Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Ыш көйгөйү: Өкмөт Бишкектин абасын кантип тазалайт?


Бишкектеги ыш: Эски машине, сапатсыз көмүр, коомдук транспорт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00

Бишкектеги ыш: Эски машине, сапатсыз көмүр, коомдук транспорт

Бишкектеги ыш маселеси кыргыз бийлигинин баш оорусуна айланды. Аткаруу бийлигинин 20-январдагы республикалык кеңешмесинде бул көйгөй талкууланып, шаар бийлигине жана министрликтерге бир катар тапшырмалар коюлду.

Өкмөттүн тапшырмасы

Кыргыз өкмөтү Бишкекти ыштан арылтуу үчүн шаардагы автоунаалардын кыймылын азайтуу керектигин айтып жатат. Республикалык кеңешмедеги чечимге ылайык, Бишкек мэриясы жыл ичинде газ менен жүрүүчү 500 автобусту алып келип, шаар ичиндеги маршруттук кичи автобустарга алмаштырат. Андан тышкары аймактан келген унаалардын шаарга киришине тыюу салынат. Алар машинасын Бишкектин сыртындагы жайларга токтотуп, андан бери коомдук транспорт менен келиши керек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги жол кыймылын азайтуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

"Бишкекке транзит кирбеши керек. Айланып өтсүн... Эки аптанын ичинде жолдор боюнча карап чыгып, сунушуңузду бериңиз. Бишкектин кайсы жеринде абанын кирдеши 500дү көрсөтүп жатса, ошол аймакта катализатору жок автоунаалар жүрбөсүн! Бишкектин тургундарынын канча машинеси бар, тактап аныктап чыккыла. Бөлөк жактан келген машинелердин баарына шаардын кире беришине "тузактарды" койгула. Азыр биз 1,5 миң автобус алсак, элдин баары шаарга кире бериште машинесин унаа токтотуучу жайга токтотуп коюп, автобус менен Бишкектин ичине кириш керек. Канча киши Бишкекке келем десе, ар бири бирден машине айдап алып келип жатпайбы".

Бишкекте соңку жылдары кыш келген сайын ыштын капташы, абанын кирдегени негизги маселелердин бири болуп жатат. Анткени борбор калаа дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун тизмесинин сап башына көп чыкчу болду. Абадагы зыяндуу РМ 2,5 бөлүкчөлөрү кооптуу көрсөткүчкө жетүүдө.

Расмий маалыматка караганда, акыркы төрт жылда абага бөлүнүп чыккан уулуу заттар 9,9% өскөн. Анын ичинде абаны булгаган күкүрттүн кош кычкылы (ангидрид) 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15,1 миң тоннага чейин жеткен.

Адистер Бишкектин абасынын булганышын сапатсыз көмүрдөн жана автоунаалардан чыккан түтүндөн көрүшөт. Бишкек мэриясы көмүр көп керектелген жаңы конуштарда газдаштыруу иштерин улантып жатканын айтып, алдыдагы эки жылда 47 конуштун баары газ менен камсыз болот деген убада берди.

Экология тармагындагы изилдөөчү Бермет Бөрүбаева бул маселени ар кандай чектөөлөр, тыюулар менен чечүүгө болбойт деп эсептейт. Анын пикиринде, аймактан келген унааларды шаарга киргизбей коюу менен Бишкекке каттап иштегендерге ыңгайсыздык жаратат.

"Өкмөт тыюу салгандын ордуна башка жолдорду сунушташы керек. Мисалы, үйдү жылуулоо үчүн жарандарга чакан кредиттерди уюштурса болот. Азыркыдай абалда көп үйлөр жакшы жылууланбай, жагылган көмүр, газ жана электр энергиясы көп коротулуп жатат. Коомдук транспортту, айрыкча троллейбустарды көбөйтүп, каттамдарын ыңгайлуу кылганда өз автоунаасы менен жүргөндөр азаят. Велосипед айдагандарга да шарт түзүлүшү абзел. Абанын булганышына жерлердин мыйзамсыз же талаптагыдай эмес шартта берилиши, курулуштардын ой-келди түшүп жатышы да таасир берип жатат. Бул тармакта комплекстүү иштер жүрүшү керек".

Эколог-активист Влад Ушаковдун пикири боюнча Бишкектин экология маселесин чечүү үчүн аны жалпы карап, комплекстүү иштер жасалышы керек. Абанын булганып жатышына эскилиги жеткен автоунаанын өлкөгө кирип жатышы, сапатсыз майлардын сатылышы, Бишкектеги таштанды жайдын өрттөлүшү, шаар ичиндеги суулардын боюна, жашыл зоналарга имараттардын курулуп жатышы да түрткү болуп жатат дейт ал.

"Бул маселеде тыюу салуулар эч кандай жардам бербейт. Бизде тоскоол болгон иштерди жасап көргүсү келет. Аймактан келе жаткан жаңы автоунаа эмне үчүн шаарга кире албашы керек? Андан көрө шаарда текшерүү иштерин жүргүзүп, кара түтүн чыгарып абаны булгап жаткан эски унааларды айып аянтчасына киргизүү керек. Коомдук транспортто да башка өлкөдөн эскилиги жеткени үчүн чыгарылган унаалар каттап жүрөт. Мэрия коомдук транспортту жакшыртса, көпчүлүк өз унаасынан баш тартууга даяр деп ойлойм", - деди Ушаков.

Өкмөт борбор калаадагы абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн бир катар планын жарыялаган. Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова төмөнкүдөй иштерди тизмектеген:

  • Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдү байытып, аны брекеттей турган фабрика куруу. Долбоордун алгачкы этабы 2023-жылы ишке ашат.
  • Бишкектин борбордук бөлүгүнө “жашыл аймак” түзүп, алгач электр энергиясы менен жүргөн 200, анан 500, соңунда 1000 такси коё берүү. Долбоор 2023-жылдын биринчи кварталында пилоттук негизде башталмакчы.
  • «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын от казандарын толугу менен газга өткөрүү. Азыр алардын көбүндө көмүр жагылат.
  • Бишкек шаарын жашылдандырып, бакчалардын санын көбөйтүү.
  • Кыргызстандын аймагында К3, К4 классындагы күйүүчү майды өндүрүү жана сатууга тыюу салуу.
"Түтүн": Ыш уулаган жүрөктө кайсы сүйүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:38 0:00

Президент Садыр Жапаров 2020-жылы Глазго шаарында глобалдык саммитке катышып, Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартууга аракет кыларын жар салган. 2021-жылы 19-мартта Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” деп аталган жарлыгы чыккан. Документте Министрлер кабинетине 7 бөлүктөн турган 30дан ашуун сунуш берилген.

Меши жок, ышы жок, жылуу үй
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:39 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG