Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Энергетикадагы кризис: Майнинг ферма токту кайдан алат?


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин майнинг компаниялар керектеген электр энергия тууралуу билдирүүсү талкуу жаратты. Ал Кыргызстандагы жалгыз майнинг компания токту Казакстандан өзү түз алып жатканын айткан. Казакстандын Энергетика министрлиги муну четке какты.

Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстандагы майнинг фермаларга берилип жаткан электр энергиясы тууралуу тараткан түшүндүрмөдө ток коңшу өлкөнүн мамлекеттик мекемесине сатыларын, кыргыз тарап андан ары кандай таратарын өзү чечерин билдирди. Коңшулардын мындай маалыматынан кийин Ибраев аталган компания Казакстандан эмес, Орусиядан сатып аларын айтып, анын эки ача билдирүүсү сынга кабылды.

Министрдин билдирүүсү, Казакстандын жообу

Майнинг фермаларга байланыштуу маселе парламенттин 6-марттагы жыйынында көтөрүлгөн. Бир катар депутаттар энергетикадагы азыркыдай кыйчалыш абалда токту көп керектегин мындай компаниялар иштеп жатканын сынга алышкан. Анда энергетика министри Таалайбек Ибраев ал майнинг ферма Казакстандан электр энергиясын түз сатып алып жатат деп маалымат берген.

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

"Алар электр энергиясын Казакстандан импорттоп алып келет. Бул жеке бизнес деп аталат. Эгер ошол ишкерге биз электр энергиясын бере албасак, өзү барып Казакстандан келишим түзүп алса биз эмне кылабыз? Биз, "Улуттук электр тармактары" алардан Кыргызстандын ичинен транзит кылып бергенибиз үчүн гана тыйыныбызды алабыз. Экинчиден, алар жумуш орундарын түзүп жатат. Алар системадан электр энергия алган жок. Ага биз эч кандай тоскоолдук кыла албайбыз".


Мындан көп өтпөй, 7-мартта Казакстандын Энергетика министрлиги Таалайбек Ибраевдин бул сөзүнө комментарий берди. Tengrinews.kz басылмасы тараткан маалыматта коңшу өлкө электр энергиясынын Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерине сатары, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз тарап өзү чечери жазылган.

Анда экспорттук жеткирүүлөр Кыргызстандын Токтогул ГЭСинде жетиштүү суу чогултуу үчүн зарыл болуп жатканын, бул сугат мезгилинде өлкөнүн түштүгүн суу менен камсыздоо үчүн маанилүү экендигин белгилеген. Анда Казакстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын баарын экспорттоо-импорттоону Кыргызстандын "Электр станциядлары" ишканасы жалгыз ишке ашырары жазылган.

“Казакстандын жана Кыргызстандын суу чарба жана энергетикалык мекемелеринин жетекчилери 2023-жылдын 25-августунда суу-энергетикалык кызматташтык боюнча келишимдерге жетишкен. Ага ылайык, 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын апрелине чейин Казакстандан Кыргызстанга 1500 миллион кВт/саатка чейинки көлөмдө электр энергиясын жеткирүү каралган. “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдоо боюнча эсептик-финансылык борбор” жоопкерчилиги чектелген шериктештиги ("Жаңартылатын энергия көздерін қолдау жөніндегі қаржы-есеп айырысу орталығы", Казакстан) менен “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун (Кыргызстан) ортосунда электр энергиясын Казакстандагы Бирдиктүү энергетикалык системасында өндүрүү профицит болуп жаткан маалда сатуу тууралуу келишим кабыл алынган. Электр энергиясын Кыргыз Республикасынын энергосистемасынын ичинде андан ары бөлүштүрүү Кыргызстандын энергетиктеринин гана ички компетенциясына кирет”, – деп айтылат Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматында.

Кеминдеги майнинг ферма. Июль, 2023-жыл
Кеминдеги майнинг ферма. Июль, 2023-жыл

"Казакстандан эмес, Орусиядан сатып алууда"

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бул билдирүүгө 7-мартта түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду. Анда Кыргызстандагы майнинг ферма электр энергиясын Казакстан аркылуу Орусиядан сатып алып жатат деп баштапкы сөзүнө түзөтүү киргизди.

"Казакстан менен биздин "Электр станциялары" ишканасынын ортосунда келишим бар. Алар туура белгилешти, ал Токтогулдагы сууну сактоо үчүн керек. Бизде жалгыз эле майнинг ферма бар. Алар болжол менен 30 мегаватт электр энергиясын керектейт. Ал электр энергиясын Орусиянын "Интер РАО" ишканасынан Казакстан аркылуу алат", - деди Ибраев.


Парламенттин 6-марттагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева энергетикадагы таңкыстык маалында майнинг фермалардын иши токтошу керектигин билдирген. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун айткандарын дагы эске салган.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

"Биздин президентибиздин 2023-жылы августта айткан сөздөрү бар. Анда электр энергиясында тартыштык болгондо майнинг фермалар токтотулушу керек деп айткан. Ошо сырттан алып келип жатат деген жооп кызыктай болуп жатат. Жеке компаниялар, биз аларга тоскоолдук кыла албайбыз десеңер анда мен Камчыбек Ташиевден суранам. Жардам берсин. Ал ишкерлер менен кантип сүйлөшүү керектигин, алардын тилин жакшы билет. Эгер сиздин тилиңиз аларга өтпөй жатса, алардын ишин токтотуп туруп, ошол электр энергиясын аймактарга жөнөткүлө. Ал жакта бизнес иштей албай калды. Жеке компаниялардын баары коркконунан эч ким арызданбайт. Сиздер балким президентке башкача айтып жатасыздар, бирок түн ичинде региондор караңгы. Аялдар жазып жатат, "биз экинчи, үчүнчү нөөмөттө окуган балдарыбызды тосуп алып жатабыз" деп жазып жатышат".

Кеминдеги майнинг ферманын чоо-жайы, энергетикадагы кризис

“Азаттык” былтыр июлда “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген видео иликтөө жарыялаган.

Анда жыл башынан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алганын аныктаган. 2,2 гектар жерди ээлеген “Соларкоин” майнинг фермасына жогорку кызмат адамдарынын байланышы тууралуу маалыматтарды таап чыккан.

Көп өтпөй Садыр Жапаров бул иликтөө тууралуу комментарий берген. “Кабар” агенттигиндеги маегинде майнинг ферма иштеп жатканын бышыктаган. Анда майнинг фермага мамлекет электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Садыр Жапаров Камбар-Ата 2 ГЭСинде да майнинг фермага иштөөгө уруксат берилип жатканын билдирген.

Ал майнинг фирмалар тууралуу соңку маалыматтарга, сын-дооматтарга азырынча жооп бере элек.

7-мартта Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясы эң көп керектелген маалдарда аны колдонууга чектөө киргизизилип жатканын билдирди. "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган соңку маегинде муну "келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керектигин" айтты.

Ушул тушта Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында электр жарыгы күнүгө бир, айрым учурдарда бир нече маал кеминде эки-үч саатка өчүрүлүп жатат. Буга байланыштуу нааразылык дагы айтыла баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG