктап, алардын ГРУ менен байланышын тастыктаган документтерди таап чыккан.

Былтыр март айында Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган Сергей жана Юлия Скрипал бир нече аптага созулган дарылануу курсунан кийин бейтапканадан чыгышкан. Солсберидеги бул окуядан көп өтпөй, июнь айында Британиянын Эймсбери шаарында дагы эки британ жараны "Новичок" затына ууланып, алардын бирөө каза тапкан.

Скрипалдардын окуясына байланыштуу былтыр август айында АКШ Орусияга каршы жаңы экономикалык санкцияларды жарыялаган.

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Евробиримдиктин жаңы чараларын кубаттап, аны Кремлге берилген эскертүү катары мүнөздөдү:

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.
Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.

- Премьер-министр Тереза Мэй ГРУнун зыяндуу аракеттерин токтотуу үчүн алардын артынан түшөбүз деп айткан. Солсбериде "Новичоктун" колдонулушу абдан коркунучтуу аракет болгон. Британия менен Евробиримдиктин дипломатиялык алакасы күчтүү бойдон кала берет.

Скрипалдардын ууландырылышы Москва менен Лондондун алакасын солгундатып койгону белгилүү. Бирок Кремл бул окуяга орус тараптын эч тиешеси жоктугун билдирип келет.

Жаңы санкциялар боюнча Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгы үн ката элек.

Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евробиримдиктин соңку чечимин "маанилүү эмес" деп мүнөздөп, Британия орусиялык агенттер Скрипалдарды ууландырууга катышканын күбөлөгөн далилдерди бере электигин айтты:

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

- Эки жарандын Улуу Британиядагы бүтүн элге таанымал болгон сүрөттөрүн билебиз. Британиядагы орус жарандарынын мындай сүрөттөрү көп. Алар түз далил эмес, - деди Песков.

Евробиримдик орус атуулдарынан тышкары Сириянын беш жаранына жана бир сириялык ишканага да санкция салды. Аларга Сириядагы жети жылдан бери согуш токтобогон жарандык согушта химиялык курал колдонду деген кине тагылды.

Орусиялыктар менен сириялыктарды жаңы санкциялык тизмеге киргизүү чечими алгач 2018-жылдын октябрь айында колдоо тапкан. Бул тизмени Евробиримдикке кирген 28 мамлекеттин элчилери 16-январда жактырышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG