Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

"Элди алаксытуубу же...". Министрдин камалышы суроо жаратты


 Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 48 саатка Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал 28-сентябрда пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүүсүндө, учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенүүдө.

ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар кийин берилери белгиленген.

Министрликтин 29-сентябрда тараткан билдирүүсүндө Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганы кабарланды. Бул убакыт ичинде сот анын бөгөт чарасын карашы керек.

Билим берүү жана илим министри кармалган жагдай тууралуу президент Садыр Жапаров кабардар экенин анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын белгиледи.

Бул маселе 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү.

"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев министрдин пара менен кармалды делген видеосу музыка менен шөкөттөлүп, коомчулукка таратылганын сынга алды жана буга байланыштуу өкмөткө кайрылды.

"Кыргыз коомчулугунда чоң, резонанстуу иш болду. Мен Министрлер кабинетине кайрылайын деп жатам. Эгер кайсы бир министр пара талап кылып, акча алган болсо ал жазасын алышы керек. Бирок видеого тартып, музыка коштоп, бизнесмендерди, министрлерди кармаганды качан токтотобуз? Билим берүү министри пара менен кармалган күндө дагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик идеология болушу керек да. Бүгүн эртең менен миниистрдин колун кайрып кармап кеткенин көргөн миңдеген мугалимдин маанайы түштү. Пара алган, акча алган күндө дагы, аны чакырып туруп, аны видеого тартып, музыка коштоп шоу кылып чыгарбай эле "ката кетирдиң, жумушуңдан кет" десе болот эле да. Ошол мугалимдер шалдайып отуруп калды, алар азыр кантип барып балдарга акыл үйрөтөт?",-деди депутат.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Эмил Токтошев дагы министр кармалган окуя дыкат иликтениши керектигин айтып, төрагага кайрылды. Спикер Талант Мамытов прокуратурага протоколдук тапшырма берилерин билдирди.

Алмаз Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин башына 2021-жылдын октябрь айында келген.

Андан бери бул тармакта бир катар реформаларды өткөрүүнүн аракетин көрүп жатканын айткан. Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директорун алмаштыруу, жогорку окуу жайларды бириктирүү сыяктуу процесстер башталган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Бейшеналиев тараптан комментарий боло элек.

Алмазбек Бейшеналиевдин кармалганы тууралуу видео социалдык тармакта ар кандай реакцияларды жаратты. Айрымдар жаш министр бийликтеги ажырымдын курмандыгы болду десе, айрымдар билим берүүдөгү мафиянын өч алуусу катары баалап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG