Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Солсбери: Полковник Мишкиндин изи


Александр Евгеньевич Мишкин - "Александр Петров".
Александр Евгеньевич Мишкин - "Александр Петров".

"Быйыл март айында Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырган" деп айыпталган экинчи орус жаранынын ата-жөнү белгилүү болду.

"Bellingcat" иликтөө агенттиги Лондон издөө жарыялаган экинчи киши – Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (Главное разведывательное управление - ГРУ) офицери, аскердик дарыгер деп билдирди.

Буга чейин өздөрүн март айында кыштын каары кете элек Солсбериге шаар көргөнү барган бейкапар турист катары тааныштырган эки орусиялыктын чыныгы тек-жайы ачылды. ГРУнун полковниги Анатолий Чепиганын ("Руслан Боширов") таржымалы буга чейин билинсе, эми өзүн “Александр Петровмун” деген экинчи киши 39 жаштагы аскердик дарыгер Александр Евгеньевич Мишкин болуп чыкты.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Мишкин 1979-жылы Архангелск облусунун Лойга деген кыштагында туулган. Орусиядагы аскердик-медициналык академияда окуп жүргөндө ГРУ менен кызматташа баштаган.

"Bellingcat" тобунун өкүлү Христо Гроздев Лондондо өткөн басма сөз жыйынында Мишкин 2014-жылы "Орусиянын баатыры" наамын алганын билдирди.

Ал 2010-жылы Москвага көчүп келип, аты-жөнүн Александр Петров кылып өзгөрткөн. Бирок өз атын, туулган жерин жана ата-энесинин аты-жөнүн ошол бойдон калтырган.

"Bellingcat" жана "Insider" агенттиктери ГРУнун офицерлеринин чыныгы аты-жөнүн ачык булактарга таянып, таап чыгышкан. ВВС маалымат кызматынын кабарчылары Мишкиндин туулуп өскөн жерине барып, айылдаштарын табышкан. Лойга кыштагынын эки тургуну Мишкинди "Bellingcat" жарыялаган жана "Петровдун" паспортундагы сүрөттөрүнөн дароо эле таанышкан.

Алардын бири Мишкин мектепте жакшы окуганын, музыкага кызыкканын жана айылда диджей болуп жүргөнүн эстеген. Журналисттердин маалыматына караганда, ал Петербургдагы Аскердик-медициналык академияда окуган.

Александр Мишкиндин паспортунун сүрөтү.
Александр Мишкиндин паспортунун сүрөтү.

Лондон быйыл мартта Солсбери шаарында орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны химиялык зат менен ууландырып, өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн жоопкерчиликти ГРУнун офицерлерине жүктөгөн.

Британиянын коргоо министри Гэвин Уильямсон 4-октябрда Брюсселде журналисттерге британ-нидерланддык иликтөөчүлөр "Орусиянын чалгын кызматы киберчабуулдарды уюштурууга, Скрипалдарды ууландырууга, малайзиялык жүргүнчү учакты атып түшүрүүгө жана 2014-жылкы Украинанын чыгышындагы жаңжалга тиешеси бар" деген тыянакка келгенин билдирди.

“Биз артка тартпайбыз. Орусия эмне кылганынын бетин ачып жатабыз. Муну менен биз келечекте андай иштердин жолун бууйбуз”, - деди британ министри.

Лондон жарыялаган далилдерге карабай, Москва Англиядагы окуяга тиешеси жоктугун кайталап жүрөт. Өткөн аптада президент Владимир Путин эл аралык жыйынга катышып жатып, журналисттин суроосуна жооп берүүгө аргасыз болгон.

“Силердин кесиптештер Скрипаль мырзаны "укук коргоочу" дегенге чейин барышты. Ал болгону тыңчы. Саткын. Ал бузуку" - дегенде залда отургандар анын сөзүн кубаттап кол чабышкан.

Путиндин айтымында, Скрипаль менен анын кызынын ууланышынын тегерегиндеги тыңчылардын чыры "атайылап көбүртүп-жабыртылып” жатат.

Орус президенти буга чейин Британия кылмышка шектүү деп эсептеген "Александр Петров" менен "Руслан Бошировду" "жөнөкөй жарандар" деп ырастаган.

Ушул тапта Орусиянын чалгын кызматына доомат күчөдү. Өткөн аптанын этегинде Батыштын беш өлкөсү ГРУну хакердик кылмыштар боюнча айыптап, Москвага басымды күчөттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG