Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:14

Энергетика: Кырдаал курчуп, өкмөт жарыкты үнөмдөөнү эскертти


"Азаттыктын" коллажы.
"Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстандагы энергиянын чордону саналган "Токтогул" суу сактагычындагы суунун көлөмү соңку жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүчкө жетти. Эгерде суу 6,5 млрд куб метрден төмөн түшсө, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.

Ушундан улам Энергетика министрлиги эртең менен жана кечинде үй жылыткан жабдыктарды өчүрүп, энергияны сарамжалдуу колдонууга чакырды.

Соңку бир айдан бери аймактарда маал-маалы менен жарык өчүрүлүп жатат деп абоненттер нааразылык билдирип жатышат.

"Күнүнө бир-эки маал өчүп жатат"

Соңку бир аптадан бери Баткен облусунда электр энергиясы чектелип, тургундар эртели-кеч бир сааттан жарыксыз калууда. Тургундар мындай чектөөлөрдүн так убактысы айтылбай, калктын күндөлүк жашоосун оорлотконун айтышты.

Жаңы-Жер айылынын тургуну Гыламидин Абдиев мындай дейт:

"Бир нече күндөр бери эртең менен жана кечинде жарык өчүп жатат. Алдын ала айтып турушса, даярданып алат элек. Үйдө улгайып калган кишилер, балдар да бар. Кичине кыйынчылык болуп калат. Белгиленген бир убакытта чектесе, ошого карап иш кылат элек".

Биз сүйлөшкөн Нарын, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун тургундары да соңку 10-15 күндөн бери өчүрүү болуп жатканын айтышты. Мында чектөө кеч кирген маалга туш келип жатат. Мисалы, 4-мартта Нарындагы Жумгал районунун энергетиктери беш айылда 18:10дон тарта бир жарым саат жарык жок боло турганын эскерткен билдирүү тараткан. Чүйдө жана Бишкектин айрым жерлеринде да энергияга чектөө жүрүп жатканы социалдык тармактарга жарыяланууда.

Эксперттер бул абалды маал-маалы менен өчүрүүлөр десе, Энергетика министрлиги муну авариялык өчүрүүнүн алдын алуучу чаралар деп түшундүрдү. Кырдаалды кандай аташса да, соңку 10 күндөн бери өчүп атканы факт.

“Улуттук электр тармактары” ишканасынын директору Алтынбек Рысбеков 4-марттагы маалымат жыйынында төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

Алтынбек Рысбеков.
Алтынбек Рысбеков.

"Жер-жерлерде анча-мынча өчүрүүлөр керектөөнүн өсүп кеткенине байланыштуу болуп жатат. Бул жабдуулардын кышка даярдыгы начар дегенди түшүндүрбөйт. Электр энергия ашыкча колдонула баштаганда автоматтык түрдө өчүп атат. Ошол жабдууларыбызды керектен чыгарып албайлы деген таризде иштер жүрүп жатат. Ар бир жабдууга башыбыз менен жооп беребиз. Биздеги тарифтер социалдык болуп эсептелет. Биз электр энергиясын өз наркынан төмөн сатабыз".

Энергетика министрлигинин планы боюнча, март айында бир күндүк керектөө 54 млн квт сааттан ашпашы керек эле. Бирок 3-мартта бул көрсөткүч 69 млн. квт саатка чейин чыккан. Мекеменин маалыматында, лимит бир гана Сүлүктү шаарында сакталып жатканы айтылат. Буга ал жердеги көмүр кени себеп болушу мүмкүн.

Соңку жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч

Жер-жерлердеги өчүрүүлөр Кыргызстандагы энергиянын негизги булагы саналган "Токтогулдагы" суунун көлөмүнө байланыштуу болуп турат. 4-мартка карата суунун көлөмү 7,7 млрд кубга чейин түшүп кеткен. Бул соңку төрт-беш жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. 2021-жылы ушул маалда 9,4 миллиард куб метр суу бар болсо, андан кийинки жылдарда да “Токтогулдагы” суу 8 млрд кубдан ылдыйлаган эмес.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү.

Energo.esep сайтындагы маалыматка караганда 19-февралдан тарта 4-мартка чейин эле "Токтогулдагы" суунун көлөмү 8 миллиард 513 миллион кубдан 7 миллиард 753 миллион куб метрге чейин түшүп кеткен. Эксперттер буга күндүн сууктап кетиши жана Бишкек жылуулук борборундагы авария себеп болгонун божомолдоп жатышат.

Талайбек Байгазиев.
Талайбек Байгазиев.

"Суу сактагычтагы суу 6,5 млрд куб метрге жетсе, анда ГЭС авариялык абалга кептелет. Эгер керектөөлөр ашыкча боло берсе, анда биз чектөө киргизүүгө мажбур болобуз. Ушундан улам эртең менен жана кечинде жылытуу жабдыктарын өчүрүп, энергияны үнөмдүү колдонууңуздарды өтүнөм. Биз күнүмдүк 54 млн квт саат лимиттен чыкпоого аракет кылышыбыз керек. Эгер коңшулар бизге берип жаткан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүп берсе, суу сактагычтагы суу 7,5 млрд куб метрден төмөн түшпөйт".

Энергетика министрлиги күндүн жылышына жана сырттан импорттоло турган электр энергиясына үмүт артып тургандай. Мындан тышкары белгиленген лимитти сактап, өздөрү атаган "авариялык өчүрүүнүн алдын алуучу чаралар" аркылуу быйылкы жылытуу сезонунан чыкканы турат.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Үмбөталиев суунун азыркы көлөмү кийинки жылга да таасир этиши мүмкүн деген ойдо.

Расул Үмбөталиев.
Расул Үмбөталиев.

"Жыл сайын 1-октябрда "Токтогулдагы" суу 15 млрд. кубдан аз болсо, анда кийинки жылга коркунуч жаралат. Жылытуу сезону бүтө элек. 15-апрелге чейин суук болушу күтүлүп жатат. Демек, электр энергиясын колдонуу күчөп, суу сактагычтагы суу дагы азаят. Биз кышка кирип атканда импортко ишенип алганбыз. Бирок Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда суук болуп, алар бизди толук кандуу камсыздай албай калды. Ошон үчүн "Токтогулдан" сууну агызууга мажбур болдук".

Негизи кыштан жылуу-жумшак чыгуу үчүн 16-17 млрд. м3 суу керектелет. Экологиялык өзгөрүүлөрдүн фонунда мындай көлөмдү топтош мүмкүн болбой баратат. Ушундан улам жалгыз гана "Токтогул" ГЭСинин көзүн карап отуруу жыл өткөн сайын кооптуу дейт айрым адистер.

Кыргызстандагы энергетика тармагына 2023-жылдын 1-августунан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Министр Таалайбек Ибраев режим жаңы чакан ГЭСтердин, күн станциялардын курулушун тездетүү максатында киргизилип жатканын айткан. Анткени өзгөчө кырдаал режими учурунда министрликтин укугу кеңейип, жер тилкесине, сууга байланыштуу чечимдерди өз алдынча кабыл алса болорун кошумчалаган.

Бир нече жылдан бери жер-жерлерде чакан ГЭСтердин курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары Бишкек шаарында жылуулук борбору курула турганы да айтылды. Жаңы ЖЭБ "Айыл чарба машиналарын куруу” заводунун ордуна түшүп, болжол менен 100 МВт электр кубаттуулугуна жана 200-300 МВт жылуулук кубаттуулугуна ээ болот.

Мындан тышкары Бишкектин четиндеги Селекция айылында жайгашкан ЖЭБ-2 жылуулук борборун ишке киргизүү боюнча дагы бир чоң долбоор пландалып жатканы кабарланды.

Ал ишке кирсе 110 МВт электр кубаттуулугуна жана 170 МВт жылуулук кубаттуулугун түзүшү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG